Ирак бийликтери зыяратчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 18-августтун түнүнөн тарта үч күнгө Багдадга миңдеген кошумча аскер жайгаштырып, чукул кырдаал абалын киргизген эле. Полициянын өкүлү, генерал-майор Мохамед Неми бомба чабуулуна пайдаланылбасы үчүн автомобилдерди көчөгө койгонго тыйуу салынганын ишемби күнү эртелеп эскерткен:
-Биз коопсуздук планына ылайык иштөөдөбүз. Кудай кааласа, бул ирет миллиондой зыяратчы катышкан зыяпаттын коопсуздугун камсыздоого Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, коалициялык күчтөр жардам берет. Кудай кааласа, баары жакшы болот. Багдадда коменданттык саат жарыяланып, шаарга кирип-чыккандар текшерилүүдө.
Мындай этияттыкка карабай, ич ара жаатташтык согушунун кесепетинен Имам Муса Кадимини эскерип, жекшемби күнү улуу зыяпатка келген шиит-мусулмандарга кол салуулар токтогон жок.
Ассошэйтед пресс агенттигинин билдиришинче, Имамдын күмбөзү турган жайга коңшу мааледе аскерлер менен шиит ыктыярдуулары имарат-тамдардын чатырларына жашынып, зыяратчыларга ок атып жаткан белгисиз кол салуучулар менен аткылашкан.
Полиция бир нече снапейр жок кылынганын, ок жеп же бомба жарылып, кеминде 20 адам набыт болгонун, жарадарлардын саны 300гө чукулдап барганын маалымдады.
Шииттер 8 кылымда өткөн Имам Муса Кадимини ал абакта отурганда суннит калифи уу берип өлтүргөн деп ишенишет жана аны ыйык санашат. Кадиминин төбөсү алтын жалатылган күмбөзү Багдаддын түндүк бөлүгүндө орун алган. Шииттер жылына ушу маалда ага келип табынышат.
Шииттердин салты боюнча, баштан-аяк ак кийинген зыяратчылар үн созо «О, Имам, биз сенин үнүңдү угуп жатабыз”,- дешип, көкүрөгүн жана арка далысын зым чынжырлар менен чапкылашат. Ак кийим алардын Ислам үчүн жанын берүүгө даяр экенин билдирет.
Имам Муса Кадиминин арбагына таазим этүү зыяпаты күндөрүндөгү калаба- сунниттер жана шииттер ортосундагы жаатташуу согушун жана суннит козголоңчуларын куралсыздандыруу Ирактын улуттук өкмөтү үчүн чоң сыноо экенин кайра эске салды.