Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

БИШКЕКТЕ БОРБОР АЗИЯ ЖЕР ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ АЧЫЛДЫ


Бишкекте ачылган Борбор Азия жер институтунда жер, суу, климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктардын чыгыш тек-жайы иликтенет.

Азыркы заман талабына ылайык түзүлгөн жаңы илимий мекеме керектүү жабдуулар менен толук камсыз болгон. Германиянын Кыргызстандагы иштерине убактылуу ишенимдүү өкүл Катрин Эгленин айтуусунда, институт чынында да адистердин сугун арттырчу илимий жабдууларга ээ.

- Бул мекеменин эң мыкты техникалык жабдуулар менен камсыз болгонун көрүп, менин сугум артып турат. Институт глобалдык системадагы өзгөрүүлөрдү бир жерден туруп байкоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алынган маалыматтарды ыкчам иштеп чыгып, аны жоготпой кармап тура алат.

Андан да баалуусу, Борбор Азияда биринчи болуп ачылып жаткан институтта керектүү илимий адабияттар топтолгон. Анын кыйласы социализм заманында Германия демократиялык республикасынын Борбордук геология институтунда сакталган китептерден, ошондой эле Потсдам шаарындагы жер изилдөө борборунун илимий адабияттарынан чогултулган.

- Потсдамдагы жер изилдөө борбору геоизилдөөлөргө ыңгайлуу табигый лаборатория катары Борбор Азияга мурда эле өзгөчө маани берчү. Борбордун демилгеси менен бул чөлкөмдө 1992-жылы жердин өзгөрүшүн байкоого алуучу жабдуулар коюлган. 1999-жылы бул жерде топтолгон иштерди дагы улантуу үчүн геопроцесстерди изилдөөчү институт ачууга аракеттер көрө баштаганбыз,- дейт Германиянын Потсдам шаарындагы Жер изилдөө борборунун жетекчиси профессор Кристоф Рейнберг.

Жаңы институттун Кыргызстанга ачылып калышынын себеп-жөнүн Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков мындайча түшүндүрөт.

- Жер титирөө боюнча, жер көчкү тууралуу, климаттын өзгөрүшү – ушулардын баарын булар изилдешет. Бизге божомолун айтып, кайсы жерде жарака кетет, ушуларды бизге маалымдап турат. Биз окумуштуулар менен иштешүүгө аракет кылып жатабыз.

Борбор Азия жер институту Кыргызстандагы сейсмикалык кырдаалды, суу маселелерин, атап айтканда, эмнеликтен тоо арасындагы Мерцбахер муз көлүнүн суусунун тартылып, кайрадан чөйчөгүндө толуп каларын, Сарыжаз дарыясынын алабына суу-электр станцияларын куруунун экологиялык шарттарын иликтөөгө киришмекчи.

- Жаңыдан башталчу иштердин арасынан илимий изилдөөлөрдүн маанилүү багыттарынын бирин түзгөн Сарыжаз дарыясында суунун топтолушун айтсак болот. Эмне үчүн? Себеп дегенде жакын арада биз президент менен парламентке Сарыжаз дарыясында курулчу суу-электр станциялары тууралуу келишимдерди сунуш кылганы турабыз. Ал жерге беш ГЭСти кантип куруу, шартын иликтеп чыгуу керек. Мындан тышкары илимпоздор Мерцбахер көлүн изилдеп чыгышты. Эмнеликтен анын суусу тартылып, кайрадан кантип толуп калганын изилдөө да керек. Биз ал жерде эмне болуп жатканын билишибиз зарыл,- дейт Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов.

Борбор Азия жер институту менен илимий кызматташууга кол койгон Кыргызстандын архитектура, курулуш, транспорт университетинин ректору Акынбек Абдыкалыковдун айтуусунда, БАЖИ илимпоздору кийинки кездери өзгөчө маани-мазмун алып кеткен жер кыртышынын, климаттын өзгөрүшүн иликтөөгө алмакчы.

- Ошондой эле жерди өлчөөдө ар кандай бузулууларды, жер шарттарынын өзгөрүшүн ушул институт изилдейт.

Жаңы институтта 84 адис иштейт. Илимий мекемени кыргыз өкмөтү менен Германиянын жер изилдөө борбору каржылайт. Чөлкөмдүн экономикалык өнүгүшүнө олуттуу таасир көрсөтчү жаңы илимий мекеме борборазиялык илимпоздордун аракети менен глобалдык өзгөрүүлөрдүн табигый себеп-жөнүн тагыраак аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Сүрөттө : Борбор Азия жер институтунун ачылыш каадасы
XS
SM
MD
LG