Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

ЛИВАНДЫ КАЙРА КУРУУДА ӨКМӨТ "ХЕЗБОЛЛА" МЕНЕН КЫЗМАТТАШАБЫ?


Бириккен Улуттар уюму Түштүк Ливанда эки аптанын ичинде 3 жарым миң эл аралык аскер жайгаштырууга үмүттөнүүдө. Анын аралыгында, элдешүү макулдашуусу үч күн мурда күчүнө кирген өлкөдө калыбына келтирүү иштери башталды. Эл аралык коомчулук жардам сунуш эткени менен, демилгени "Хезболла" уюму өз колуна алгандыгы айгине болууда.

Түштүк Ливанга жана Бейруттун түштүк кылаасына миңдеген тургундар акырындык менен кайта баштады. Ливан бийликтери бир айлык согуштан 7 миллиард доллар материалдык зыян келгендигин болжолдоодо. Жолдор, көпүрөлөр, аба бекеттери жана порттор, ошондой эле Бейруттун түштүгүндөгү турак-жайлар айрыкча жапа тартты. 70 көпүрө, "Хезболланын" эсебинде 15 миңдей үй талкаланды. Кайра куруу эми башталып жатканда жардам аракеттерин Иран колдогон хезболлачылар илгиртпей өз колдоруна алууда.

Зохей Ксебати – интернетте чыгуучу Дал ал-Хаят гезитинин Бейрут кеңсесинин редактору. Анын айтымында, чыгымдарды эсептеп, таштандыларды тазалоодо жана жапа тарткандарга убактылуу баш калканч табууда Ливандын бул шийит согушкерлери камчы салдырган жок:

- "Хезболла" ыкчам иштеп жатат. Негизи Израил бутага алган бул аймактарда "Хезболланы" эл колдойт. Бул абдан маанилүү, ошондуктан, алгач таштандыларды тазалап, мектептерде баш калканч тапкан элдердин үйүн кайра куруш керек.

"Хезболланын" жол башчысы Хасан Насрлла сыналгыдан азыр кыйраган үйлөрдө жашап жаткандарга акчалай жардам төлөнүп берилет деп убада кылды. Жардамды Иран өлкөсү да сунуш этүүдө. Анын аралыгында, Швециянын өкмөтү Ливанга гумжардам чогултуу максатында 31-августта эл аралык конференция өткөргөнү жатат, азырынча ага канча өлкө катышаары белгилүү эмес. Араб тышкы иштер министрлери ушул жекшембиде Египетте Араб Лигасынын штаб-квартирасында чогулуп, Ливандын кайра куруу иштерине кол кабыш кылуунун жолдорун талкуулашат. Ксейбатинин айтымында, согуштун кесепеттерин жоюу биринчи кезекте Ливан атуулдарынын мойнундагы милдет:

Ливанда көп жылдар бою согуштар жүргөн, ошондуктан эл мындай катастрофага көнүп калган. Мурдагыдай эле, алар тез арада жашоосун өз нугуна салууга аракет кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG