Айрым байкоочулардын пикиринде, бул согуштан кийин Ливан коомчулугунун арасында "Хизбалла" уюмунун кадыр-баркы бир кыйла көтөрүлдү. Башкалардын айтымында болсо тескерисинче, Израилдин чабуулуна дал ушул "Хизбалланын" жоокерлеринин аскерий аракеттери себеп болду деп, коомдо ага каршы маанай күчөп баратат. Ошондуктан, мисал үчүн, АКШнын Бостон университетинин профессору Ричард Нортондун пикиринде, бул согуштун натыйжасында Ливанда ири өзгөрүүлөр болушу мүмкүн жана коомдо саясий чыңалуулар пайда боло баштады.
Нортондун айтымында, былтыр Ливанда ишке ашкан "Кедр революциясынын" натыйжасында кошуна Сирия колдогон Ливан өкмөтү кулатылган учурда дагы Сирияга каршы багытталган жана Сирияны колдогон дагы ири митинг-демонстрациялар болгон: "Былтыр март айынын он төртүндө Ливанда Сирияга каршы демонстрация болгондо ага бир миллион адам катышканы мага мурда болуп көрбөгөндөй таасир калтырды. Ал кимди болбосун толкундантты десе болот. Бирок ошол эле мезгилде жүздөгөн миң адам башка демонстрацияларга катышкан жана алар Сирияга колдоо көрсөткөн. Ошондуктан башынан тартып Ливанда ар башка багытта өнүккөн окуялар болуп жатат", - дейт профессор Нортон.
Сирияны колдогон андай уюмдардын бири - дал ушу "Хизбалла". Бирок Бирок АКШнын Флорида штатындагы Атлантика университетинин профессору Роберт Рабилдин айтымында, акыркы согуш менен байланыштуу Ливан коомунда "Хизбаллага" каршы маанай да күчөшү мүмкүн: "Буга чейин андай адамдар 'Хизбаллага' каршы пикир айтуудан тартынып турчу, анткени кошумча проблема жаратууну каалаган эмес. Бирок Ливандын түштүк аймактары кыйрандыга учурагандан кийин алардын жогото турган эч нерсеси калган жок жана аларда - 'Хизбалладан' тартына тургандай себеп калбады", - дейт профессор Рабил.
Ливандагы "Кедр революциясы" - 2005-жылдын февралында Бейрутта Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харири жардырып өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Ал террор аракетин даярдоого кошуна Сириянын коопсуздук кызматы катышкан деген маалыматтар пайда болгон жана миллиондогон адам демонстрацияга чыгып, Сирия колдогон Ливан өкмөтүн кулаткан. Сирия аскерлери болсо Ливандан былтыр апрелде толугу менен чыгарылды. Алар өлкөгө 1976-жылы араб эл аралык күчтөрүнүн катарында ич-ара согушту токтотуу максатында киргизилген.