Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

БОШОГОН ПРОКУРОРЛОР БАШКЫ ПРОКУРОРГО КАРШЫ ЧАБУУЛГА ЧЫГЫШТЫ


Башкы прокурор Камбараалы Конгантиевге байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүүнү, анын негизинде кылмыш жообуна тартууну сунуштаган кайрылууну президент Курманбек Бакиевге кызматтан четтетилген жана кызматы кичирейген прокурорлор тобу жолдошту. Алар күздө башкы прокурордун маселесин кароону сурап Жогорку Кеңешке да кайрылууну көздөп жатышат. Прокурорлор Конгантиев кадр саясатында баш аламандыкка жол берүүдө жана ал аркылуу жалпы прокуратура тармагын жаманатты кылып жатат дешет. Башкы прокурордун өкүлү бул аракеттерди жалаа деп эсептейт.

Камбараалы Конгантиев кызматтан четтеткен Ленин районунун прокурору Абай Аппаковдун жана башкы прокуратуранын көзөмөл бөлүмүнүн ага прокурору Аскар Ысламовдун кызмат орундарын Биринчи май райондук соту калыбына келтирип берди. Бирок, сот чечими аткарыла элек:

- Эмгек кодексинин 425-беренеси боюнча кызматка кайра кайтаруу жөнүндөгү соттун чечими токтооосуз аткарылышы керек. Ошондой болсо да алар сот чечимин аткаруудан аликүнчө баш тартып жатышат.

Абай Аппаков сот чечиминин аткарылышын күткөнүнө жыйырма эки күн болду. Аскар Ысламовдун пайдасына болсо сот чечимди эки күн мурда чыгарды:

- Бул чечим ишке ашабы-ашпайбы - али белгисиз. Себеби, мыйзамды билбеген Конгантиев тарабынан эртең-бүрсүгүнү мунун ишке ашарына көзүм жетпейт.

Бул эки прокурордон айырмаланып, атайын прокуратуранын бөлүм башчысы Фатима Иманалиеванын Биринчи май райондук сотуна берген арызы убактылуу токтотулуп коюлду. Прокурордун айтымында, ал бөлүм башчылык кызматтан атайын прокурордун жардамчылык кызматына себепсиз которулган. Кызмат орду, айлыгы кичирейтилген бул которуштуруу «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет.

Бул аралыкта атайын прокуратуранын прокурору Галина Пугачеванын арызынын негизинде райондор аралык сот башкы прокурордун атайын прокуратураны кайра түзгөнү мыйзамдуубу же жокпу деген маселени териштирип жатат.

Арызданган тарап Камбараалы Конгантиев атайын прокуратураны өз буйругу менен кайра түздү деп, муну кызматын аша чаап пайдалангандык катары сыпатташууда. Арыздардын негизинде башкы прокурордун ишмердүүлүгүн учурда президенттик администрациянын каттар бөлүмүнүн башчысы Токон Мамытов баштаган комиссия текшерип жаткандыгы айтылууда. Бирок, бул өңүттө эч кандай расмий маалымат таратыла элек.

Даттанып жүргөн прокурорлор Камбараалы Конгантиев бүгүнкү кесипкөй эмес иши жана өткөнү менен президенттин өзүнүн аброюна доо кетирип жатат дешет. Алардын айтымында, Конгантиев мурда туура эмес иши үчүн эки ирет кызматынан алынган:

- Бул кызматтагы бурмалоо. Муну президенттик аппарат текшериши керек. Биз жазганбыз. Ал (Конгантиев – авт.) туура эмес иши үчүн (себебин билбейм) эки жолу кызматынан четтетилгендиги тууралуу Галина Аркадьевна Пугачева жазган,-
дейт Фатима Иманалиева.

Бирок, буга чейин башкы прокурордун орун басарлыгына чейинки кызматтарда иштеп келген, генерал даражасы бар Галина Пугачева прокуратура тармагында түзүлгөн кырдаал боюнча коомчулукка оюн айта элек, муну ал учурда ден соолугунун начардап кеткендиги менен байланыштырууда. Ал эми «Дело №» гезитине берген акыркы интервьюсунда ал Конгантиевдин аракеттерин куугунтуктоо катары сыпаттаган.

Башкы прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеевдин айтымында, бул чатактын улаарышына мурда атайын прокуратурага бириккен түрмө, экология, транспорт прокуратураларынын өз алдынча структура катары бири-биринен ажыратылышы себеп болду:

- Айыптоого негиз жок. Анткени, биз буга чейин «көң» болуп калган коомдук инструменттерди тазалап жатабыз. Өзүм билемдик кылган адамдарга ошол жакпай атат. Иштен бошоп калган адамдар оорудук деген шылтоо менен ишке чыкпай, эми минтип арыз жазып, жалаа жаап жатышат.

Какчекеевдин айтымында, башкы прокурор жакынкы күндөрү прокуратура тармагында түзүлгөн жагдайга байланыштуу билдирүү жасайт.

Белгилеп койчу жагы, август ичинде Камбараалы Конгантиев башкы прокурор катары эки ирет өзүнө каршы «чабуулга» тушукту. Айдын башында төрт качкындын жана баш калка сураган бир адамдын Өзбекстандын бийлигине өткөрүлүп берилишине байланыштуу Камбараалы Конгантиев жарандык коом өкүлдөрү тарабынан катуу сынга кабылган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG