Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

22-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1847-жылдын 22-августунда казактардын Копал шаарында кыргыз-казак келишимине кол коюлган. 1916-жылдын бул күнү Токмок шаарын басып алууга аракет жасаган кыргыздар катуу жеңилүүгө дуушар болушту.

1847-жылдын 22-августунда казактардын Копал шаарында кыргыз-казак келишимине кол коюлган. Эки тараптын ийри отуруп, түз кеңешине буга чейин эки эл ортосунда орун алган-барымтачылык, жер талаш жана орунсуз кагылыштар себеп болгон. Кыргыз-казак келишимине Россия империясы ортомчу болуп, ал каршылашкан тараптарды маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү оң экендигине ынандырган. Копал келишиминен кийин боордош калктар ортосундагы мамиле жөнгө салынган жана анда каралган келишим жобосунун сакталышына Россия империясы кепилдикке кирген. Келишимге кыргыз тарабынан-Үмөтаалы Ормонов, Жантай Атекин, Жангарач Исхожин, Токтор Карачынаровдордун колу коюлуп, мөөрлөрү басылган.

1875-жылдын бул күндөрү Түркстан генерал-губернатору Кауфман Абдурахман Афтобачи баштаган кыпчак козголоңчуларына каршы ийгиликтүү согуш операциясын өткөргөн. 22-августта орус аскерлери Хожент шаарынан 42 чакырым алыстыкта орун алган Махрам чебине чабуул жасады. Махрам салгылашуусунда Абдурахман Афтобачинин 30 миң чамалуу колу талкаланып, орус аскерлери согуш куралдарынан тышкаары чоң олжого туйтунушкан.
1916-жылдын бул күнү Токмок шаарын басып алууга аракет жасаган кыргыздар катуу жеңилүүгө дуушар болушту. Август айынын 14нөн башталган чабуул бул күнү ийгиликсиз аяктаган. 22-августтун таңында шаарга подполковник Гейцигдин отряды кирип, бир саат аралыгында орус аскерлери позицияны толук ээлешип, чабуул койгон кыргыз колун артиллериянын күчү менен толук талкалаган.

1999-жылдын 22-август таң эртең менен Баткенден аскер күчтөрү чыгарыла баштады. Ушул эле күнү кечке жуук Өзбекстан ислам кыймылына караштуу 30 чамалуу согушчандар Баткен районундагы Зардалы, Кожо ачкан кыштактарын басып алышты. Алар Жылуусууда орун алган геологдор шаарчасын ээлешип, төрт япон геологу, Ички иштер министрлигинин аскер командачысы, генерал Анарбек Шамкеевди туткунга алышты.

Бул күнү, 1485-жылы Босворт алдында англис королу Ричард III өлтүрүлүп, Кызыл жана Ак Розалардын согушу соңуна чыгып, 1914-жылы согушка байланыштуу Россияда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынып, 1943-жылы Советтер Союзунда Суворовдук училищалар ачылып, 1647-жылы француз ойлоп тапкычы Дени Папен, 1862-жылы француз композитору Клод Дебюсси, 1874-жылы немец философу, философиялык антропологиянын негиз салуучусу Макс Шелер, 1936-жылы сынчы Авас Сарымбетов жарык дүйнөгө келсе, 1980-жылы атактуу комузчу Чалагыз Иманкулов дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG