Израил Ливанга чабуулун токтоткон жок. Израил армиясынын кол башчысы Дан Халуц билдиргенге караганда, Ливандагы израилдик аскерлердин саны үч эсеге көбөйтүлдү. Анын айтымында, Ливанга каршы аскердик операциялар жок дегенде бир жумага чейин созулат. Израил бийлиги эл аралык бейпилдик күчтөр киргизилгенде анын аскерлери Ливандан чыгарылат деп ишендирүүдө.
Чолпон Орозобекова, Прага
Чолпон Орозобекова, Прага