Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

17-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылдын бу күнү Түркстан генерал-губернатордугунда козголоң чыгарган кыргыздардын мал-жандыктары туурасында буйрук чыгарылган. 1937-жылдын 17-августтунда Бүткүл кыргыз мугалимдеринин I съезди соңуна чыкты.

1916-жылдын бу күнү Түркстан генерал-губернатордугунда козголоң чыгарган кыргыздардын мал-жандыктары туурасында буйрук чыгарылган. Буйрукка ылайык козголоң чыгарган кыргыздардын малы тартылып алынган убакта гана, ал согуштук олжо категориясына киргизилген жана казна менчигине өткөрүлгөн. Мындан тышкары бийлик, керт башын сактап калуу үчүн бир жерден, экинчи жерге качкандардын мал-мүлкүн коргоо чараларын да караштырган.

Мындан 90 жыл мурун, 1916-жылы Пишпек шаардык окуу-китепканасы ачылган. Китепкана ачуу демилгесин мугалим И. М. Глебов, фельдшер И. А. Якушев, шаардык буржуй И. А. Моргуновдор көтөрүшкөн.

1919-жылдын 17-августунда Жетисуу областтык кеңешинин III съезди ишин баштады.

1925-жылдын 17-августтунда Кыргыз обком РКП (б)нын кезексиз чакырылган III пленуму өткөрүлдү. Пленумда «отузчулардын» партия ишине каршы жасаган ишмердиги айыпталды.

1937-жылдын 17-августунда Бүткүл кыргыз мугалимдеринин I съезди ишин аяктады. Мугалимдердин жыйыны Фрунзе шаарында өткөрүлүп, ага республиканын булуң-бурчтарынан чогулган билим берүү тармагында эмгектенген алдыңкы мугалимдер жана эмгек ветерандары катышкан. Мугалимдер жыйынында бардык мектептерде мекенди коргоо жана диний таасирлерге каршы кружокторду куруу чечими бир добуштан кабыл алынган. Мындан тышкаары, алдыңкы мугалимдер сабатсыз балдарды кошумча окутуу туурасында милдеттенме беришкен.

1937-жылдын 17-августтунда Кыргыз ССР КП (б) БКсы менен Элдик комиссарлар кеңеши биргелешип сабатсыздыкты жою туурасында Токтом кабыл алышкан.

Токтомдо чукул арада 200 миң кат тааныбаган адамдарды окутуу иши каралып, «сабатсыздык сыяктуу абийирсиз көрүнүшкө чыдоого болбойт» деген чакырык ташталган.

1398-жылдын 17-августтунда айтылуу өкүмдар Тимур Алтын Ордо өлкөсүнүн башчысы Тимур огландын элчисин кабыл алган.

Бу күнү, 1601-жылы француз математиги Пьер Ферма, 1911-жылы шахмат боюнча алтынчы дүйнө чемпиону Михаил Ботвинник жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG