Ооганстандагы абал ойдогудай болбой жаткандыктан, АКШнын Бириккен Улуттардагы мурдагы өкүлү Ричард Хоулбрук 10-августта "Вашингтон пост" гезитинде ири макала жарыялап, АКШ Ооганстанга кайрадан аскер жиберүүгө тийиш деп чыкты. Аны менен катар АКШнын аскерий жетекчилиги акыркы мезгилде Ирак жана Ооганстандагы аскерий аракеттерди изилдеп чыгып, бир топ жаңы орчундуу жыйынтыкка келди.
Мисал үчүн, америкалык "Бостон глоуб" гезити 16-августта жазып чыкканга караганда, Пенсильвания штатында жайгашкан АКШнын Аскерий коллежинде 1-сентябрда баштала турган жаңы окуу жылындагы окуу программалары толугу менен өзгөртүлдү. Бул окуу жайында негизинен подполковниктер жана полковниктер окуйт жана алар жогорку аскерий кызматтарга иштөө үчүн даярдыктан өтөт.
Күздөн тартып алардын сабактарынын жарымы партизандык согуш тактикасына арналмакчы, анткени Ирак менен Ооганстанда жүрүп жаткан согуштар негизинен азыр партизандык болуп жатат, америкалык аскерлер болсо мурда чоң согуштарга гана даярдалып келген. Ошондуктан Ирак жана Оганстандагы сыяктуу согуштарды жүргүзүү жараяндарында Батыштын аскерий жетекчилери азыр бир топ өзгөрүүлөрдү ишке ашыра баштады, деп жазат гезит.
Мисал үчүн, Ооганстанда азыр батыштык аскерлер колдонгон унаалар алмаштырыла баштады. Америкалык аскерлер Ооганстанда акыркы мезгилге чейин "Хаммер" жана "Хамвиз" деген оор машинелерди минип жүрчү, бирок алар - террорчулар колдонуп жаткан бомбалар жана миналардан аскерлерди толук сактачу эмес. Алмания, Канада жана Румыниядан келген аскерлер Ооганстанда негизинен "Лэнд ровер" деген машине менен жүрөт. Бирок акыркы мезгилде алар өз өлкөлөрүнөн чопкутталган машинелерди алып келе баштады.
Лондон шаарында иштеген көз карандысыз эксперт Ян Кемптин айтымында, мурда колдонулган унаалардан азыр бардык чет өлкөлүк аскерлер баш тартып жатат: "Бул аскерлердин көпчүлүгү азыр чопкут машине сатып ала баштаганынын себеби - андай машинелер миналарга жана башка жарылуучу заттарга туруштук бере алат. Ирак жана Ооганстанда болсо азыр курман болгон чет өлкөлүк аскерлер негизинен ошондой жарылуулардан өлүп жатат", - дейт Кемп.
Аналитиктердин айтымында, Ооганстан жана Иракка аскерлер жиберип жатканда Батыш мамлекеттери - ал жерде кандай мүнөздөгү согуш болоорун билген эмес жана ал түшүнүктүү. "Бостон глоуб" гезити жазганга караганда, августтун башында Пентагон ири жабык жыйын өткөрүп, ага - партизандык согуш боюнча элүүгө жакын адисти чакырды. Пентагон азыр Ирак жана Ооганстандагы согуштардын сабактары боюнча эки жашыруун изилдөө жүргүзүп жатат жана алардын жыйынтыктары күзүндө жарыяланат деп күтүлүүдө.