Согуш - 12-июлда "Хизбалла" уюмунун жоокерлери Израилдин аймагына кирип, эки жөөт аскерин барымтага алып кеткенден кийин башталган. Британиянын "Таймс" гезити 15-августта жазып чыккандай, согуштун жыйынтыгында ал эки аскер бошотулган жок жана эми Израил өкмөтү - аларды туткунга алынган "Хизбалланын" жоокерлерине алмаштыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр. Бирок андай алмашууну "Хизбалла" башынан тартып сунуштаган, ошондуктан, айрым эксперттердин пикиринде, согуш жүргүзүү менен Израил өз максатына жетти деп айтуу кыйын. Ал тууралуу Израилдин өзүндө да көп айтылууда.
Барымтага алынгандарды бошотуу - согуштун чыныгы себеби болгон эмес деп да айтылып жатат. Атактуу америкалык журналист Сеймур Херш "Нью-Йоркер" журналында жазып чыкканга караганда, Ливандагы "Хизболлага" каршы согуш баштоо тууралуу жөөт министрлери америкалык жетекчилер менен үстүбүздөгү жылдын май айында эле сүйлөшүп-макулдашкан. Ал тууралуу Сирия президенти Башар Ассад дагы айтты: "Барымтага алынган аскерлерди бошотуу Израил үчүн жөн гана шылтоо болгон. Согуштун жалгыз жыйынтыгы - Израил, анын достору жана кожоюндары максатына жетпей калганы жана аларга каршылык көрсөткөндөр арасында биримдик күчөгөнү болду", - деди Ассад 15-августта.
Андай турумду ошол эле күнү Иран президенти Махмуд Ахмадинежад дагы колдоду: "Ливанга каршы бул чабуулду пландап, кийин аны баштаган жана андан соң ок атышууну токтотууга тоскоолдук түзгөндөр сионисттик режимдин кылмыштарына катышты жана алардын баары жоопко тартылууга тийиш", - деди Ахмадинежад.
Мындай пикирлерге АКШ президенти Жорж Буш каршы чыкты. Анын айтымында, "Хизбалланын" террордук аракеттерин Сирия менен Иран спонсорлогон: "Ливан калкынын жапа чеккени үчүн жоопкерчилик 'Хизбалланын' мамлекеттик спонсорлору Иран менен Сирияга да жүктөлүүгө тийиш. Иран режими 'Хизбаллага' каржылык жардам көрсөткөн, курал менен жабдыган, анын жоокерлерин машыктырган. 'Хизбалла' Израилге кол салды, кризисти 'Хизбалла' баштады жана согушта 'Хизбалла' утулду", - деди Буш 14-августта.
Британиялык "Дейли телеграф" гезитинин жазышынча, Ливандын Гандурье шаарынын алдында Иранда жасалган "Спандрел" деген ракеталардын калдыктары табылды. Ошол эле аймакта - Сирияда өндүрүлгөн"Корнет" деген ракеталар табылган. Жөөт аскерий жетекчилеринин айтымында, Израилдин аскерлери Ливанда "Хизбалла" менен эмес, чындыгында Сирия жана Иран менен согушкан.