Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

КАРАСУУДА ПАРАНЖЫ ЖАМЫНГАН АЯЛДАР НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ


Карасуу райондук акимчилигинин алдында чүмбөт жамынган жыйырмага жакын аял нааразылык акциясына чыгышты. Алар мындан эки күн илгери жергиликтүү күч органдары тарабынан кармалып кеткен төрт атуулдун бошотулушун талап кылышып, камакка алынгандарга карата жоочулар менен байланышы бар деген жасалма айыптар тагылып жаткандыгына нааразылыктарын билдиришти.

Жума намазы окулуп бүткөндөн кийин түшкү саат үчтөрдөн өтүп Карасуу райондук акимчилигинин алдына чүмбөт жамынган аялдар колдоруна “Мусулмандар террорист эмес. Репрессия токтотулсун. Бей күнөө балдарыбызды коё бергиле” деген ураандарды көтөрүп келишти. Алар негизги талабы катары мындан эки күн мурда экстремисттик уюмдар менен алака кылышы мүмкүн деген шек менен кармалган төрт атуулдун тез арада бошотулушун талап кылышты:

- Бул баламды кое бергиле, балдарымды мектепке даярдашым керек, андай болсо ушул маселени чечип берсин - деди кармалып кеткен уулун бошотууну талап кылган Рабихан Насыржанова.

Окуянын күбөөсү болгон кесиби боюнча дарыгер Гүлнара Кожобаева болсо мусулманчылык тилектештик үчүн нааразылык акциясына чыккандыгын белгилөө менен жергиликтүү күч органдарынын кийинки учурлардагы аракеттерин репрессиялык усул катары баалап, адам укугунун одоно түрдө бузулуп жаткандыгын билдирди:

- Барсам аялы эси ооп өзүн билбей жаткан экен. Он беш адам барып алып аял кишини чочутса кандай болот. Эмне болду экен деп чыксам 15 маскачан кишилер ороп алышыптыр. Документиңер барбы десем, эч ким көрсөткөн жок.

Бир канча убакыттан соң митингчилердин алдына райондун акиминин биринчи орунбасары, райондук улуттук коопсуздук кызматынын башчысы жана башка бир катар расмий адамдар чыгышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Карасуу шаарынын башчысы Махмуд Рахимов болсо бир канча үйдү тинтүү жана шектүү деп эсептелинген төрт атуулду кармоо иштери прокурордун атайын уруксаты менен жүргүзүлгөндүгүн билдирди:

- Имамдын өлүмүнөн кийин террористтер менен кандайдыр бир алакасы бар деп шектенген адамдарды укук коргоо кызматкерлери текшерип атат.

Бул окуя боюнча Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу келип убактылуу кармоо жайында турган төрт атуул менен жолугушуп, аларды кармоонун себептери боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы маалым болду.


Кубанычбек Жолдошев, Карасуу
XS
SM
MD
LG