Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

АПТАНЫН БАШ КААРМАНЫ – КАМБАРААЛЫ КОНГАНТИЕВ


Бул аптада башкы прокуратурадагы кадр саясатына байланышкан чатак маалымат каражаттарында башкы темага айланып, мыйзамдын башкы сакчысы Камбараaлы Конгантиевге багытталган сын-пикирлер көпчүлүктүн назарына түштү.

Буга кол алдында иштеген прокурорлордун бир тобунун баш прокурор Камбараалы Конгантиевге жасаган ачык чабуулу түрткү берди. Кадр саясатында чалмакей чалып жатат деп кине койгондордун бири, атайын прокуратуранын бөлүм башчысы Фатима Иманалиеванын айтымында жабыркагандардын саны көбөйдү:

- Бул жерде жалгыз эле мен эмесмин. Акыркы жарым жылда ал кадрларды негизсиз алмаштырууну өнөкөткө айлантты. Бул соттук териштирүүлөргө жана прокуратура тармагындагы нервди бузган жагдайга алып келди.

Прокурорлор президент Курманбек Бакиевге да даттанып кайрылышты. Алардын айтымында, сот чечимин аткарбагандыгы үчүн Конгантиев Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесине ылайык сот жообуна тартылышы керек. Бул беренеде сот чечимдерин аткарбаган тарапты 200 эсе айлык акы айып төлөөтүүдөн тарта кызматынан четтетип, эки жылга чейин эркинен ажыратууга чейинки жазалар каралган. Жабыркаган соттордун бир тобу Биринчи май райондук сотуна кайрылышып, алардын айрымдарынын арызын сот канагаттандырган.

Четтетилген кызматын калыбына келтирип алгандардын айтымында, баш прокурор сот чечимин тоготпой, бар же жок деген жообун айтпай жатат.

Баш прокурор мындай дооматтарга оюн айта элек. Негизинде, Конгантиев баш прокурор катары мыйзам алкагынан чыкпай тургандыгына ишендирген билдирүүлөрдү маал-маалы менен айтып келатат. Бул кызматка отурган алгачкы күндөрү ал мыйзамдын так аткарылышына, жарандардын мыйзамдык кызыкчылыктарын, укуктарын коргоого, прокуратура кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө, тазалыгына артыкчылык берерин билдирген.

Ал эми 22-июнда берген акыркы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Конгантиев бардык жагдайда мыйзамдан тышкаркы аракеттерге жол берилбей тургандыгын дагы бир ирет белгилеген:

- Cот aкыйкат өкүм чыгарып атат, чечим кабыл алып атат. Ошондуктан, мен сот бийлигинин чыгарган чечимдерине, өкүмдөрүнө шек келтирип айта албайм. Ал эми чечимдер, өкүмдөр туура келбеген учурда биз өз сунушубузду жиберип жатабыз.

Бирок, кызматка келген бир жылга жакын убакыттан кийин эми минтип ага Эмгек кодексин, «Прокурорлор жөнүндөгү», «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдарды бузду деген кине коюлуп отурат.

Кызматы кичирейтилгендердин бири, атайын прокуратуранын прокурору Галина Пугачева да баш прокурор ээлеген кызматына татыксыз деп, ага калыс баа берүүнү сурап президентке кайрылды. Анын айтымында, Конгантиев прокуратура тармагында мурда да эки ирет негативдүү мотив боюнча иштен бошотулган. Эми да мурдагы катачылыктарын кайталап, айрым кызматкерлерди куугунтуктап жатат. Ошондой болсо да Конгантиевдин эмгек баянынан иштен бошотулгандыгы тууралуу маалымат табылган жок. Ал өзү да жасалып жаткан чабуулга эч кандай пикир айта элек.

Анткен менен дооматтарды башкы прокурордун өкүлдөрү чыныгы жагдайга коошпогон жалаа катары сыпатташууда. Алардын баамында бул чатактын башында Конгантиев жагдайды эске алып кайра түзгөн атайын прокуратуранын прокурору Галина Пугачева турат:

- А жердеги төрт-беш прокурордун ичинен эң эле каршылык көрсөткөн Пугачева деген аял. Каршылыктын негизи – сын алган прокурорлор, кызматтан түшкөн прокурорлор айласын таппай гана ушундай болуп атат,-
дейт баш прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеев.

Учурда Конгантиевге байланышкан даттанууларды президенттик администрациянын атайын комиссиясы иликтеп жатат. Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде Конгантиев акыркы мезгилдери президенттин аброюна доо кетире турган иштерди жасап жатат:

- Конгантиевдин азыркы жасап жаткан иши, мисалы, качкындар боюнча катачылыгы мамлекеттин, президенттин аброюна шек келтирип атат. Бул бир. Экинчиден, Пугачевага окшогон кесипкөй адамдарды кызматынан айдап, ушундайга барганы – биз колдой турган иш эмес. Мына Аппаков, Ысламов соттон утуп алышты. Эми алардын ишин калыбына келтириш керек. Антпей, баш прокуратуранын имаратына киргизбей атат. Бул туура эмес да. Биз мыйзамга баш ийишибиз керек да. Аларга башкача мамиле кылыш керек да. Өз кызматкерлерине сыйлоо менен мамиле кылыш керек да.

Август айынын башында Камбараалы Конгантиев өзбек бийлигине качкындардын өткөрүлүп берилишине байланыштуу жарандык коомдун кескин сынына кабылганы бар. Айрым укук коргоочулар муну Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекет башчыларына ашкере жагынуучулук катары белгилешкен.

Баш прокурор президентке жагынып жатат деген сын адегенде Конгантиевге Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишине себеп болгон чатак учурунда айтылган:

- Президенттин абийир, ар-намысына доо кетирген маалыматтар тараган шартта, эгер прокурордук башка эскертүүлөр жыйынтык бербесе, башкы прокурор президенттин атынан анын абийир, ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттүү,-деген Конгантиев.

Башкы прокурор Камбараалы Конгантиевдин мындай билдирүүсү парламентте мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров тарабынан кескин каяшага кабылган:

- Жогорку Кеңешке мындай эскертүү берип сиз өз укугуңуздан чыгып атасыз. Бирөөнүн кылычын чапканды токтотолу. Биз бирөөнүн кылычын бир жактуу чаап жүрүп, мына, коомубузду баш аламанга алып келип атабыз.

Анткен менен, президент Курманбек Бакиев Камбараалы Конгантиевди кесипкөй жетекчи катары баалайт. Бул тууралуу президент баш прокурордун милдетин аткаруучу кылып аны дайындагандан кийин парламентте болгон учурунда сөз арасында белгилей кеткен:

- Мен ойлойм, башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан Камбараалы Ташболотович Конгантиев, мына өзүңөрдүн кесиптешиңер, ушу кызматка келгенден бери күнүгө жолугуп, сүйлөшүп атабыз, тажрыйбасы өтө жетиштүү, баарын ийне-жибине чейин жакшы билген, калыс, татыктуу киши…


Анткен менен, атаандаштары Конгантиевди таанышчыл, жердешчил өнөкөткө жетеленип, өзүнүн өөдөсүнгөн мүнөзүнүн азабын тартып жатат дешсе, айрым байкоочулар башкы прокурорго байланышкан чатак президенттин аброюна доо кетирерин айтып чыгышты.

Сот тармагындагы кесипкөй судьялардын бири саналган Султангазы Касымов президент тигил же бул мамлекеттик ишмер, анын ичинде башкы прокурордун ишмердүүлүгүнөн ар тараптуу маалымат алып турганы оң дейт:

- Ой бу деген «око государства», башкача айтканда, мамлекеттин кареги деген сөз да . Бул тетиги эле падышалык Россиядан бери айтылып келаткан сөз. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган эң чоң кызматтагы адам. Бирок, ага чексиз укук берилбейт да. Мисалы, Россиянын башкы прокурору Устинов дегенди Путин чакырып туруп эле кет дебедиби. Коммерциялык структураларда кетирген кемчиликтери бар экен. Ордуна Чайка дегенди алып келди. Иштеп атат го. Эми ага биздин эркибиз жетеби-жетпейби, кеп ошондо болуп атпайбы.

Жогорку Кеңешке Майлысуу шайлоо округунан шайланып келген Камбараалы Конгантиев баш прокурордукка 17-октябрда сунушталып, 8-ноябрда парламенттин дээрлик толук колдоосуна ээ болгон. Депутат болгонго чейин ал Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынында эксперттик-юридикалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG