Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

МЫРЗАКЕДЕ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮГӨ БАТА БЕРИЛДИ

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги жыйынында №37- Мырзаке шайлоо округунда ушул жылдын 29-октябрында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өткөрүү боюнча календардык планын, округдук комиссиянын курамын жана чыгымдала турган каражаттарды бекитип берип бул саясий иш чарага старт берди. Шайлоонун шайтан оюндары күчөп, Куршаб шайлоо округундагы чубактын кунундай чубалган көрүнүштөр болбосо экен деп кооптонгондор бар.

Ошентип Борбордук шайлоо комиссиясы президенттин жардыгын ишке ашыруу максатында бүгүндөн баштап Мырзаке шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө старт берилгенин жарыя кылды. Мурдагы шайлоолордон өзгөчөлөнбөсө да шайлоону мыйзамдуу, тынч өткөрүү максатында атайын иш чараларды, округдук комиссиянын 15 адамдан турган курамын, шайлоого сарпталуучу каражаттардын булактарын да бекитип беришти.

Борбордук шайлоо комиссиянын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисиинин орун басары Мырзабек Аргынбаевдин пикиринде бул жолу округдук шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партиялардын, башка коомдук уюмдардын активдүүлүгү байкалган жок. Округдук комиссияга «Элет», «Жаңы Кыргызстан» жана «Содружество» партияларынан гана талапкерлер сунушталган. Жалпы алганда округдук комиссияга кирүү максатын көздөгөн ар кандай уюмдардан көрсөтүлгөн 7 талапкер резерв катары турат. Эгер азыркы бекитилген мүчөлөрдүн кимдир бирөөсү кайсы бир себептер менен комиссиянын ишине катыша албаса ошол резервдеги талапкерлерден киргизүү зарылчылыгы бар экендигин кошумчалады Аргынбаев мырза:

- Резервде дагы 7 адам бар, комиссия мүчөлөрүнөн ооруп калса, белгилүү же белгисиз себептерден улам катыша албай калса, берки адамдардан кошуп алып иштете берсек болот.

Шайлоону өткөрүүдө округдук, участкалык комиссиянын мүчөлөрүн мыйзам талаптарын так аткаруу максатында аларды окутуу, үйрөтүү да негизги маселелердин бири. Анткени шайлоонун жүрүшүндө нааразычылыктын көпчүлүгү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн укуктук жактан чала сабаттыгынан келип чыккандыгы айтылып келет. Ошондуктан шайлоо өткөнгө чейин ар кандай форматта семинар, окууларды өткөрүү зарылчылыгы бар:

- Шайлоону даярдоо, өткөрүүгө иштей турган кызматкерлерди мыйзам, кодекстин жол жоболорун семинарлар аркылуу окутуу да каралган, - дейт Аргынбаев мырза.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул жолу округдук, участкалык шайлоо комиссия курамдарынын сапатын жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңишбек Акматовдун пикиринде буга чейин комиссия мүчөлөрүнө талапкерлерди сунуштоо жергиликтүү бийликтин жетегинде калып, көпчүлүк учурда мугалимдер, врачтар же башка мамлекеттик уюмга тиешелүү адамдардан шайланып келген. Комиссия мүчөсү калыс болуш үчүн ал көз каранды эмес, эркин, аброй таза, ар намысы бийик адам болуш керек.

-Көз карандысыз адамдар комиссия мүчөсүндө болсо шайлоонун талаптагыдай өтүшүнө өбөлгө түзүлөт эле. Себеби, көп учурда мектеп мугалимдери жана башкалардын курамында түзүлөт да кандайдыр бир күчтөрдүн жетегинде калууда,- дейт Жеңишбек Акматов.

Борбордук шайлоо комиссиясына Куршаб шайлоо округундагы чубактын кунундай чубалган көрүнүштөр сабак болгону байкалат. Чырдын башы шайлоочулардын тизмесинин такталбаганынан, мыйзамсыз түзүлгөндүгүнөн келип чыкканын белгилешет. Андай баш аламандыкты болтурбоо үчүн азыртан ар бир шайлоочуну тактоо зарыл экендиги айтылды:

- Куршабда, Өзгөндөгү 3 участокто, Түзбелдеги чатактын баары ошол тизменин такталбагандыгынан келип чыккан. Көчүп кеткендерди, өлүп калгандарды да тизмеге кошо берип жанагыдай жагдай түзүлгөн, - деди Жеңишбек мырза

Эскерте кетүүчү жагдай №37- Мырзаке шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаты болуп жүргөн Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун губернатору жана Президенттин Туштук аймагы боюнча өкүлү болуп дайындалганына байланыштуу орун бошоп, 29-октябрда депутаттык шайлоону өткөрүү боюнча Президенттин жардыгы чыккан.

Бакыт Орунбеков, Бишкек
Куржундар
XS
SM
MD
LG