Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

25-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылдын бул күнү Белек Солтоноев баш болгон 300 чамалуу адам качкан элди коргош максатында орус аскерлеринин астын тосушкан. 1932-жылдын бул күнү «Башталгыч жана орто мектептердин окуу программасы менен иш тартиби» бекитилди.

1916-жылдын бул күнү саяк Кокомбайдын кишиси, Нарындан чыккан 30тай арабачан 30-40 чамалуу орус аскерлери менен чогуу бир топ адамдарды кууп келатабыз, деген кабарды Канаатка жеткирген. Канаат азык, солто, сарыбагыш, казактардан топтолгон 4000 чамалуу адам менен Бозбекеттин жанына келген. Атактуу мерген Атакан Тезекбай уулу баштаган 50-60тай мергенди кара жол боюндагы чийге жашынтып, калган эл менен жоон арыктын көпүрөсүн буздуруп, бийик кашаттан бугуп турган. Орустар келип көпүрөнү оңдой баштаганда, мергендердин биринен ок чыгарылып, ага каршы орустар жапырт аткылап киришкенде кыргыздар жапырт качып беришкен.

1916-жылдын бул күнү Белек Солтоноев баш болгон 300 чамалуу адам качкан элди коргош максатында орус аскерлеринин астын тосуш үчүн Акөлөңгө келген.

1916-жылдын бул күнү 300 чамалуу орус аскерлери Ысык көлдөгү бапа, желдең, кыдык урууларына Актерек багытында кол салган. Мындагы кыргыздар мал-жаны менен түрүлө качып, 3 миңдей түтүн Барскоон капчыгайын өрдөгөн. Алардын артынан 300дөй солдат сая түшүп, алардын алдын Болпоң Шадыкан баштаган үч адам тоскон. Күн батаарда Болпоңдун бутуна ок жаңылып, жолдоштору аны атка мингизе качышып, ашууну аша албай аткан элге жетип келишкен.

1932-жылдын бул күнү ВКП (б) БКсы «Башталгыч жана орто мектептердин окуу программасы менен иш тартибин» бекитти.

1999-жылдын бул күнү Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев "Өзбекстан Ислам Кыймыл" өкүлдөрүнө колго түшкөн төрт япондук геологдун тагдыры туурасында Япония премьер-министри Кэйдзо Обути жана Баткен районундагы кырдаал, Жума Намонганинин согушчандарына каршы биргелешип аракет көрүү боюнча Тажикстан президенти Эмомали Рахманов менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ушул эле күндүн түнү согушчандар Баткен районундагы эки кыштакты басып, алар жалпы жонунан беш айылга көзөмөл жасоого мүмкүндүк алышты.

Бул күнү, 1744-жылы немец философу Иоганн фон Гердер, 1812-жылы орус химиги Николай Зинин, 1819-жылы америкалык тыңчы, биринчи жеке детектив агенттигин ачкан Алан Пинкертон, 1841-жылы швейцариялык химик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Теодор Кохер, 1930-жылы советтик кинорежиссер Георгий Данелия жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG