Карабалта тоокен металлургия комбинаты 28-августта ачык тендерге коюлмак. Буга чейин комбинаттын акцияларын сатып алууга кайсы бир казакстандык компания кызыкдар экени айтылып келген. Буга чейинки кыргыз энергетикасына чоң инвестиция алып келүүгө куштар биртоп компаниялардын аты аталып, бирок да бир да бирөөсүнүн реалдуу ишке батынбай келатышканын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров өкмөттүк жыйындардын биринде моминтип ачыкка чыгарды.
- Баары эле келгенсип атты. Чындап бир киши келе элек. Бир жыл болду, бул жерге келип курам деген, бир тыйын акча чыгарган киши боло элек.
Кыязы, Карабалта тоокен комбинатын деле ошол эле «Камбарата» ГЭСтеринин тагдыры күтүп калышы ыктымал. Антишке эмдигиче комбинаттын акцияларын сатып алууга кызыкдар компаниянын чыкпай жатышы себепкер болууда. Аны Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков ачыкка чыгарды.
- Мынакей бир жума калды го, тендердин аягына чейин. Ай, тендерге катышам деп бир да өтүнүч түшө элек. Кызык э, мурун кишилер көп болот, өтүнүчтөр көп болот дешчү эле, мына эми кара, бир да өтүнүч жок.
Кыргызстандын уран кендерин казып алуу иштери социализм заманында эле токтолгон. 70-жылдары аягына чыккан а кездеги кендерден калган уулуу калдыктар, радиоактивдүү таштандылар кыргыз өкмөтүнүн кыйладан берки баш оорусуна айланып келатат. Карабалта тоокен комбинаты андан бери сырттан ташылып келген чийки заттарды иштетип келатат.
Комбинаттын кийинки жылдары каржылык, чийки зат менен камсыз болуу жагынан кыйынчылыкка кабылып атышынын себеп-жөнү деле жөнөкөй. Чийки зат жетишсиздиги, каржылык каатчылык, буга кошумча, жакындан бери комбинаттын жумушчулары тендерди жакын арада жарыялап, ишти бир жаңсыл чечүүнү талап кылышууда.
Өкмөт башчы Феликс Куловдун ырасташынча, комбинаттын ачык тендер маселеси сентябрга чейин чечилбесе, иш дагы кыйлага созулуп кетиши ыктымал. Убакыттын узарып кетиши комбинаттын ансыз да кыйын абалын оорлоткондон башкага жарабайт.
- Убакытты создуктуруу комбинат үчүн оор салакасын тийгизчүдөй. Ошол себептүү өкмөт жоопкерчиликти өз мойнуна алып, тендерди жарыялап жатат. Тендердин шарты аябай катуу. Биринчиси, биз кыйла акчаны алдын-ала төлөп коюшун, комбинатка ээ болуш үчүн алгач 3,5 миллион доллар төгүшүн талап кылуудабыз. Анан да комбинаттын мойнунда илинип турган 8 миллион долларды да төлөш керек. Буга кошумча, уран кошулмасы бар концентратты иштетүүнү токтотпош керек. Завод тендердин жыйынтыгы чыккандан кийин 100 күн ичинде толук иштеөөсү абзел,- дейт Ф.Кулов.
Жаңы инвесторго келе электен мурда эле алдагыдай оор милдеттин коюлушун Ф.Кулов буга чейин кыргыз өкмөтү өткөргөн Кадамжайдагы сурма комбинатынын тендеринен алынган ачуу сабакка байланыштуу түшүндүрөт. Өкмөт сурма комбинатты чет эл инвесторлоруна тендерге коюп сатып атканда келишимде экологиялык шарт-талаптарды, туз калдыктарын кантип зыянсыздандыруу милдетин унутта калтырып койгон. Анын эсесин эми өзү толтурушка мажбур. Баш-аягы миллион доллар акчаны талап кылган жумушту аткарууга өкмөттүн чама-чаркы жетишпей туру. Кадамжайдын сабагын эсинен чыгарбаган өкмөттүн катуу талабына макул болчу инвестор азырынча чыга элек.
- Биз катышуу тууралуу өтүнүчтөр түшөт деп турабыз ,- дейт Ф.Кулов.
Убакыт өтөле аз калды. Аптанын аягына чейин акча-кагазын көтөрүнүп инвестор келеби же ачык тендер мөөнөтү кийинкиге жылдырылабы, бул да азырынча белгисиз.