Эгер Прагада жыйын өткөрүп жаткан окумуштуулар "планета" деген сөздүн жаңы аныктамасын кабыл алыша турган болсо, Күн системасынын планеталарынын саны чынында да 12ге жетиши мүмкүн.
Планета деген сөз грек тилинде "саякатчы", же "селсаяк" дегенди билдирет. Астрономиянын тили менен айтканда, кыймылдабаган жылдызды айланып жүргөн обьект.
Бирок биздин системанын эң кыйырында жүздөгөн чоң-чоң жаңы обьектилер ачылгандыктан, планета деген түшүнүктү кайра карап чыгууга туура келүүдө.
Жаңы ачылган обьекттердин көлөмү адатта "тогузунчу планета" деп эсептелинген Плутон менен бирдей же андан да чоң.
Алар планетабы жокпу?
Ушуга байланыштуу Эл аралык Астрономия Биримдиги планета деген сөздүн жаңы аныктамасын сунуш этүүдө. Аны Прагадагы пресс-конференцияда Биримдиктин планетанын аныктамасын аныктоо комитетинин төрагасы Оуэн Жинжерич сунуш этти.
Ага ылайык, планета болуш үчүн обьект жылдыздын айланасында айланып, өзү жылдыз болбошу керек, жана дээрлик томолок форманы алышына шарт түзгөн гравитациялык салмакка ээ болушу зарыл.
Плутон мындан 70 жыл мурда планета деп таанылган, бирок анын Күн системасындагы башка планеталардыкы менен тең тайлаша ала тургандай гравитациялык сапаттары болгон эмес.
Астрономдор азыр Плутонго окшош обьекттер менен башка планеталардын ортосундагы айырмачылыкты тактап жатышат. Себеби алар Плутондун да системадагы өзгөчөлүү ордунун таанылышын каалашат.
Ошондуктан окумуштуулар "плутондор" деп аталган жаңы аталышты ойлоп чыгарышты:
– Сегиз классикалык планета бар, алар Меркурий, Венера, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун. Ал эми "плутондор" бул - катары улам өсүп жаткан категория.
Плутондор Күндөн ушунча алыс жайгашкандыктан, аны бир айланып чыкканча аз эле дегенде 200 жыл өтөт.
Бул категорияга дагы эки обьект – Юби313 деп аталган Ксена жана Харон кошулууда. Ал эми үчүнчүсү Церера – эргежел обьекттердин арасынан тандалып алынды.
Бул үчөө менен күн системасындагы планеталардын саны 12ге чыгат, бирок Жинжерич "дагы бир катар талапкерлер" эшикти каккылап тургандыгын эскертип, мектепте балдарга Күн системасындагы планеталардын санын так айтууга болбой тургандыгын мындайча эскертти:
– 12 деген санга такалып калбаңыздар, анткени келерки жылы эле ал өзгөрүп кетет. Эмдиги жылдын этегине чейин алардын саны дагы өсөт. Ошондуктан балдарды Күндүн айланасында сегиз планета жана бир канча плутондор бар деп окуткула.
Эл аралык Астрономия Биримдиги жаңы аныктаманы келерки аптада колго салат.
Планетанын аныктамасын аныктоо вазийпасы жүктөлгөн комитеттин мүчөлөрү алардын аныктамасы өтөт деп үмүттүү турушат.
Ал аныктама астрономдордун арасындагы кимдин табылгасы канчалык маанилүү экендиги тууралуу бүтпөс талаштарга акыркы чекит койот деп күтүлүүдө.