Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

21-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылдын бул күнү Токмокту камаган кыргыздарга Канат баатыр баштаган 400 чамалуу адам келип кошулду. Коргоо министри Мырзакан Субанов 1999-жылдын 21-августтунда премьер-министр Амангелди Муралиевге, Кыргызстанга кирген согушчандар толугу менен талкалангандыгын билдирди.

1916-жылдын бул күнү Токмокту камаган кыргыздарга Канат баатыр баштаган 400 чамалуу адам келип кошулду. Алар Кочкордон чыгып, Чүйгө Шамшы ашуусун ашып келишкен. Канат баатыр адамдары менен мындагы Шамшы, Тынай, Бурана, Нурмамбет болуштугунан топтолгон кыргыздар менен биргелешип, шаарга бекинген аскерлерге каршы тынымсыз чабуул коюп турду.

Белек Солтоноевдун жазганына караганда Атаке сарыбагыштарынан кайткан уезддик аскер башчы Бурананын алдындагы Мусакожонун мечитине жакын Ажыбек кашатка замбирек орнотуп ата баштаган. Мурда замбирек көрбөгөн эл аскерге даап кол салалбай бугуп турган. Орустар замбирек менен аткылап, кечинде Токмокко кирип кетишкен.

1916-жылдын бул күнү Атаке сарыбагыштары үркүп, Улаколго жакын жердеги Ак өлөң оюндагы Алышка конгонун уккан, Семиз белдеги арык тукуму жапырт көчкөн. Алар Улакол сазынан орун алышып, мында өргүүгө турушкан.

1917-жылдын бул күнү Ошто мусулман жумушчулары менен чайрыкер депутаттардын уюму уюшулду. Буга чейин ал Оштогу жумушчу жана солдат депутаттардын кеңеши аталып келген.

1999-жылдын жай айында Кыргызстанга кирген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары өлкө бейпилдигине залака келтирип, коргоо күчтөрү үчүн оор сыноо жараткандыгы маалым. Коргоо министри Мырзакан Субанов 21-август ишемби күнү премьер-министр Амангелди Муралиевге, Кыргызстанга кирген согушчандар толугу менен талкаланды деп рапорт берди.

2003-жылдын бул күнү Бишкек шаарында «Байыркы жана азыркы кыргыздардын чекарасы» аттуу илимий-практикалык конференция ишин баштады. Конференцияда кыргыз калкынын тарыхы жана мамлекет куруу салты, чекара маселелерине байланышкан билдирүүлөр жасалды.

Бул күнү, 1192-жылы Япониядагы императордук бийлик башкы командачы сёгундун бийлигине алмашылып, 1888-жылы эсептөө машинасы патенттелип, 1932-жылы Венецияда биринчи эларалык кинофестиваль өткөрүлүп, 1981-жылы окумуштуулар биринчи жолу Жер шаарынын глобалдык ысышын билдиришип, 1754-жылы англис ойлоп тапкычы жана жарык үчүн газды колдонгон Уильям Мердок, 1789-жылы атактуу француз математиги Огюстен Коши, 1906-жылы америкалык мультипликатор, беш «Оскар» ээси Фриц Фреленг жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG