Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

ЛИВАНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КҮЧТӨРДҮ ИТАЛИЯ ЖЕТЕКТЕШИ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Ливан боюнча мындан 10 күн мурда кабыл алынган Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы жалпысынан аткарылууда - Израилдин аскерлери Ливандын түштүгүнөн чыгарылып жатат, ал аймактарга эл аралык бейпилдик күчтөр жана Ливандын өзүнүн өкмөттүк аскерлери жайгаштырылууда.

Анткен менен аймакта айрым ок атышуулар дагы эле орун алууда, мисал үчүн, ишемби күнү жөөт аскерлери "Хизбалла" уюмунун жоокерлерине каршы чабуул жасады жана ок атышуу чыкты.

"Хизбалла" уюмун куралсыздандыруу маселеси болсо чечиле элек, анткени 11-августта кабыл алынган резолюцияда ал тууралуу эч нерсе деп жазылган эмес жана эл аралык күчтөр дагы, Ливандын аскерлери дагы андай аракет көрбөй турганын билдирген. Ошондуктан "Хизбалла" - согушта биз жеңдик деп да билдирүүдө.

Бирок, АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтон 21-августта билдиргенге караганда, Вашингтон азыр жаңы резолюциянын долбоорун даярдап жатат, анда - "Хизбалланы" кантип куралсыздандыруу керек экени такталат. Андан тышкары АКШ президенти Жорж Буш ошол эле 21-августта - Ливанда жайгаштырыла турган эл аралык бейпилдик күчтөр кантип аракеттенип, кандай абалда ок атууга укуктуу экени тууралуу дагы өзүнчө резолюция даярдалып, кабыл алыныш керек деп билдирди.

Президент Буш - Ливанга гуманитардык жардам бериле турганы жөнүндө дагы билдирди. Анын айтымында, АКШ Ливанга 230 миллион доллар жардам көрсөтөт. Жакын арада Ливанга 25 миң тонна буудай жөнөтүлөт, өлкөнүн аскерий күчтөрүнө 42 миң доллар жардам берилет, андан тышкары, Ливандын деңиз жээгин мунайдан тазалоо иштерине да Вашингтон көмөктөшөт. Байкоочулардын айтымында, азыр Ливандын жапа чеккен жарандарына негизинен "Хизбалла" уюму жардам берип жатат, уюмдун өзүнө болсо Ирандан жүздөгөн миң доллар каражат келип жатат.

Ошондуктан, Вашингтон шаарындагы Жакынкы Чыгыш институтунун профессору Жон Калабриздин айтымында, ливандыктардын көңүлүн алыш үчүн АКШ дагы гуманитардык жардам жиберүүгө тийиш: "Вашингтон андай кылууга аргасыз. АКШ сөзсүз андай иштерге катышууга тийиш, анткени өлкөнүн жалпы региондогу жана Ливандагы кадыр-баркы мындан ары төмөн түшпөш керек", - дейт Калабриз.

Ливанга тийген зыяндын көлөмү, өкмөтүнүн эсеби боюнча, үч миллард 600 миллион долларга жетет. Израилдин суранычы боюнча, эл аралык күчтөрдү Италия жетектесе жакшы болот эле жана Италиянын премьер-министри Романо Проди 21-августта ага макулдугун берди. Чечимди эми Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан кабыл алууга тийиш. Андан тышкары, Тель-Авивдин айтымында, Израил менен дипломатиялык мамилеси жок мамлекеттер бейпилдик күчтөрүнө аскер жибербеш керек.

XS
SM
MD
LG