Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

ТЕРРОР АРАКЕТИНИН АЛДЫ АЛЫНГАНДАН КИЙИНКИ БРИТАНИЯДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн аптада Британияда ири террор аракетинин алды алынгандан кийин өлкөдөгү террордук коркунучтар тууралуу улам жаңы маалыматтар пайда болууда.

14-августта террордук коркунуч азайганы тууралуу жарыяланды жана Лондон шаарынын Хитроу аэропортунан учкан жүргүнчүлөргө колуна кармап учакка бирден жүк алып кирүүгө уруксат берилди. Анткен менен ички иштер министри Жон Риддин айтымында, жаңы террор аракеттерин уюштуруу каркунучу дагы эле бар жана өкмөт ал боюнча иликтөө иштерин улантып жатат.

10-августта биринчи кабарлар пайда болгондо эле 24 шектүү адам кармалган, кийин алардын бири бошотулган, калган жыйырма үчү тергелип жатат. Андан тышкары, министр Риддин айтымында, дагы жыйырмадан ашык шектүү уюм азыр текшерилүүдө, бирок алардын өткөн аптада кармалгандарга тийешеси бар же жок экени тууралуу министр айткан жок.

"Ди вельт" деп аталган немис журналы 14-августта жазып чыкканга караганда, Британияда кармалган адамдардын бири - Алманиянын Гамбург шаарында жашаган Саид Бахаджи деген жигиттин аялы менен тааныш болгон. Бахаджи болсо 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы уюштурулган террор аракеттерин даярдоого катышкан жана кийин Пакистанга качып кеткен.

Британиялык министр Жон Риддин айтымында болсо, жаңы табылган маалыматтарга караганда, "Ал-Каида" уюму өзүнүн биринчи ири террор аракетин 2000-жылы эле Британияда уюштурууга даярданган, бирок кийин көңүлүн АКШга бурган.

Британиянын "Гардиан" гезити 14-августта жазганга караганда, Британиянын ар башка аймактарында көп жылдардан бери эле машыгуу лагерлери түзүлгөн, бирок андай топтордун саны акыркы бир жылдын ичинде өзгөчө көбөйгөн. Мисал үчүн, азыр камакта отурган Абу Хамза деген имам Уэльс аймагында бир ошондой машыгууну 1997-жылы эле өткөргөн. Гезиттин кабарчылары андай лагерлер дагы кайсы башка аймактарда уюштурулганы тууралуу так маалымат тапкан, бирок аларды жарыялабоону чечкен.

Террор коркунучу боюнча биринчи маалыматтар 10-августта жарыяланаар алдында премьер-министр Тони Блэр отпускка чыгып кеткен жана эмгиче эс алууда. Ал тууралуу Британия коомунда көптөгөн сын пикир дагы айтылууда. Блэр - атактуу британиялык ырчы Клифф Ричарддын Барбадос аралындагы үйүндө эс алып жатат.

XS
SM
MD
LG