Азиз Бейшеналиев - кыргыз киносунун чоң жылдызы, Кыргызстандын эл артисти, актер Болот Бейшеналиевдин уулу. Ал бул фильмде баш каарман - Мустафа Чокайдын ролун аткарат. Мустафа Чокай жөнүндө тарых барактары ар мезгилде ар башкача пикирлерди жазып келишкени менен жаңы муундун элесинде ал баары бир өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту болуп калмакчы.
Азиз менен биз “Азаттыктын” Прага студиясында тааныштык. Эки жактан эки журналист, Жаңыл Жусубжан экөөбүз, суроолорду жаадырып, көп жылдардан бери кыргыз киносуна анча белгисиз, бирок атасы Болот Бейшеналиев аркылуу жана башка мамлекеттерде тартылган фильмдерден таанылып калган жаш актер тууралуу көбүрөөк билип калганга аракет кылдык. Эмне үчүн буга чейин Азиз Бейшеналиев тууралуу биз дээрлик билген эмеспиз?
А.Бейшеналиев: - Мен жөнүндө буга чейин анча көп айтылбаганы, чынында, таң калыштуу деле эмес. Анткени мен киного тартыла баштаганыма салыштырмалуу көп деле болгон жок. Азырынча өзүм башкы ролдо ойногон кандайдыр бир чоң тасмаларды деле атай албайм. Мен үчүн кызыктуу болгон ири долбоорлордун бири катары казактар, америкалыктар жана орустар биргелешип тарткан “Көчмөндөр” деген тасманы атасам болот ко. Биз аны Казакстанда эки жыл бою тарттык. “Мосфильмде” болсо алгачкы ролум Александр Прошкиндин “Трио” деген филминде болду. Ал үч жыл мурда тартылган эле. Ал эми жалпы эле кинодо алгачкы жолу 10 жыл мурда Ташкендеги студияны бүтүшүм менен эле өзбекстандык “Буюк Амир Темур” же “Улуу Амир Темур” тасмасына түштүм.
Ж.Жусубжан: Азиз, “Мустафа Чокайда” кантип тартылып калдыңар?
А.Бейшеналиев: - Эки жыл мурда, биз Казакстанда “Көчмөндөр” фильмин тартып бүтүп калганда, мага режиссер Сакен ага (Сатыбалды Нарымбетов – автор) келип, мени Чокайдын ролун аткаруу үчүн сынап көрөөрүн айтып калды. Ал буга чейин менин сүрөтүмдү көргөн экен, атайы таанышайын деген максатта келиптир. Эки-үч күндөн кийин ал мага фильмдин ошол кездеги сценарийин көрсөттү. Мен аны окуп, чынында тен бердим, мен Борбор Азиянын тарыхындагы ошол мезгил жөнүндө аз билчүмүн. Андан кийин ал киши жөнүндө интернеттен да көп материалдарды таап окуганга мүмкүн болду. Көрсө, ал тууралуу кайчы пикирлер көп экен. Бирок мен үчүн соңку 15 жылда жарык көргөн макалалар кызыктуураак көрүндү. Ошентип, бир жыл мурда биз тасманы тарта баштадык. Эми, буюрса, аны ийгиликтүү бүтүрөбүз го деп ишенем. Анткени бул, менимче, жалпы эле Борбор Азия үчүн чоң эмгек болот.
Ж.Жусубжан: Мустафа Чокайды коммунисттер “Эл душманы” деп бир жактуу каралап келишпеди беле? Эми казактар тарыхты өздөрүнө ылайыктап кайра жазып жатышкан жокпу?
А.Бейшеналиев: - Жок мен антип ойлобойм, анткени мен бир эле сценарийди окуу менен эле чектелген жокмун. Мустафа Чокайдын ролуна даярданып жатып, мен ал жөнүндө көп материалдарды, анын ичинде, Чокайдын жубайы Мария Горина Чокайдын да эскерүү китебин окудум. Менимче, албетте, ар бир эле казак үчүн ушундай бийик идеяларды көтөрүп чыккан Мустафа Чокай казак болгону сыймыктанаарлык, бирок Чокай өзү Түркстанды беш башка улутка бөлүүнү каалаган эмес. “Түркстан – биздин жалпы үйүбүз болушу керек” деген ал. Ошондуктан, казактар тарыхты өздөрүнө ылайыктап, өзгөртүп жатышат деп ойлобойм. Алар болгону буга чейин бизге белгисиз болгон фактыларды айтып жатышат. Мисалы, менин жубайым казак, кайын-энем да казак. Ал – казак тарыхынын чоң патриоту десем болом. Бирок мен Мустафа Чокай жөнүндө андан сураганда, ал “Ий, бизге ал жөнүндө мектепте Чокай саткын болгон деп айтышкан” деген менен эле чектелди. А бирок мектепте бизге эмнелерди гана айтышкан эмес?! Алардын көбү чындыкка жатпай турганын эми билип олтурабыз го.
Т.Дооров: Анда, Азиз, айтсаңыз, Мустафа Чокайды ойноп, ошол кишинин образын жаратып жатып сиз өзүңүздү кандай сезесиз? Дегеле, сиз аны кантип ойнойсуз?
А.Бейшеналиев: - Менин бир актер досум: “Ар бир эле адамда бардык сапаттар, коркоктук да, жек-көрүүчүлүк да, боорукердик да, эрдик да бар”, - деп айтып калчу. “Жөн гана аларды керектүү учурда эстеп, аны кайра жашап өтүүгө же, жок дегенде, көрсөтүүгө үйрөнүш керек” дечү. Мында техникалык жактары да көп. Албетте, менин жеке жашоомдогу тажрыйбамды Мустафа Чокайдыкы менин салыштырып болбос, андыктан мен аны ойноп жатып, сценарий боюнча керектүү жерде өзүмдүн жеке сезимдериме, сапаттарыма кайрылууга аракет кылдым. Бул канчалык деңгээлде ишенимдүү, канчалык чындыкка окшош болгонун айтуу кыйын. Анын жыйынтыгы кандай болоорун да билбейм. Бизде, киночулар арасында, бир сөз бар: “экран өзү көрсөтөт” деп коюшат. Ага чейин өзүңдү да, башкаларды да уруша беришиң мүмкүн же өзүң тууралуу жакшы да, жаман да сөз уга бересиң, бирок иштин жыйынтыгына бул эч таасир этпейт. Андыктан, баарын экран өзү көрсөтөт, мен билбейм.
Т.Дооров: Сизди, Азиз, азыр кыргыз фильмдерине да тартылууга чакырып атышабы?
А.Бейшеналиев: - Өткөн жумада мага Геннадий Базаровдон чалышты. Августтун ортосунда эки жумага Кыргызстанга келип-кетүүнү суранышты. Бирок дал ушул мезгилде мен Москвада бир жылдан бери тартылып жаткан тасманын (“Параграф 78” деген тасма жөнүндө сөз болуп жатат – автор.) маанилүү эки эпизоду Севастополдо тартылмак. Ошондуктан мага ал сунуштан баш тартууга туура келди. Эгерде, жок эле дегенде, бир ай мурдараак айтып коюшса, балким, бир нерсени өзгөртсө болмок, бирок азыр, тилекке каршы, мүмкүн эмес.
Ж.Жусубжан: Геннадий Базаров силерге кандай ролду сунуш этип жатат?
А.Бейшеналиев: - Базаров өзү мени менен сүйлөшкөн жок. Мага “Кыргызфильмдин” актердук бөлүмүнүн мурдагы директору Роза эже чалып: “Бул өтө кызыктуу роль, жакшы фильм болот” деди. Тасма аз эле акчага тартылып жатыптыр, бирок бул мен үчүн анча деле маанилүү эмес болчу. Мен дагы бир жолу “Кыргызфильм” менен иштешүү үчүн чоң сүйүнүч менен бармакмын, анткени бул студияга, өзүңүздөр билесиздер, менин мамилем өзгөчө...
Ж.Жусубжан: Азиз, силердин атаңар Болот Бейшеналиев жөнүндө эмне айта аласыңар? Башында сиз, башка кесипти аркалайм деп аракет кылган экенсиз, бирок баары бир атаңардын жолун жолдоп, азыр фильмдерге тартылып жатасыңар. Бул жаатта атаңардан кеп-кеңеш уга алдыңарбы?
Азиз Бейшеналиев: - Ата-энем ашыражып кетишкенде мен 2 жашта болчумун. 19 жашка чейин мен атамды дээрлик көргөн жокмун десем болот ко, 3 эле жолу жолугуштук, бирок ал жолугушуулар мага эч нерсе берген жок. Мен 19 га толгондо атам Москвадан Бишкекке келди, ошондо биз алгачкы ирет жакшы сүйлөшүп, бири-бирибиз менен жакшы мамиле түзө алдык... достошуп калдык.
Т.Дооров:Сиз азыр эларалык түрдүү долбоорлорго, КМШ алкагындагы ар кайсыл тасмаларга тартылып жатасыз? Деги өзүңүздү кайсыл элдин, же өлкөнүн актеру деп билесиз?
Азиз Бейшеналиев: - Мен Бишкекте төрөлгөм, ал убакта шаар Фрунзе болчу. Менин атам кыргыз, Апам болсо, паспортунда өзбек деп жазылган, бирок анда түркмөндүн да, татар-башкырдын да каны бар. Жубайым болсо казак, демек, балдарым да жарымы казак. Өзүм акыркы 9 жыл Москвада жашап жатам, ага чейин Ташкенде, мектепти Чүйдөгү Быстровкада бүтүрдүм. Өзбекстандагы Каршида, Түркмөнстандагы Чарджоуда жашадым. Москвадагы жашоо мага чынында эле түп тегиңди биле жүрүш керектигин көрсөттү, үйрөттү. Андыктан, азыр мен жалпы эле Борбор Азияны өзүмдүн мекеним деп билем.
Дал ушул мааниден алып караганда, мага Мустафа Чокайдын ролун Азиз Бейшеналиев ойноп жатышы да бекеринен эместей туюлду. Анткени актер өзү башта айткандай, Мустафа Чокай да жалпы Борбор Азияны мекеним деп келген экен.
Ошентип, казакстандык режиссер Сатыбалды Нарымбетов жетектеген чыгармачыл топ Прагада фильмдин европалык бөлүгүн бүтүрүштү. Эми жакында кайра Казакстанда айрым башка сюжеттер боюнча иш болот. Ал эми Мустафанын ролундагы кыргыз актеру Азиз Бейшеналиевди жакынкы мезгилдерде, балким, кыргызстандык тасмалардан да көрүп калышыбыз мүмкүн.
Төрөкул Дооров, Прага
Сүрөттө: Азиз Бейшеналиев Прагада