Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

ОРУСИЯЛЫК УЧАКТЫ ЧАГЫЛГАН КЫЙРАТТЫБЫ, ЖЕ...


Шейшембиде Украинада кыйраган Орусиялык учактагы эки кара кутуча табылды. Орусиянын бийликтери кырсыктын алгачкы себеби катары жагымсыз аба-ырай шарттарын атаган. Ошентсе да, 170 кишинин өмүрүн жайран кылган бул кырсыктан улам Орусиянын аба транспортундагы абал кызуу талкуу жаратпай койгон жок.

Чагылган күркүрөп, жамгыр нөшөрлөп жатканда өрттөнүп кетип, кыйраган учактын сыныктары менен 170 кишинин ажыратып-тааныгыс сөөктөрү майдаланып, килейген кара баткак аңга айланганын кырсык орун алган Донецк облунун кабарчылары билдирүүдө. “Пулково” аба компаниясына тийиштүү ТУ-154 учагындагы кырсыктан бир да киши аман калган жок, анда бараткандар арасында 12ге чыга элек 45 жеткинчек, 5 чет өлкөлүк саякатчы болгону маалымдалды. Бул кайгылуу окуядан улам шаршембиде Украинада, эртеси Орусияда аза күтүү күнү жарыяланды.

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү кырсыктын башкы себеби ошо тапта күчөп жаткан чагылган болушу мүмкүн деп билдирди. Бирок ТУ-154 учагын даярдоого катышкан адистердин бири Роберт Мясников чагылган самолеттун кыйрашына себеп боло албайт, учактардын сыртына андан коргой турган атайын жабдыктар орнотулган деп белгилейт.

- Мен бул каргашалуу кырсыкка чагылган себеп болду дегенди угуп алып капа болдум. Эгерде учакты башкарган экипаж ката кетирбесе, чагылган кырсыкка себепчи боло албайт. Самолеттун ичинде “бороон” аттуу атайын жабдык бар, ал ыңгайсыз аба-ырай шарттарына туш болоордо белги берет, жана учкуч ага жараша аракет кылышы керек.

Статистикага кайрылсак, 1938-жылдан бери дүйнөдө 13 аба кырсыгына чагылган себеп болгон деп айтылат. Мындай төмөн көрсөткүч ТУ-154тү заводдон чыгарууга катышкан адистин айткандарын ырастагансыйт. Орусиядагы аба компаниялары арасында абройлуу саналган “Пулковонун” өкүлү да учактын техникалык абалы ойдогудай болчу деп белгиледи.

- Кырсыкка кабылган ТУ-154 самолету 1992-жылы учуп баштаган. Жакында эле жүргүзүлгөн толук текшерүүдөн кийин ал 9 миң 200 сааттай гана асманда өткөргөн. Жалпысынан 24 миң саттан ашуун пайдаланылган, ал эми бул учактын колдонуу мөөнөтү 30 миң саатка барабар.

“Пулково” компаниясынын башчысынын орун басары Василий Налетенконун бул айткандары бирок, жакын-туугандарын жоготуп, Санк-Петербургдагы аэропортту жаңыртып зар какшаган кишилердин кайгысын азайта албайт. Орусиянын аба транспортундагы абал ушул күндөрү кызуу талкуу жаратып, интернет-сайттарда далай Москвалык адистердин, учкучтардын пикирлери жарыяланууда. Аларда Орусиянын аба транспорту ар башка жеке менчик компанияларга бөлүнүп, аларды башкарып-тейлөө жагынан жалпы саясаттын жоктугу, учкучтардын жайкысын дем алышсыз иштеп, татаал шарттарда самолетту башкарууга чамасы келбей калаары айтылат. Ошондой эле ТУ, ИЛ үлгүсүндөгү учактар техникалык сапаты жагынан мыкты унаа саналганы менен, киреше табууну көздөгөн Орусиялык компаниялар бекем эреже-талаптарды аткараары кыйла күмөн жаратаары сөз болууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG