Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

ЛИВАНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК АСКЕРЛЕРДИ ФРАНЦИЯ МЕНЕН ИТАЛИЯ БИРГЕЛЕШИП БАШКАРЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан 25-августта Брюссель шаарында Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугуп, эл аралык бейпилдик күчтөрүн түзүп, аларды Ливанга жөнөтүү маселесин талкуулайт. Италиядан тышкары, ал аскерлерге жетекчилик кылууга Франция дагы даяр экенин билдирди.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 11-августта кабыл алган резолюция боюнча, Ливандын түштүгүндө 15 миң эл аралык аскер жайгаштырылууга тийиш. Аларга кошумча Ливандын өзүнүн дагы 15 миң аскери түштүккө жылдырылат. 1979-жылдан бери бул аймакта Франциянын эки миңге жакын аскери бар, ошондуктан, дагы 13 миң эл аралык аскер керек.

Франциянын "Монд" гезити 24-августта жазганга караганда, үч жарым миң аскер 2-сентябрга чейин жана калган тогуз жарым миң аскер ноябрга чейин келет. Анткен менен Италия жана Франциядан башка Европа мамлекеттери Ливанга аскер жиберүүгө ынтызарлыгын азырынча өтө деле көрсөтө элек, анткени ал аскерлер кандай укукка ээ болоору азырынча так белгисиз. 25-августта Брюссель шаарында боло турган жыйында ошол эрежелер талкууланат.

Рим шаарындагы Эл аралык маселелер институтунун эксперти Жованни Гаспарининин айтымында, аскерлер мурдагыга караганда алда канча көп укукка ээ болот: "Мурдагы эреже боюнча, эл аралык аскерлерге бирөө кол салмайынча алардын ок атууга укугу жок болчу, азыр андай чектөө алып салынат. Бул абдан орчундуу өзгөрүү", - дейт Гаспарини.

Андан тышкары, "Монд" гезитинин жазышынча, карапайым жарандарды коргоо учурунда, же "Хизболланын" жоокерлери кол салса, аларды куралсыздандырууга эл аралык күчтөр укуктуу болот. Анткен менен Бейрутка келген Бельгиянын тышкы иштер министри Карел де Гюхттун айтымында, "Хизбалланы" куралсыздандыруу бейпилдик күчтөрүнүн милдетине кирбейт, анткени ал тууралуу резолюцияда жазылган эмес.

Резолюция кабыл алынган мезгилде - эл аралык күчтөрдү Франция жетектейт деп күтүлгөн, бирок кийин - эл аралык күчтөргө Италия башчылык кылат деп айтыла баштаган. Анткен менен 24-августта Франция президенти Жак Ширак сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Париж өзүнө жетекчилик милдетин алууга даяр деп билдирди. Андан тышкары, Ширактын айтымында, Франция Ливанга дагы 1600 аскер жиберет, буга чейин Париж 400 аскер жиберүүгө убада кылган, ошентип, мурда келген 2000 аскерди кошкондо, бардыгы болуп Франция 4000 аскер жиберет. Италия болсо 3000 аскер жиберүүгө даярданууда.

Гаспарининин айтымында, Франция атайын эл аралык күчтөрдү жетектөөгө дароо макул болгон эмес: "Франция оюн ойноду жана эл аралык күчтөрдүн маанисин жогорулатууга аракеттенди. Ал өз максатына жеткен сыяктуу жана эми көбүрөөк аскер жиберүүгө да даяр", - дейт Гаспарини.

Италиянын "Репубблика" гезити 24-августта жазганга караганда, эми Ливанда жайгаштырылган аскерлерге Франция башчылык кылып, Италия болсо ал аскерлерди башкаруу боюнча Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттарда түзүлө турган штабка жетекчилик кылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG