Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

ЛИВАНДА АТЫШУУЛАР ТОКТОДУ


Төрөкул Дооров, Прага Жакынкы Чыгыштагы атышууларды токтотууну талап кылган Бириккен улуттар уюмунун резолюциясынан кийин, бүгүндөн тарта Түштүк Ливанда атышуу чын эле токтоду. Бирок мындан ары чын эле тынчтыкты бекемдеш үчүн азырга чейин дипломатиялык аракеттер толук бүтө элек.

Ливанда бир айдан ашык убакытка созулган атышуулар бүгүн таңга маал да уланып жатты.

Бирок буга чейин белгиленгендей, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00 де айлана жымжырт боло түштү. Анткени Улуттар уюмунун резолюциясына ылайык, дал ушул убакта калаба токтотулушу зарыл болчу.

- Биз азыр ок-атууну токтотуу фазасына өтүп жатабыз. Атышкан жетишет эми. Кагылышуулар чын эле токтойт ко деген үмүт чоң. Баарыңар айланага сак болуп тургула, анткени “Хезбалла” келишимди бузуп, ок чыгарып жибериши ажеп эмес. Андай болсо, азыр Түштүк Ливанда жүргөн биздин аскерлерге жардам керек болуп калат, - деди радио аркылуу израилдик офицерлердин бири, өзүнүн аскерлерине буйрук берип жатып.

Ушундай эле аракеттерди “Хезбалла” да өзүнүн күчтөрүнө буйруду. Жалпысынан 34 күнгө созулган конфликттен Ливанда 1 100 дөй адам набыт болду, Израилде болсо 154 киши өлдү.

Бирок чындап эле ушуну менен атышуулар токтойбу?

Бул суроого жооп да азырга чейин чечилбей жаткан маселерди дипломатиялык аракеттер канчалык тез жоюшуна жараша болот.

Эң оболу, аймакка тезинен Улуттар уюмунун 15 миң аскери жайгаштырылышы абзел. Дагы ушундай эле сандагы ливандык аскерлер менен биргеликте алар баары биригип Ливандын түштүгүндө болушат. Ал эми израилдик аскерлер ал жактан кетиши лазым.

Ливан өкмөтүнүн айтымында, азырынча Улуттар уюмунун күчтөрүнүн катарына кошулууга алты мамлекет эле өз аскерлерин жибере турган болуп турат. Булар: Индонезия, Италия, Малайзия, Марокко, Испания жана Түркия. Кайсыл мамлекет ал күчтөрдүн башында тураары да азырынча беймаалым.

Андан сырткары, калабанын чордонуна айланган аймакта Улуттар уюмунун жаңы аскерий күчтөрүн жайгаштыруу мезгили да так көрсөтүлгөн келишим жетишиле элек. Бул эле эмес, бейпилдик күчтөр жөн эле тараптарды уруштурбай кармап турушу керекпи же ок-атышуу кайра башталып кетсе, аларды жараштырыш үчүн күч менен басууга укугу барбы – бул жактары азырынча чечиле элек.

Жоопсуз калып жаткан суроолордун дагы бири – “Хезбалла” куралын таштайбы же жокпу? “Хезбалланы” куралсыздандыруу ООНдун чечими астынга гана өтүшү керек. Израил койгон негизги талаптардын бири да “Хезбалланы” куралсыздандыруу болчу. Азырынча радикал топтун лидери Шейх Хасан Насрулла маселе боюнча так чечим кабыл алына электигин кыйытты.

- Биз буга чейин айткандай, Улуттар уюмунун күчтөрүнүн жардамы менен ливан аскерлерин аймакка жайгаштырууга макулбуз. Анан, Кудай кааласа, “Хезбалла” каршылык көрсөтүү күчтөрү да алар менен толук кызматташат, - деди “Хезбалланын” лидери Шейх Хасан Насрулла атышууну токтотууга бир күн калганда.

Ошол эле күнү израил өкмөтү “Хезбалланы” куралсыздандыруу дагы белгисиз мөөнөткө жылдырылып жатканын талкуулап, буга киришүүгө чакырды. “Хезбалла” - ливан өкмөтүнүн мүчөсү.

12-июлда “Хезбалла” туткунга алган эки израилдик аскердин тагдыры азырга чейин белгисиз калууда. Бирок 13-августта Израилдеги “Хааретз” гезити жазгандай, азыр Израил ошол эки аскерди бошотуп алуу үчүн, балким, өз түрмөлөрүндө кармалып турган “Хезбалланын” адамдарын чыгарууга макулдук берүү жагын ойлонуштуруп жатат.

Азырынча атышуулар токтоп, Израил да, “Хезбалла” да, ар-кимиси муну жаңжалдагы өздөрүнүн жеке жеңиши катары баалап жатышат.

XS
SM
MD
LG