Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

“ФОКС НЬЮС” ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ЖУРНАЛИСТТЕРИ АЛЛАНЫ ТААНЫП, БАРЫМТАДАН АМАН ЧЫГЫШТЫ


Американын “Fox News” телканалынын эки жума мурда Газада уурдалган эки журналистти кечээ жекшемби күнү бошотулду. Стив Сентанни менен Олаф Виггди 14-августа мурда белгисиз “Ыйык жихаддын бригадасы” деген топ уурдап кеткен жана Кошмо Штаттардан мусулман туткундарды абактан бошотууну талап кылган. Журналисттер исламды мажбур кабыл алып, АКШнын тышкы саясатын сындаган билдирүү жасашкандан кийин койо берилген. Акыркы эки жылда палестин согушчандары отузга жакын чет элдикти уурдап, кийин тез эле эсен-соо бошотушкан. Бирок, алардын бири да “Фох Ньюстун” журналисттериндей узак кармалган эмес.

Эки журналист бошотулгандан мурда 27-август күнү таң эртелеп, алардын видеокайрылуусу таратылды. Стив Сентанни видеотасмадан Алла жолуна түшкөнүн тастыкдады:

–Мен америкалыкмын жана Исламды кабыл алгандан кийин Халед деп ысмымды өзгөрттүм. Алла жана менин жол көрсөтүүчүм Мухаммед пайгамбар,- деп, мен Исламга өттүм.

“Фокс Ньюстун” видео-оператору Виг да шеригинин сөзүн кайталады:

-Менин атым Олаф, мен Жаңы Зеландияданмын. Мен Исламды кабыл алгандан кийин, атым Якуб болуп калды.

Эки журналист тең видеокайрылууда Вашингтондун мусулман өлкөлөрүнө болгон саясатын сындашып, АКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы саясатын өзгөртүүгө чакырышты. Сентанни АКШ менен Британиянын лидерлерине кайрылып:

-Президент Буш, сизден өтүнөм, Тони Блэр, сизден суранам! Исламга мамилеңерди өзгөртүп, дүйнөдөгү бардык элдерге тынчтык алып келгиле.

Вигг болсо Батыш жетекчилеринен “Террорчулар менен сүйлөшпөйбүз” деген сөздүн артына жашынганды токтотууну өтүндү.

Сенсеннати бошотулгандан кийин “Фокс Ньюс” менен телефон аркылуу болгон баарлашууда барымтачылар аларды караңгы гаражга башын жер каратып байлап коюшканын, Исламды мажбур кабыл алышканын, мылтык кезеп билдирүүнү окутушканын айтты.

Кийинчерээк өткөн пресс-конференцияда Сентанни мындан ары да журналисттер Жакынкы Чыгышка келе берет го деген ишеничин билдирди. Вигг журналистер келбей калса, палестиналыктарга жаман болот деди:

-Биз кабылган окуя чет элдик журналисттерди коркутуп, бул жерде өтүп жаткан окуяларды чагылдыруусуна жолтоо болбойбу деген ой мени өтө чочулатууда. Журналисттер бул жакка келбей калса, Палестинанын эли, өзгөчө, Газада жашагандар үчүн чоң трагедия болот.

“Фокс Ньюстун” журналисттерин уурдаган “Ыйык жихад бригадасы” тууралуу көп маалымат жок. Бирок, Палестин коопсуздук күчтөрүнүн айрым кызматкерлери автономиянын жетекчилиги биринчи күндөн тарта эле барымтачылардын ким экенин билген дешет. Премьер-министр Ысмайыл Хания да барымтачылар Газадан болушат жана алардын “ал-Каида” же дагы башка чет элдик топтор менен эч кандай байланышы жок деп ырастады.

Соңку күндөрү Палестин бийликтери журналисттер жакын арада бошотула турганын кулак какты кылып жатышкан.

XS
SM
MD
LG