Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

КЫРГЫЗСТАН АМЕРИКАГА КАНДАЙ ОЮН КӨРСӨТТҮ?


“Энесай” гезити

“Кыргызстандын мусулмандар муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун террордук аракеттерге тиешеси барбы? деп суроо коюп, иликтөөгө алган. Муфтий, Карасуунун мечитинин имамы Мухаматрафик Камаловдун жаназасына катышкан үчүн коопсуздук кызматы суракка алыптыр деген маалыматтын чын-бышыгын билүүгө аракет кылышкан. Муратаалы ажы маркумду “шейит” деп атоого аргасыз болгону үчүн коопсуздук кызматына сурак бербегенин билдирген. Оштогу митингде Муратаалы ажы өзбек тилинде аралаш сүйлөп, дагы бир кызык иш жасады” деп жазат “Энесайдын” кабарчысы Расул Базарбаев. Ушул “Энесай” гезити он жети террористтик уюмдун сегизи Кыргызстанда деп жазуу менен ар бир уюм тууралуу маалымат берген. Анда, “Аль- Кайида” уюмунан баштап, “Хизб-ут-Тахрир”, “Ал-Исламия”, “Түркстандын ислам партиясы” , “Жамаат жана ислам” баштаган 8 террористтик уюмдар баяндалып, алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилген. Кыргызстанда айрыкча Хизб-ут-Тахрирчилердин үгүт иштери күч алып баратканын, түштүк жергесинде гана эмес түндүк аймагында да экстремисттик маанайдагы баракчаларын таратып жүргөндүгүн “Энесайдын” кабарчысы Руслан Асанов билдирген. Ушул “Энесай” гезитинин маалыматына таянсак экс-президенттин кызы Бермет Акаева Казакстандын бейөкмөт уюмдарынын колдоосу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык иликтөө институтун түптөө мүдөөсү менен Бишкекке келип кеткен.

“Белый параход”

“Белый параход” жумалыгы президент Курманбек Бакиевге баатырдын киймин кийгизип, өлкөнүн тышкы саясатын талдоого алган. “Жашыра турган деле сыр калбай калды. Америкага айбаты менен Кыргызстан цирк аренасындагыдай оюн көрсөттү. Кыргызстан үчүн АКШ менен Кытай тирешсе, Орусия карап турмак беле? Бирок Орусия Кыргызстандагы таасирин күчөтүү үчүн күрөшпөйт. Жөн гана өз алдынча болуусун колдойт. Түрктөр менен кытайлар экономикалык баскынчылыгын күчөтүүгө аракет кылууда” деп жазат журналист Елена Авдеева.
“Белый параход” жумалыгына экс-премьер-министр Николай Танаевдин “менден мурдакы өкмөт башчыларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек” деген темада маеги жарыяланды. Анда ал Орусиянын Гаспром мекемесинин башкы директоруна кеңешчи болуу менен Санк-Петербургдагы “Инвест Гаспромнефт” ишканасынын башкы директору болуп иштеп жатканын ырастайт. “Үй бүлөөм-Кыргызстанда эле. Аялым жогорку окуу жайда физика, электроника боюнча мугалим. Учурунда ага жогорку кызмат сунуштасам, болбой койгон. Тун уулум Александрдын келинчеги-кыргыз. Үч баласы менен Бишкектен кетүүнү каалаган жок. Ал өлкөнүн теннис федерациясын жетектеп жатат. Экинчи уулум Алексейге Орусиялыктар мартабалуу кызмат сунуштап жатат. Мен эч кандай кылмыш кылганым жок. Менден мурдакы өкмөт башчыларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Учурда бир дагы экономикалык инвестициялык жаңы багыт, ойлор байкалбайт” деп айтуу менен экс-премьер-министр Николай Танаев “Белый параход” жумалыгынын кабарчысы Елена Авдеевага интервью берген.

“МСН”

“МСН” гезитинде журналист Дарья Малеваннаянын макаласы “Стратегиялык принцесса” деп аталат. Анда экс-президент Аскар Акаевдин кызы Берметтин Кыргызстанда кайрадан пайда болушу, Алматыда Эл аралык стратегиялык институт ачууга аракет кылуу менен анын филиалын Бишкекте түзүү мүдөөсү менен келгени айтылат. Жолдошу Адыл Тойгонбаев экөө Кыргызстандын миллиондогон байлыгын алып кеткени менен стратегиялык иликтөө институтун ачуу үчүн демөөрчү издеп казакстандык бейөкмөт уюмдар жардам берүүгө ниет кылып жаткан экен. Эми стратегиялык изилдөө деген “шапке” менен дагы далай иш аракет жүргүзөт окшойт” деп жазат “МСН” гезити. Ушул “МСН” гезитине журналист Куван Бектемировдун өлкөнүн кезектеги жылуулук сезонуна даярдыктын начардыгын, бул тармактын көйгөйүн айткан макаласы жарыяланды.

“Кыргыз караван”

“Кыргыз караван” гезити-мугалимдер эмне үчүн мектепти таштап кетип жатышканын иликтөөгө алган. Өлкөнүн көпчүлүк мугалимдери жумуш таштап, Орусияга, Казакстан жана башка өлкөлөргө кетип, соода-сатык кылып жүргөнү айтылат. Биринчиден, мугалимдердин айлык акысы жогоруласа, экинчиден ата-эне балдары үчүн кам көрүп, мектеп менен тыгыз байланышта болсо бул маселе чечилет эле” деп жазат “Кыргыз караван” жумалыгы.

“Адабий гезит”

“Адабий гезитте” жазуучу, журналист Асанбек Кулманбетов өлкөдөгү жаш калемгерлердин көйгөйлөрүн ортого салган.
XS
SM
MD
LG