Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

ЛИВАНДАГЫ СОГУШ ҮЧҮН ИЗРАИЛГЕ КАРШЫ КҮНӨӨЛӨР АЙТЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ливандагы согуш токтоп, өлкөнүн түштүк аймактары эл аралык көзөмөл алдына алына баштагандан кийин дагы айрым кагылышуулар болуп жатат. Согуш үчүн болсо Израил жетекчилиги өлөнүн ичинен дагы, сыртынан да күнөөлөнүүдө.

Ок атышууну токтотуу боюнча келишим жалпысынан аткарылууда, бирок айрым кагылышуулар дагы эле болуп жатат. Мисал үчүн, дүйшөмбү күнү чыккан ок атышууда жөөт аскерлери "Хизбалла" уюмунун үч жоокерин атып өлтүргөнү тууралуу билдирди.

Мындай абалда эл аралык бейпилдик күчтөрүн аймакка жайгаштыруу бир топ татаал маселеге айланды. Андай күчтөрдү жетектөөгө макулдугун берген Италия - бардык касташкан тараптар кандай болбосун кагылышуудан карманууга тийиш деген шарт коюуда. Андан тышкары, келишимди бузган тараптарга каршы бейпилдик күчтөрүнө күч колдонууга укук бере турган жаңы резолюция даярдалып жатат.

Израилдин жетекчилиги дагы ар башка тараптан сынга алынып жатат. Өлкөнүн өзүнүн ичинде - жөөт жетекчилиги жетиштүү деңгээлде чечкиндүү аракеттенбегендиктен, алдыга коюлган максаттарга ал жетпегендиги тууралуу көп айтылууда. Согуш -"Хизбаланын" жоокерлери эки жөөт аскерин барымтага алгандыктан башталган. Бирок жөөт коомунда - 34 күнгө уланган согуштун натыйжасында ал туткундар да бошотулган жок, "Хизбалланы" дагы Израил талкалай алган жок деп айтылып жатат.

Сырттан болсо такыр башка күнөөлөр коюлуп жатат. Мисал үчүн "Эмнисти интернешнл" деген адам укуктарын коргогон уюм 23-августта Лондон шаарында атайын отчет чыгарып, согуш учурунда Ливандын карапайым калкына карата Израил тараптан көрүлгөн аскерий аракеттер боюнча Бириккен Улуттар Уюму атайын иликтөө жүргүзүүгө тийиш деп чыкты.

"Эмнисти интернешнлдин" эсеби боюнча, согуш учурунда Ливан тараптан 1183 адам курман болгон, алардын басымдуу көпчүлүгү - карапайым жарандар жана үчтөн бири - балдар. Андан тышкары Ливандын 970 миң жараны качкынга айланып, жер которууга арагасыз болгон. Израил болсо өзүнүн 161 жаранынан айрылган, алардын кырк үчү гана карапайым жарандар.

Израилдин бомабаларынан миңдеген үй жана башка имараттар кыйраган, бирок андан тышкары жөөт аскерлери сексенге жакын көпүрөнү да кыйраткан. Ага кошумча, суу жана мунай сакталган бир нече жай да кыйратылган жана Израил аскерлеринин мындай аракеттерин аскерий максат менен актоо мүмкүн эмес. "Эмнисти интернешнлдин" пикиринде, карапайым калктын мынчалык жапа чегишине алып келген Израилдин аракеттери атайын уюштурулган сыяктуу жана аларды аскерий кылмыш деп мүнөздөө маселеси боюнча эл аралык иликтөө керек.

Уюмдун айтымында, "Хизбалланын" чабуулдары дагы сынга аланыш керек жана ага каршы дагы аракет көрүлүүгө тийиш, бирок жөөт аскерлери тарабынан карапайым калкка тийген зыян "Хизбалланыкынан" алда канча көп. Жана андай аракеттер - Израилдин жалпы аскерий стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болгон сыяктуу дейт "Эмнисти интернешнл".

XS
SM
MD
LG