Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Америкалык ишкер аял сентябрда турист катары космоско учат


Космоско уча турган биринчи турист аял - теги ирандык АКШ жараны Аньюша Ансари болоору кечээ күнү жарыяланды. Ал 14-сентябрда Казакстандагы Байкоңур космодромунан орусиялык "Союз" ракетасы менен учуп, эл аралык космос станциясына барат. Мурда бул орунга япониялык бизнесмен Дайсукэ Эномото бекитилген, бирок ал акыркы медициналык текшерүүлөрдөн өтө албай калды. Космос станциясында он күн болгону үчүн турист-космонавт Орусияга 20 миллион доллар төлөйт.

Нарын Айып, Прага

XS
SM
MD
LG