Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

23-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1875-жылдын 23-августунда Тынай бий уулу Атаке баатыр Россия императору Екатерина II кат жолдогон. 1785-жылдын 23-августунда кыргыз элчилиги казак султаны Барактын уулу Букей султандын жайыты аркылуу Святой Петр чебине келишкен.

1875-жылдын 23-августунда Тынай бий уулу Атаке баатыр Россия императору Екатерина II кат жолдогон. Атаке баатырдын каты токтоо дипломатиялык мүнөздө жазылып, кыргыздардын империяга дайыма көмөктөшө тургандыгы жана Ташкенден багыт алчу кербендери орус өлкөсүнө жетишин камсыз кыла тургандыгы билдирилет. Мындан тышкаары, Атаке баатыр анын Улуу урматтулугуна кербен жөнөтүп, аны менен кошо бир арап, үч барстын жана беш сүлөөсүндүн терисин тартуулагандыгын кабарлайт.

1875-жылдын бул күнү Тынай бий уулу Атаке баатыр Сибирь Аскер полкунун начальниги генерал Н. Г. Огаревге кат жолдогон. Атаке баатыр адегенде чыгыш калктарына мүнөздүү келген мактоо эпитетти колдонуп ак падышаны «ай» менен «күнгө» теңеп, ага кызмат кылган генералды бийлик тиреги катары баалайт. Андан кийин үч барс жана беш сүлөөсүндүн терисин тартуулагандыгын кабарлап, Атаке баатырдын ага деген урмат-сыйын билдириш үчүн Абдрахман менен Шергазыларды жибергенин билдирет.

Каттын арткы бетине тамчы шекил ичине «Тынай бий абу Атаке батур» деп араб графикасында жазылган мөөр басылган.

1785-жылдын 23-августунда кыргыз элчилиги казак султаны Барактын уулу Букей султандын жайыты аркылуу Святой Петр чебине келишип, мындан Омскиге барышкан. Сибирдеги орус бийлиги кыргыз элчилигине жылуу мамиле жасап, аларга Петербурга барууга уруксат берген. Кыргыз-орус мамилелеринин тарыхый өнүгүү нугу көрсөткөндөй эки тарап тең саясий алакадан тышкаары, ыңгайлуу соода базарын табууга далалат жасашкан. Кыргыздар Сибирь багытында соода өнөктөштөрүн табууга аракет жасашса, орус бийлиги Кытай жана Индия багытындагы соода жолун өздөштүрүүгө умтулган.

1916-жылдын бул күнү Улаколго конгон Атаке сарбагыштары менен арык тукумунан топтолгон миң түтүндөй кыргыз жыйын өткөрүшүп, кыш түшө электе Кытайга качалы деп бир бүтүмгө келишкен.
Бул күнү, 406-жылы Римге бет алган варвардык уруулар Флоренция алдында талкаланып, 1244-жылы түрк аскерлери Иерусалимди ээлеп, 1382-жылы монгол-татар ханы Токтомуштун Москвага чабуул коюсунда орустар биринчи жолу артиллерияны колдонушуп, 1769-жылы француз зоологу Жорж Кювье, 1887-жылы орус конструктору, реактивдүү кыймылдаткычты чыгарган Фридрих Цандер, 1921-жылы америкалык экономист, Нобель сыйлыгынын лауреаты Кент Эрроу жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG