Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:36

МАСКӨӨДӨГҮ ЖАҢЫ ЖАРДЫРУУНУ УЛУТЧУЛДАР УЮШТУРГАН СЫЯКТУУ


Нарын АЙЫП, Прага 21-августта эртең менен Маскөөдөгү Черкизов базарында болгон жардыруудан он адам курман болуп, элүүдөн ашык киши жараат алды. Прокурордун айтымында, жардыруунун террорчулукка тийешеси жок сыяктуу жана аны улутчул уюмдардын мүчөлөрү уюштургандай.

Маскөө шаарынын прокурору Юрий Семиндин айтымында, террор боюнча божомол маалыматтар дагы текшерилип жатат, бирок бул жардыруу - коммерциялык атаандаштар ортосундагы жаңжалдын натыйжасы экендиги тууралуу айныгыс маалыматтар бар: "Жарылуунун себеби - коммерциялык араздашуу же кылмыштуу топтор ортосундагы жаңжалда жаткан сыяктуу. Террорчулукту дагы мен толугу менен жокко чыгара албайм, бирок мыйзам боюнча так карасак, террорчулук боюнча орчундуу далилдер жок. Анткен менен андай мүмкүнчүлүк дагы каралып жатат", - дейт прокурор Семин.

Жарылуунун өзүнөн сегиз адам дароо курман болгон, дагы эки киши кийин ооруканада жан берген. Элүү беш адам жараат алган, алардын кырк тогузу ооруканаларга жеткирилген, кечинде ооруканаларда 35 адам калды, алардын он бешинин абалы оор. Өлгөндөрдүн экөө - жаш бала. Курман болгондордун бешөө кытай, экөө ветнам экендиги тууралуу маалыматтар чыкты, маскөөлүк эч ким өлгөн эмес.

Бул окуя улут аралык араздашуудан чыккан чатактын натыйжасы экендиги тууралуу так маалымат жок, бирок жарылуу - Азербайжан жана Кытай менен Ветнамдан келген соодагерлер иштеген "Евразия" деген павильондун алдында болгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, жардырууну даярдагандар - улутчул жаштар уюмунун мүчөлөрү болушу мүмкүн. Жарылуучу затты базарга орустарга окшош эки жигит сумкага салып алып келип таштаган жана качып баратканда кармалган.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, сумкага жарылуучу зат салынган, бирок анын ичине эч кандай темир тетиктер кошулган эмес жана ал "бомбанын" сырты да болгон эмес, жөн гана жарылуучу зат таза түрүндө болгон сыяктуу. Чыныгы бомба болгондо, жапа чеккендердин саны мындан да көп болмок деп айтылууда. Эксперттердин айтымында, жарылуунун күчү бир килограмм тротилдин жарылганындай.

Прокурор Семиндин айтымында, 18 жана 25 жаштагы эки жигит кармалды, алардын аты-жөнү такталды деп айтылууда, бирок ачык жарыяланган жок.

XS
SM
MD
LG