Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

ӨТКӨН ЖЫЛЫ 30 МИҢ КЫРГЫЗ ОРУСИЯ ЖАРАНДЫГЫН АЛЫШТЫ


Кыргызстандын 300 миңден ашуун эмгекке жарамдуу калкы чет өлкөлөрдө иштейт. Алардын 80% Орусия менен Казакстанда, калгандары дүйнөнүн башка жерлеринде жүрүшөт. Так эмес маалыматтар боюнча, 2 миң ашуун кыргыз Англияда иштейт.

«Кыргызстанга миграциянын пайдасы зор». Мындай пикирин бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Кыргызстандын миграция жана калкты ишке жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова билдирди. Анын маалымдашынча, өткөн жылы 38 миң кыргыз Орусия жарандыгын алышкан. Анын себеби деле жөнөкөй, эмгек мигранттары иштеп аткан жеринде социалдык жеңилдиктерди алалбайт. Балдарын бакчага орноштуруу, мектепке окутуу, медициналык жардам алуу жагынан толгон-токой кыйынчылыктарга кабылат. Ошондуктан Орусиянын жарандыгын алууну каалагандардын саны арбын.

А.Рыскулова Орусия Федерациясында эмдиги жылдан тарта ишке киргизиле турган эки мыйзамдын негизинде ал жерге барып жашоочулардын саны азыркысынан арбып кетет дегенге ишенбейт. Анткени Орусия климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли төмөн жерлерге мурдагы союздук республикалардын жарандарын чакырууда. Орусияга барып иштеп жашагысы келгендер болсо көбүнесе борбордук аймактарды, ири шаарларды каалайт.

Чет өлкөдө иштеп жаткандар жылына кыргыз экономикасына кеминде 500 миллион доллар инвестиция алып келүүдө. Бул Кыргызстандын бир жылдык бюджетине барабар, дейт А.Рыскулова.

Казылып алына элек алтын кендин айланасындагы талаш кыйлага созулчудай. «Общественный рейтинг» гезити орусиялык гезиттерден көчүрүп баскан эки макалада «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө кызыкдар «Оксус Голд» компаниясынын ордуна келген австриялык «Глобал Голд» компаниясынын чоо-жайы баяндалган. Бу компаниянын артында айтылуу олигарх Борис Березовскийдин турганы белгилүү болууда.

Жакындан бери Бишкектеги «Пирамида» телеканалы эфирге чыкпай калды. 24-августтагы «Комсомольская правда Кыргызстан» гезитинин ырасташынча, бул иштин артында эч кандай саясий оюн жок. Телеканалдын берүүлөрүн обого чыгарчу телестанциянын кайсы бир жабдуусун кимдир бирөөлөр уурдап кетишкендиктен миңдеген көрүүчүлөр эмнеликтен «Пирамида» өчүп калганын биле албай, жоромолдоп отурушат. Гезит божомолу боюнча, керектүү тележабдууну кызматынан алынган телеканалдын кызматкери алып кеткен имиш. Дагы бир кабар боюнча жабдууну башка эле уурулар чыгарып алып кетишкен.

Жаңы окуу жылынан баштап 38 миңге жакын башталгыч класстын окуучуларына бекер сүт, булочка бериле баштайт. Шаршембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинин ырасташынча, Бишкектин 13 мектебинде ашкана же буфет жок. Бирок да ага карабастан 25-августка чейин жаш балдарды тамактандыра турган ашкана жасоо тапшырмасы берилди, деп маалымдайт журналист З.Сорокина.

Жалалабаддагы токой чарба башкармалыгын жетекчиси Токтомамат Бокоевди кызматтан алуу талабы менен облус борборунда токойчулардын пикети өттү. Чогулгандар башкармалык жетекчиси эмнеликтен жаңгак уюлун кыйып, токойду бүлүнтүп аткандар жазасыз калып жатканына нааразы болушуп, Т.Бокоевдин кетишин талап кылышууда, деп жазат журналист М.Урумбаев. Бирок да республикалык токой агенттиги Т.Бокоевди кызматтан алууга шашылган жок. Облус жетекчилиги менен токой аткаминерлеринин ортосундагы тиреш дагы кыйла бүдөмүк иштерди ачыкка чыгарат болуу керек, дейт макала автору.
XS
SM
MD
LG