Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

РОЗА ОТУНБАЕВА: “БИЙЛИК КӨП ТАРАПТУУ ТЫШКЫ САЯСАТ ЖҮРГҮЗҮШҮ КЕРЕК”


Роза Отунбаева - Кыргызстандын АКШдагы жана Канадагы мурдагы элчиси, мурдагы тышкы иштер министри. Азыр «Асаба» партиясынын теңтөрайымы. Ал Мамлекеттик телеканал менен «Азаттыктын» биргелешкен «Ыңгайсыз суроолор» теледолбоорунун мейманы болду. Ал кыргыз-америка мамилелери, президент Бакиевдин бир туугандары, Конституциянын долбоору тууралуу суроолорго жооп берди.

- Жакында Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрүнүн ортосунда дипломатиялык чыр-чатак болду. Кыргыз бийлиги АКШнын Бишкектеги элчилигинин эки кызматкери Пол Политес менен Каку Кимараны тыңчылык кылды деген негизде Кыргызстандан чыгарды. Андан кийин дароо эле АКШнын өкмөтү Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин эки кызматкерин - Салтанат Ташматова менен Асан Усуповду АКШдан чыгып кетсин деген талапты койду. Роза айым айтсаңыз, ушул дипломатиялык чыр-чатактын аягы көрүнчүдөйбү, бул эмне менен бүтөт?

- Бул чыр-чатак, өзүң айтып кеткендей жөн эле сырткы бир көрүнүш. Чынында азыркы жаңы бийлик өзүнүн тышкы саясатында 15 жылдан бери биз куруп келаткандай көп тараптуу тышкы саясатты жүргүзүш керек. Азыр Кыргызстандын тышкы саясатынын жаңы долбоору бар экен. Мен ошону окусам жазылып турат - көп тараптуу болсун, деп. Чынында акыркы убакта биздин тышкы саясат бир тараптуу, же болбосо абдан эле бир жактуу болуп кетти десек туура болот.

Американын “Манастагы” базасы боюнча сүйлөшүү бул - эки өлкөнүн ортосунда эң эле чоң сөз, чоң талаш болду. Андан кийин дипломаттардын чыгарылышы. Телевизор көрүп отурсам президенттин алдындагы стратегиялык иликтөө институтунун жетекчиси сүйлөп атат, ШОСко кирген мамлекеттер бир үчүн приоритеттүү деп. Ал эми АКШ жана Европа биз үчүн такыр эле жокко эседей көрүнөт.

Көп тараптуу тышкы саясат деген бул - АКШ, Европа өлкөлөрү. Алар акыркы 15 жылдан бери Кыргызстанга позитивдүү таасир тийгизген мамлекеттер. Ошолор биздин тышкы саясаттан сүрүлүп чыгарылып атат, тышкы саясатыбыз Орусия менен Кытай тарапка ооп жатат. Мына ушундай саясатты жүргүзүп жатышканына биз абдан өкүнүчтөбүз.

- Сиз ыңкылап делген окуялардан кийин тышкы иштер министри болуп иштедиңиз. Бирок ошол тышкы саясаттын ар тараптуу жүргүзүлүшү үчүн өзүңүз кандай аракеттерди жасадыңыз, же бул жаңы тышкы иштер министри келсе эле ошого жараша өзгөрүп тура турган нерсеби?

- Мен ойлойм бизде азыркы тышкы саясаттын жүрүшү, азыркы биздин жалпы Кыргызстандын өнүгүшү бир тараптуу болуп атканы бул Орусия жана коңшу мамлекеттердин биздин ыңкылапты жактырбай, такыр кабыл албай, жамандап, каралап атканында деп. Жалаң биздин ыңкылапты каралап Орусиядан он чакты китептер чыкты. Бул абдан туура эмес. Алар эмнеге ушундай катуу сын берет? Биздин элибиздин деминен, ички руханий кубатынан, азап-тозогунан жаралган ыңкылапты жокко чыгаруу туура эмес. Кыргыз элинен сурап көрүшсүнчү “кайдан келген революция?” деп. Орусияда болсо бул ыңкылапты америкалыктар алып келди деген туура эмес, бейжай түшүнүк бар.

- Жакында АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Чыгыш Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер Бишкекке келип кетти, эми Баучердин сапарынан кийин Кыргызстан менен АКШнын мындан аркы мамилеси кичине болсо дагы жакшырат деген ойдосузбу?

- Мен ойлойм - биз бул жөнүндө сөзсүз катуу ойлонушубуз керек. Баучер мырза Америка мамлекетинин эң эле жогорку Кыргызстан менен Орто Азияны тейлеген кызматкери, ушул чыр-чатактан кийин Бишкекке атайын ырасмий сапар жасап атат. Биздин чоңдор менен сүйлөштү, ал “эми силер Америка менен кандай карым- катнаш түзөсүңөр, кандай өзгөрүүлөр болот, акыркы дипломатиялык чыр-чатактардан кийин эмне багытты көздөйбүз?” деген себеп менен келип отурат.

Мен ойлойм биз дагы бир жолу ойлонуп, өлчөп-калчап, келечекте жалаң көп тараптуу тышкы саясат дегенге акырындан оошубуз керек. Президент Бакиев жаңы эле президент болду, бир эле жыл толду, Акаев он жыл үйрөндү тышкы саясатты да, президент болгонду да. Тышкы саясат деген жөн эле атка минип алып чабат деген сөз эмес, терең билимдүү, көп маалыматтту болуш керек.

Демек биздин мамлекеттик жаңы аппарат бара-бара ойлонуп, бара-бара үйрөнүп, Америка менен туура саясатты түзөт деп ишенем. Мен жаңы эле бир китепти окуп чыктым, “Америка жана Россия 2020-жылдарда” деген, ал китепти абдан көп эксперттер отуруп алып иликтөөлөрдүн негизинде жазган. Ошол китепте айтылып жатат - 2020-жылы деле эң эле күчтүү, эч ким жете албай турган мамлекет болуп АКШ кала берет экен. Биз ошондуктан дагы бир жолу ойлонушубуз керек.

- Ричард Баучердин келишине байланыштуу сизден АКИпресс агенттиги интервью алган экен, ошондо айткан экенсиз “АКШдан чыгарылган эки дипломаттын бири - Салтанат Ташматованы президент Курманбек Бакиев өзүнүн суранычы менен Америкага жиберген болчу”, деп. Сиз ошол министр кезиңизде ошондой окуяга эмне үчүн жол бердиңиз эле, анан эмне себептен ошол убакта каршылык кылып айтпай, министрликтен кеткенден кийин айтып жатасыз бул маалыматты?

- Бул маалымат ошол убакта эле айтылган. Курманбек Салиевич (Бакиев) бүгүнкү күнгө чейин мага таарынып жүрөт. Кирген кишилердин баарына эле айтат экен таарынычын, эки-үч кишини мен президент катары айтсам, Роза Отунбаева болбой койду, деп. Салатанат Ташматовага байланытуу мен мындай деп айткам - такыр эле тиешеси жок кишини экен, даярдыгы да жок экен, эмне себептен биз аны АКШга жиберишибиз керек деп. Мен Москвага кетсем (президенттик администрациянын андагы башчысы ) Үсөн Сыдыков Замира Сыдыковага катуу айтып, ошол жакка өздөрү жиберишти. Менин эч кандай тиешем жок.

- Ошол эле маалыматтын аягында айтылып атат, сиздин оппоненттериңиз айтып атат, Роза Отунбаева өзүнүн бир туугандары Тамараны жана Болотту, бирөөнү Австрияга, экинчисин Түркияга өзү министр болуп турган убакта жиберген деп. Мындайча айтканда, биринчи кезекте өзү таза болсо болмок Курманбек Бакиевге сын айтардан мурда, деген пикир турат бул жерде?

- Кубат, рахмат бул сурооңо, мен кимге жооп береримди билбей турдум эле. Мен интернеттен окудум, интернетке жазгандар эч качан келип бетке айта албайт андай нерселерди. Дайыма жашырынып жүрүшөт алар, чынында аны аял киши жазган - мен билип атам ким жазганын. Мен айтып кетет элем, биринчиден Тамара негизи австриялык дипломатка күйөөгө чыккан, ошол жерде жашайт. Биздин дипломатияда 1994-95-жылы бир жарым жылдай мүмкүнчүлүктөр тар болгону үчүн ошол учурда иштеди. Ал убакта элчиликте эки эле киши бар эле – бири Омор Султанов. Тамара абдан кыйынчылык болуп турганда өзүнүн үйүндө жашап, иштеп, бизге жардам берип жүрдү. Биз Отунбаевдер дайыма берип эле турабыз. Менин атамды тааныгандар, мени тааныгандар билишет, биз бийликтен, өкмөттөн бир да тыйын албайбыз, дайыма берип эле турабыз Кыргызстанга.

Мен 8 жыл тышкы иштер министрлигинде иштеген жокмун, Болот Отунбаев министрликке ошол учурда келди. Мен айтып коёюн, экөө тең Москва мамлекеттик университетин кызыл диплом менен бүтүшкөн, илим кандидаттары.

Эмне себептен Курманбек Салиевич өзү алгач бир туугандарымды саясатка, мамлекеттик иштерге аралаштырбайм деп убада берет дагы, бир жылда эле эки инисин чет мамлекеттерге элчиликтерге жиберди. Өзгөчө Кытайдагы элчинин орунбасарлыгына кеткен иниси (Адыл) тууралуу, анын билими жөнүндө көптү сураса болот, алар тилди да билбейт.

- Эмнеге сиз каршылык кыла алган жоксуз министр кезиңизде, Бакиевдин эки бир тууганы кетип атканда?

- Маратты (Марат Бакиев – Кыргызстандын Германиядагы элчиси – авт.) Курманбек Салиевич минтип айтты, Роза Исаковна менин инилерим ички саясатка көп киришип атат деп жатышат, ошон үчүн бул иним эң эле даяр, ушуну мен четке жиберсем болот эле, деди. Мен айттым, анда Азия мамлекеттеринин бирине жибергенге аракет кылбайлыбы, анкени европалыктар президенттин бир тууган инисинин элчи болуп келгенин түшүнбөйт десем, жок, биз Европага, Германияга гана элчи болсун деп чечтик, деп өзү кол коюп, өзү жиберип атат да. Экинчи инисин – Адылды Кытайга элчинин орун басарлыгына мен жокто дайындашты.

- Кыргыз-Америка мамилелерине келе турган болсок, бул маселеде Ганси атындагы авиабазанын орду өтө чоң. Жакында Бишкекте сүйлөшүү өттү, ага Кыргызстан тараптан Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов катышып, документке кол койду. Мына ошол документте ылайык эми АКШ бийлиги Кыргызстанга акчаны көбүрөк бере баштайт дегендей пикирлер бар, бирок бул дагы деле күмөн. Соңку дипломатиялык чыр-чатактардан кийин АКШ өкмөтү сөзүнө туруп, мындан ары акчаны көбөйтөбү же абал мурдагыдай эле калабы?

- Мен ойлойм, бул өзүнчө узак окуя болуп кетти. ШОСтун саммитинен баштап эле президент Бакиев мырза ушундай убада берип койду, Ганси атындагы авиабазаны керек болсо Кыргызстандан сөзсүз түрдө чыгарабыз же болбосо анын акысын он эсе 20 миллиондон 200 миллон долларга чейин көтөрөбүз, деп. Чынында база бизге 50 миллион доллар киреше берет. Эми 150 млн. доллар деп ниет билдирүү протоколуна кол коюлду. Мен ойлойм бул туура.

Мына Кыргызстан 15 жылдан бери эле мурунку Советтер Союзуна кирген республикалар арасында эң эле көп жардам алды АКШдан. Кыргыз элинде жакшылыкты унутуп салган жаман адат жок. Мен 1992-94-жылдары АКШда Кыргызстандын алгачкы элчиси болуп турдум, биз ошол убакта Кыргызстанга канча буудай, канча май жөнөттүк, канча жардам алдык? Бизде Америкага барып келбеген бир да чиновник калган жок. Рынок деген эмне, демократия эмне -аны үйрөтүштү. Мен ойлойм, базанын максатын кыргыз эли так билиш керек, биринчиден, ал убакта террорчулук, экстремизм түштүктө күчөп турган кез эле. Баткен согушунда өзүбүз армиябызды, милициябызды, коопсуздук күчтөрүн көтөрүп, ошондо да кол салгандарды жеңе албай кандай кыйналдык эле. Ошондо бизге жардамга эч ким келген эмес, АКШ келип авиабазаны ачты, ошон үчүн бүгүн биздин көкүрөгүбүз көккө жетип, эч нерседен коркпойбуз деп эрдемсип жүрөбүз. Дайыма тарыхыбызды карасак. Тышкы саясат боюнча, орусча айтып коёт “слон в посудной лавке” деп, пил идиш-аяк саткан дүкөндүн ичинде баскандай болбой, жети өлчөп бир ишти жасасак жакшы болот эле. Балансталган тышкы саясатты жүргүзсөк жакшы болот.

- Ганси авиабазасы үчүн түшүп аткан акчалар тууралуу ар кандай пикирлер бар. Сиз тышкы иштер министри кезиңизде Ганси үчүн келген акчалар кайда кетип атканы текшерилдиби?

- Март революциясынан кийин Ганси авиабазасы боюча маселе келип чыкты. Ага чейин Адил Тойгонбаев ошол жерде фирма түзүп, Айдар Акаев экөө көп акчаларды сол чөнтөккө салып келгени баарыбызга маалым болду. Азимбек Бекназаров кылмыш ишин ачты, анан ал кызматтан кеткенден кийин эми азыр болсо баары жым-жым болуп кетти, ал иштер аягына чыккан жок. Менин түшүнүгүм боюнча 50 млн. доллардын көбү самолетторго куюла турган авиамай үчүн төлөнөт. Мурда ал майды ким берчү эле? Акаевдин күйө баласы, баласы берчү. Бүгүн кимдин колунда? Ал боюнча элдин оозунда азыр көп сөз бар... Биздин элдин аны билүүгө укугу бар...

- Жакында Азимбек Бекназаров Конституциянын долбоорлорунун альтернативалуу эки-үч вариантын жазып туруп президентке бербедиби. Конституциянын долбоорлорун жазуу учурунда сиз менен кеңешип кескен убагы болдубу? Сиз кайсы принциптерине макулсуз, кайсы принциптерине макул эмессиз?

- Партиялык жыйыныбызда принциптер тууралуу көп эле сүйлөшөбүз. Бирок Конституциячны жазуу атайын топтун иши болду. Биз ойлойбуз – президент Бакиев Азимбек Бекназаровго долбоорду жазууну тапшырганы абдан чоң баа берүү болду деп. Биздин партиябыздын идеялары Азимбектин ишине, оюна сиңди деп ишенем.

Мен өзүм негизи алдыга кадам жасаш үчүн парламенттик республика түзсөк деп ойлойм. Бул - бир. Экинчиден, кыргыз тили мамлекеттик тил болуп калсын дегенге партия катуу туруп атабыз. Биз орус тилин тааныбайбыз. Кыргыз тили мамлекеттик тил боло албайт дегендерге биз эч качан макул эмеспиз.

- Мындай бир пикирлерди айтып жүрүшпөйбү - кыргыз тили иш кагаздарында өтө чабал, ага даяр эмес, анын үстүнө Кыргызстанда жашаган элдин көпчүлүгү кыргыз тилин билбейт, деген пикирлер. Ушул жагынан алганда абал кандай болот? Дароо эле Конституцияга мамлекеттик тил - кыргыз тили деп жазылып калса, орус тилинде сүйлөгөндөр, орус тилинин орду бар тармактар эмне болот деген тынчсыздануулар айтылып атат?

- Мен таң калам, ар бир улут деген бул - өз эне тили бар адамдар да. Улуттун уюткусу тил экен. Биз бардыгына англис тилине үйрөнүп атабыз, француз тилин окуп жатабыз, деги койчу, эмне деген гана тилдерди үйрөнбөй атабыз. Кытай тили абдан татаал тил, ошону үйрөнөбүз деп атат, рынокту, демократияны үйрөнүп атабыз. Анан кыргыз тилге келгенде эле, бул эмне деген тил өзүбүздүн элибизге жакпаган, кабыл алынбаган, жукпаган?..

- Сиз министр кезиңизде кыргыз тилинде сүйлөп, кыргыз тилинин ордун жок дегенде министрликте аныктаганга жарадыңызбы?

- Сөзсүз. Тышкы иштер министрлигинде иштегендер кайсы тилде гана сүйлөбөйт?!.. Бирок алар дагы кыргыз тилине келгенде эле тантырап, такалып, мукактанып калышат. Министр болуп турганда Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл келгенде мен кыргыз тилинде сүйлөдүм. Абдан уялдым Абдулла Гүл “15 жыл эгемендүүлүк болгондон бери ушул байкуштар кыргыз тилин такыр үйрөнө албай койду” деп айтпасын деп. Бизде кыргызча да, түркчө да мыкты сүйлөгөн эксперттерибиз бар, алар Абдулла Гүл менен жолугушуунун мазмунун кыргыз тилинен түрк тилине которуп беришти. Башкалар келгенде мен англисче сүйлөйм котормосуз эле. Мен тышкы иштер министрлигине келген жарым жыл аралыгында кызматкерлерди кыргыз тилине татынакай эле үйрөтүп, көндүрүп келаткам...

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG