Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

КЫРГЫЗСТАНДА ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ КАНДАЙ ЖҮРҮҮДӨ?


Кечээ «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын жетекчиси, депутат Азимбек Бекназаров өлкөнүн түштүк аймагында терроризмге жана экстремизмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын ыкмаларын сынга алган билдирүү таратты. Анда терроризмге каршы атайын операциялар мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүп, бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жаткандыгы тууралуу айтылган. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү мындай көз караштарды четке кагууда.

Депутат Азимбек Бекназаров тараткан билдирүүдө терроризмге каршы операциялар Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтылган. Анда белгилегендей, бул операцияларда бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп, алардын канчалык күнөөсү бар экендиги боюнча коопсуздук кызматы далилдүү фактыларды коомчулукка жарыя кыла элек.

Билдирүүдө Кыргызстандын атайын кызматтары терроризмге каршы күрөшүү кампаниясын Өзбекстандын атайын кызматтары менен бирдикте жүргүзүп жаткандыгы сынга алынган. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да ушундай пикирде:

- Мен Кыргызстандын атайын кызматтарынын Өзбекстандын атайын кызматтары менен кызматташуусуна каршымын. Өзбекстандын атайын кызматтары тарабынан кандай жолдор менен терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш жүргүзүлгөндүгүн биз билебиз. Алар биринчи шектелген адамдарды өлтүрүп, андан кийин тергөө иштерин жүргүзө баштайт. Биз да ошондой жолго түшүп атабыз. Биз андай ыкмалар менен терроризмге каршы күрөшүүгө жол бербешибиз керек .

Коопсуздук кызматынын өкүлү Нурбек Токбаев өлкөнүн түштүгүндө терроримге каршы иш-чаралар мыйзам чегинде жүргүзүлүп жактандыгы тууралуу мындай деди:

- Чындыгында соңку мезгилде өлкөнүн түштүгүндө өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган күчтөр активдеше баштады. Аларга каршы күрөшүү мыйзам чегинде жүргүзүлүүдө. Бизде Өзбекстан Ислам кыймылынына мүчө адамдардын үстүнөн чогултулган материалдар, маалыматтар бар. Жалалабатта, Ошто орун алган окуялар боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Терроризмге каршы күрөшүүгө жамынуу менен бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жатат деген пикирлер негизсиз. Бул - саясий упай топтоонун бир ыкмасы деп эсептейм .

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Болот Жанузаков эл аралык денгээлде жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы күрөшүү маселелерине кыргыз өкмөтү да кылдат мамиле жасоого тийиш деген көз карашын айтты:

- Өкмөт терроримзге каршы күрөшүү маселесине кайдыгер мамиле жасабашы керек. Айрыкча азыркыдай террористтик жана экстремисттик күчтөр активдеше баштаган тапта. Бул багыттагы ишти коопсуздук кызматы кылдат жүргүзүшү керек. Анткени, анын башкы милдеттеринин бири - өлкөдөгү коопсуздук тармагындагы абалды көзөмөлдөп, коопсуздукка коркунуч туудурган фактыларды аныктап туруу. Ал эми анын жасаган иштерине баа берүү аракеттери туура эмес. Атайын кызматтардын иши атайын мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт .

"Асаба" партиясы тараткан билдирүүдө ошондой эле 6-августта Ошто имам Махуммадрафик Камаловдун өлтүрүлүшү учурда өзбек тургундарынын арасында өкмөткө каршы маанайды жаратууда. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү мындай маалыматтарды четке какты.

Азиза Турдуева, Бишкек

XS
SM
MD
LG