Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Президент Курманбек Бакиев эл ишенимин актадыбы?


Кыргызстанда ыңкылап болуп, бийлик алмашканына бир жарым жылдай убакыт болду. Айрым серепчилер 2005-жылдагы март ыңкылабын өлкөнүн соңку тарыхында эгемендүүлүк күнүнөн кийинки эле зор окуя катары баалашууда. Эгемендүүлүк күнүнүн астында өлкө коомчулугунда жаңы бийликтин иш аракети, элдин ишенимин актаган-актабаганы, президент Курманбек Бакиев шайлоо алдындагы убадаларын канчалык аткарганы көбүрөөк талдана баштады.

Коомчулукта жаңы бийликтин, асыресе президент Курманбек Бакиевдин ишмердиги тууралуу пикирлер ар кыл. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар Курманбек Бакиев шайлоо алдындагы убадаларынын көбүн аткарбай жатат, конституциялык реформаны кечеңдетүүдө деп сындап келишүүдө. Ошол эле учурда коррупция мурдагы бийликтин учурундагыдан да гүлдөп өсүп кетти деген пикирлер да аз эмес. Маселен бейөкмөт уюмудар ассоцациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева жаңы бийликтин ишинде жылыш байкалбай жатканын белгилейт:

- Экономика тармагында коюлган милдеттердин көбү аткарыла элек. Өзбек качкындарына байланыштуу эл аралык саясатта да абройубуз түштү. Коррупция менен күрөшүп жатабыз дейт, бирок бир коррупционер кармалганын көрө элекпиз.

Кандай гана бийлик болбосун эл турмушун оңдоого шарт түзүүсү зарылдыгын белгилеген белгилүү ишке Өмүрбек Абдрахманов да коррупция кайра күчөп жатат деген пикирлерге кошулат:

- Эми бийликти эле карап, андан баарын күтүп отурганыбыз туура эмес. Бирок бийлик эл турмушунун оңолушуна шарт түзүшү керек. Ошондой шартты азыркы бийлик түзө албай жатат. Экономикалык, саясий шарттары элдин үмүтүн актабай жатат. Мына, конституциялык реформа да созулуп, коррупция, бюрократия азайбай кайра көбөйүп баратат.


Коомчулукта жаңы бийликтин кадр саясатына да ичи чыкпагандар аз эмес. Бейөкмөт уюмдун башчысы Токтайым Үмөталиева укук коргоо тармактарында жана башка мамлекеттик жетекчи кызматтарда бир туугандардын иштеп жатышына макул эмес.

Ошол эле учурда бир жылда эле убадалардын баарын аткарууга мүмкүн эместигин, президент экономика тармагында жакшы жылыштарды жасап баштаганын белгилеген пикирлер да арбын. Белгилүү саясатчы, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комисиясынын баш катчысы Жыпар Жекшеев болсо өлкөдө туруктуулук сакталып, аз-аздан болсо да алга жылуулар байкалып жатканын белгилейт:

- Жаңы бийлик келгенде өлкөдө саясий кырдаал оор эле. Бизде негизгиси бийлик кризиси болгон жок. Тилекке жараша кырсыкка кириптер кылчу тирешүүлөр болгон жок. Агрардык, социалдык тармакта, экономикада аз-аздан жылыштар болгондуктан саясий кырдаал да курчубай, акырындык менен туруктуулук орногону көрүнүп турат. Бул бийлик өндүрүштү, экономикалык жана социалдык маселелерди астыга коюп, өз аракетин жүргүзүүдө.

Эркин уулу Шайырбек, Бишкек

XS
SM
MD
LG