Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

ОРУСИЯНЫН БЕШ ОБЛУСУНАН КУШ ЭТТЕРИН КИРГИЗҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Август айынын аягынан тарта Кыргызстанга Орусиянын беш облусунан куш эттерин алып кирүүгө тыюу салынды. Айыл жана суу чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын билдирүүсү боюнча мындай чечим куш тумоосу коркунучуна байланыштуу кабыл алынган. Бирок ошол эле учурда бул 22-августтагы Орусия бийлиги тарабынан Кыргызстандан мал этин жана мал этинен даярдалган азыктарды киргизүүгө тыюу салган аракетке жооп болду деген пикирлер айтылууда.

Мамлекеттик ветеринария департаментинен алынган маалымат боюнча, куш тумоосунун күчөп жаткандыгына байланыштуу Орусиянын Алтай, Омск, Томск, Новосибирск облустарынан жана Тува Республикасынан куш эттерин алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды.

Ушул себептен өткөн жылы Түркия, Кытай өлкөлөрүнөн куш эттерин алып кирүүгө тыюу салынып, ал эми кээ бир өлкөлөрдөн апкелинген эттер катуу көзөмөлгө алынган.

Мамлекеттик ветеринария департаментинин жугуштуу оорулардын алдын алуу башкармалыгынын жетекчиси Калыс Жумаканов куш тумоосу кайрадан күч алуу коркунучу бар экендигин белгилеп, куш эттерин сатып алууда жана пайдаланууда этияттык зарылдыгын билдирди. Анын айтуусу боюнча күзүндө жылуу жактардан кайткан келгин куштардан да Кыргызстанга куш тумоосунун келүү коркунучу бар:

-Мына күз келип калды. Күзүндө жылуу жактарга кайткан келгин куштар биздин өлкөнүн аймагына токтоп, эс алуусу мүмкүн. Ошондо биздеги көлмөлөрдө жашаган жапайы өрдөк-каздарга, алар аркылуу үй канаттууларына жугуу коркунучу бар. Же конуп, токтобосо деле абада учуп баратып таштаган заңынан деле жугуп калышы мүмкүн. Биз саламаттык сактоо министрлиги жана токой чарбасынын кызматкерлери менен бирге куш тумоосунун алдын алуу үчүн азыртан чараларды көрүп жатабыз. Токой чарбасынын кызматкерлери менен алардын учуп өтүүчү багыттарын аныктап, алар конуучу аймактарды көзөмөлгө алмакчыбыз.

Бирок, ошентсе да айрым бир пикирлер боюнча Орусиядан куш эттерин Кыргызстанга киргизбөөнүн артында Орусия тарапка жооп берүү аракети тургансыйт. 22-августтан тарта орус ветеринарлары өз аймагына Кыргызстандан малдын этин, малдын этинен даярдалган азыктарды жана мал союуда колдонулган жабдыктарды убактылуу өткөрбөө тууралуу чечим кабыл алган.

Бирок мындай пикирлерди айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинен четке кагышты. Аталган министрликтин басма сөз катчысы Кымбатбек Мусаевдин айтуусунда, Орусиянын айрым аймактарынан куш эттерин киргизбөө чарасы жугуштуу оорунун алдын алуу гана аракети болуп саналат:

-Куш тумоосуна байланыштуу Орусиянын кээ бир облустарынан тоок эттеринин кирүүсүнө убактылуу тыюу салынары тууралуу биздин департамент Орусиянын ветеринария кызматына буга чейин эле билдирип келишкен. Бул жерде эч кандай башка принцип жок.

Орусия бийлиги Кыргызстандан мал этин, мал этинен жана сүтүнөн жасалган азыктарды жана мал союуда колдонулган жабдыктардын өз аймагына кирүүсүнө тыюу салуусу акыркы убактарда Кыргызстанда күч алган малдын шарп оорусуна байланыштуу болгон деп маалымдайт мамлекеттик ветеринария кызматы. Аталган департаменттин жетекчисинин орун басары Эсенбай Сеитовдун айтуусунда, учурда шарп оорусунун коркунучу жок. Бул тууралуу маалымат Орусиянын ветеринария кызматына да берилген. Ошондуктан, жакын арада Орусиянын чек арасынан Кыргызстандан келген малдын эти жана сүтүнөн даярдалган азыктар кайрадан өткөрүлө башташы мүмкүн.

-Биз Орусиянын башкы ветеринария кызматына шарп оорусу боюнча коркунуч жок экендигин билдирип, кат жазганбыз. Азырынча жооп келе элек. Бирок оң жооп болот деп күтүп атабыз. Бизден Орусияга тирүү мал өтпөйт, накта эт деле чанда алып өтүлөт. Көбүнчө эттен, сүттөн жасалган азыктар ташылат.

Шарп оорусу алгач май-июнь айларында Ош жана Жалалабат облустарында катталган. Кыргызстандык ветеринарлар оору коңшулаш Өзбекстандын малынан жуккандыгын белгилешкен эле. Эсенбай Сеитовдун берген маалыматы боюнча, шарпка каршы өз учурунда көрүлгөн чаралардын натыйжасында жугуштуу оорунун жалпы республиканын аймагына тарап кетүү коркунучу жоюлду.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG