Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 14:38

1916-ЖЫЛЫ ҮРКҮНДӨ ШЕЙИТ КЕТКЕНДЕРГЕ АЙКЕЛ ТУРГУЗУЛДУ


Кечээ (ишембиде) Боом капчыгайынын кире беришинде Үркүндө шейит кеткендерди эскерген ири эстелик тургузулду. Бишкек шаарынын үй куруучулар жамаатынын демилгеси жана каражаты менен тургузулган бул айкелдин бийиктиги -тогуз метр. Ушул жерде мындан 90 жыл мурда Атаке болушунун айылдарындагы (Кичикемин өрөөнүндөгү) кыргыздарды орустун ак падышасынын аскерлери кыргынга алганы тууралуу тарых барактарында жазылып калган. Айкелдин расмий ачылышы 25-августка болжолдонууда.

Мындан он беш жыл илгери Кыргызстанда Коммунисттик режимди кулатууга түздөн-түз тиешеси бар Кыргызстан демократиялык кыймылы жана башка демократиячыл уюмдар 1916-жылы улуттук боштондук кыймылы маалында жана Үркүндө шейит кеткендерди эскерип, 1991-жылы июлда “Өмүр көчү” деп аталган жөө жүрүш жасашкан.

Дал ошондо сапардын катышуучулары Боом капчыгайынын кире беришинде, кан жолдун түндүк тарабындагы дөңсөөгө атайын таш дөбө үйүп, болочокто ал жерге эстелик курууну пландаштырган. Бийлик да эстелик куруу оюна каршы чыккан юмес.

Бирок 15 жыл өтсө дагы демилгечилердин да, бийликтин да эстелик курууга колу тийбегендиктен, Бишкектеги 240 миң мүчөсү бар үй куруучулар жамааты ар бири бир сомдон чогултушуп, «Үркүн ордо» маданий комплексин курууну чечишкен, деп Бишкек шаардык коомдук мамлекеттик курулуш башкармачылыгынын жетекчиси Бейшен Абдразаков "Азаттыкка" билдирди:

- Өкмөт тараптан бир тыйын каражат алган жокпуз. Муну Бишкектеги үй куруучулар бир сомдон ыража кылып, 250 миң сом чогултуп, ушул эстеликти салып атабыз. Муну менен биз бийлик башындагыларга, байларга, аткаминерлерге үлгү көрсөтөлү дедик. Анткени үй куруучулар жамаатындагылардын 90 пайызы жакыр жашайт, 90 пайызынын туруктуу жумушу жок. Социалдык жактан кароосуз калган катмар. Мына ушул турмуштун эң оор сыноосун баштан кечирип жаткан адамдар демилге көтөрүп чыгышып, алардын каражатына ушул эстелик-комплекс тургузулуп жатат. Менимче, кыргыздын патриоттору - байлыгына чиренгендер эмес, ушул карапайым калк деп ойлойм.

Бейшен Абдыразаков белгилегендей, 1916-жылдагы окуяга кыргыз бийлиги алигиче саясий баа бербей келүүдө.

«Бул окуя жалпы элдин трагедиясы. Тарыхый булактарга таянып, болжолдуу изилдөө жүргүзгөнүбүздө, бир миллионго жакын кыргыздар кырылган.

Көбүнчө орус-казак аскерлери кырган 150-250 миң адам тарых булактарында жазылып, ал эми Кытайда набыт болгон, кайра кайтып келип, 1918-1919-жылдары ачкадан кырылган кыргыздар эске алынбай келүүдө», деген пикирин айтты Бейшен Абдыразаков.

Ал ошондой эле «Үркүн-ордо» маданий-комплексинин айланасына бак-дарактар тигилип, ары бери өткөн жүргүнчүлөр, келечек муундар сыйынып, «тарыхтын бир үзүмүн» эскерип кетүүчү жайга айланаарын айтты.

Мына ошол Үркүндө шейит кеткендерди эскерип Боом капчыгайынын кире беришинде түптөлгөн «Үркүн ордо» маданий комплексине ишембиде тогуз метрлик бийиктиктеги айкел тургузулду.



Ал эми аталган комплекстин расмий ачылышы 25-августка белгилеген.

Айкелдин автору бедизчи Садырбек Макеев:

- Ортодогу башкы корпустагы тогуз метрлик айкел, ата-энесин кучактап турган кичинекей бала, Үркүндөн тирүү калгандардын символу. Ал эми сол жактагы канатта турган дубалда ак падышанын офицери «Аткыла!» - деп буйрук берип, казак-орус жоокерлери куралсыз адамдарды атып жаткан учуру. Сол жактагы канатта окко учкан кыргыздардын, жан-соогалап качкан эне-баланын элеси түшүрүлдү.

Садырбек Макеевдин айтымында, кесиптеши Марлен Бакачиев менен бир нече эскиздерди түшүрүп, ушул долбоор жактырылып курулган. Ал калем акы албастан, арбактар үчүн өз жанынан каражат жумшап, Германиядан баалуу боёкторду алдырыптыр.

Маданий-комплекс курулуп жатканда Кемин районунун акимиятынан бир-эки чиновник келип, жардам керек болсо кайрылгыла деп кетишиптир.

«Ошол боюнча жергиликтүү акимият бир дагы жолу кызыгып коюшкан жок», дейт Макеев.

Бишкек шаардык коомдук мамлекеттик курулуш башкармачылыгынын жетекчиси Бейшен Абдразаковдун айтымында, Кемин райондук администрациясы, райондук архитектура башкармалыгы «Үркүн ордо» комплекси курулуп жаткан жер тилкесин мыйзамдаштырып чечим чыгарып беребиз дешкен экен. Бирок алигиче чечим чыгарылбаптыр.

Бийлик өкүлдөрү болсо бул 25-августтагы салтанаттуу жөрөлгөнү уюштуруп, анча-мынча болсо да каражат бөлүп, айтор, бул эскерүү жараянынан четте калышпагандыгын баса белгилешүүдө.

Мына ушул Боом капчыгайында мындан 90 жыл илгери кыргыздар кыргынга учурап, кан төгүлгөн окуя жөнүндө уккандарын 78 жаштагы эмгек ардагери Ишенбек Солтобаев "Азаттыкка" төмөндөгүчө эскерип айтты:

- Аксакалдардын айтымында, Сарыбагыштын таздар уруусунан мергенчи, бүркүтчү Жунуш деген адам жигиттерди курап, ушул Боом капчыгайынан ак паашанын жоокерлерин тосуп катуу уруш салыптыр. Үч араба куралды, бир орустун офицерин колго түшүрүптүр. Тетиги кырдын ары жагындагы Көкжонго, Чоңкемин жагындагы элге куралдарды таркатып берип, орус аскерлеринин жолун тосушуптур. Жанагы колго түшкөн офицердин чөнтөгүндө «Кыргыздардын бешиктеги баласына чейин кыргыла», деген буйрук бар экен» - деп эски кишилер айтып калышчу. Бул окуя Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхында» да жазылып калган.

Ардагер Ишенбек Солтобаевдин ата-энеси да Үркүнгө качып, Кытайда бозгун болушуптур. Далай азап-тозокту баштан кечирип, кайра өз жерине кайтышканда, семирген жапайы иттер өлүктөрдү жебей, ачка, алы жок кетип бараткан адамдарды жара тартып, жылуу канына тойгонун айтып беришчү экен, дейт Солтобаев.


“1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын баатырларын жана Улуу Үркүндү эскерүү азыркы кыргыз-орусиялык мамилелерге кедерги тийгизбеши керек, бирок 90 жыл илгерки окуялар тарыхый адилет жана таасын баасын алууга тийиш” деген маанайдагы каттар “Азаттыктын” интернет почтоосунун куржунуна байма-бай түшүүдө.

Сүрөттө: 1. Быйылкы 30-июлдагы Бедел ашуусундагы эскерүү сапары маалында тартылган бир көрүнүш. Эс-тутум сапар "Асаба" партиясынын демилгеси менен жасалып, алатоолук коомчулук ургаалдуу катышкан.

2.Үркүндө шейит кеткендерди эскерип Боом капчыгайынын кире беришинде тургузулган айкел.
Айкелдин автору бедизчи Садырбек Макеев.

"Азаттыктын" сүрөттөрү.

XS
SM
MD
LG