Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

ЖАБЫЛГАН ОКУУ ЖАЙЛАР, ЖАЛДЫРАГАН СТУДЕНТТЕР


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Билим, илим жана жаштар саясаты министрлигинин текшерүүсүнүн натыйжасында Кыргызстандагы 19 окуу жайдын айрым факультеттеринин лицензиялары чакыртылып алынганы расмий түрдө жарыяланды.

Баш – аягы 35 окуу жайдын экономика, юриспруденция жана медицина бөлүмдөрү жабылууга тийиш. Натыйжада 18 миңге жакын студент окуу жай которууга мажбур.

Факультеттери жабылган күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер 10–августтан 20–сентябрга чейин, сырттан окуу бөлүмүндо окугандар 1–октябрга карата лицензиясы талапка жооп берген окуу жайлардан орун алып калуулары керек. Болбосо кийин окуу жайларга кабыл алынбай калышы толук ыктымал.

Бирок мындай талапка карабай, Билим, илим жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашкандай, азырынча которулууга ашыккандар аз.

Ушул тапта ишмердуулугу канааттандырарлык деп табылган университеттерде студенттерди кабыл алууга даярдыктар жүрүп жатат.

Бул туурасында аталган министрликтин жогорку, орто кесиптик жана университеттен кийинки билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Фарида Рыскулуева “Азаттыкка” билдирди:

- Азыр окуу жайларда шарттар түзүлүп, студенттерди күтүп жатышат. Жарым жылдын ичинде студенттер окуу программасындагы академиялык айырмачылыктарды тапшыруулары керек. Окуу жылдын аягына чейин академиялык айырмачылыктарды тапшырып бүтө албаса, анда ал андан ары окуусун уланта албайт.

Лицензиясы жараксыз деп табылган факультеттердин арасында Жалалабат мамлекеттик университетинин медицина факультети бар. Бөлүм 2000–жылы ачылган. Анда 500гө жакын студент билим алып жаткан.

Иши токтотулган медицина факультетинин деканы Шайыр Сулайманов факультеттин лицензиясынын чакыртылып алганы туурасында мындай дейт:

- Өкмөт өзү ачкандан кийин, аягына чыкпай, балдарды орто жолдо калтырып жөн эле буйрук чыгарып койду. Текшергенде андай деле оркойгон кемчилик табышкан жок. Чындыгында кадр маселеси бизде жакшы эле. Бизде 27 пайызы бар эле. Алардын талабы 30 пайыз болчу. Окуу базабыз бар, китепканабыз өзүнчө түзүлгөн. Ушуга жараша Жалалабатта жок дегенде бир адистикти калтырышса жакшы болмок.

Факультеттери жабылган студенттер азыр кайда бараарын билбей турушат.

Жалалабат университетинин медицина факультетинин 2 – курсунун студенти Гүлнура Мадумарованын пикиринде, Билим, илим жана жаштар саясаты министрлигинин бул аракеттери менен студенттердин укугу бузуулуда:

- Эмне кыларыбызды, каякка бараарыбызды билбей, башыбыз айланып калды. Ошто, Бишкекте контракт кымбат. Биз аны төлөп окуй албайбыз. Жаппай эле коюшса болмок. Булар биздин укугубузду тебелеп жатышат.

Жаштар арасында Гүлнуранын пикирлештери да бар. Бирок студенттердин көпчүлүгү Билим берүү министрлигинин бул кадамын билимдин сапатын жогорулатууга болгон чечкиндүү кадам катары баалап, бул жерден укук бузууну көрүшпөйт

- Мен Кыргыз–Славян университетинин юридика факультетинин 2–курсунда окуйм. Окуу жайлардын филиалдарынын жабылышын туура деп эле ойлойм. Негизи ал жактарда анча деле окута алышпайт. Мисалы медицинаны алалы. Ал эң эле оор кесип, аны он, тогуз жыл ичинде окуш керек.

- Менин аты – жөнүм Нурадин Кантаев. Кыргыз – Түрк “Манас” университетин быйыл бүтүрдүм. Сапатсыз филиалдар, бөлүмдөр жабылышы эле керек. Ал жакта паракорчулук абдан өөрчүп кеткен. Бул жактан Билим берүү министрлиги көзөмөлдөй албай калган. Ал жакта кайсы адистик болбосун, эптеп эле билим алыш керек деген түшүнүк турат.


Которулуп келген студенттер, ушул окуу жылында контракт акысын өздөрүнүн окуу жайларында кандай өлчөмдө болсо ошондой гана бааны төлөшөт. Алар которулуп барган университеттердин талаптары аларга толугу менен кийинки жылдардан тартып гана таркатылат.

Учурда факультеттери жабылган студенттерди башка окуу жайларга которуу боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, иштеп жатат.

Баш аягы 35 окуу жайдын айрым факультеттеринин лицензиялары керексиз деп табылган. Азыр алардын он тогузу расмий түрдө жабылды деген билдирүү алган. Калгандарына лицензиялары чакыртылып алынганы тууралуу чечимди Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик инспекция кат жүзүндө жөнөтөт.

Борбор Азиядагы Америка университетинин юридикалык факультети да талапка жооп бербейт деп аныкталган. Премьер- министр Феликс Куловдун буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, мындай чечим туура болгонбу же жокпу деп текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул маселе ушул айдын этегине карата чечилип каларын билдиришүүдө.

Сүрөттө: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети.

XS
SM
MD
LG