Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

КОФИ АННАН ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА АТТАНДЫ


Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ливандагы кырдаалды өз көзү менен көрүп, ал жердеги бейкуттукту бекемдөө максатында Бейрутка барды. Ал Ливандын бийликтери менен аларды беймазага салган Израилдин деңиз менен абадагы жол тосуусун, Сирия менен чектеш аймактагы абалды талкуулайт. Ливандан кийин Аннан Израил менен Палестинага, андан соң Сирияга жана ишембиде Иранга барат.

Кофи Аннан эң башкысы Израил менен “Хезболла” ортосунда Улуттар уюмунун арачылыгы менен жетишилген элдешүүнү бекемдөө максатын көздөйт. Баш катчынын Бейруттагы сапары Европа Биримдиги Ливанга жөнөтүлө турган бейпилдик күчтөрүнө канча аскер кошоорун жана аны Франция башкараарын чечкенден көп узабай башталып отурат.

Аннандын визити алдында “Хезболланын” лидери, шейх Хасан Насралла Ливанда эл аралык күчтөрдү жайгаштырууга каршы эмес экенин билдирди.

- Биз Израил менен айрым маселелерди өз ара талкуулай баштадык. Италия бул байланыштарга ортомчулук кылуу ниетин билдирүүдө. Улуттар уюму мен билгенден бул сүйлөшүүлөргө Ливан парламентинин төрагасы Наби Берри ортомчулук кылышын каалайт. Кофи Аннан менен жолугушуп, бардык маселелерди талкуулаганга даярмын, бирок ушу тапта коопсуздук жагдайы баарынан маанилүү болуп турат, - деп белгиледи жекшембиде Ливандын телеканалы көрсөткөн интервьюсунда “Хезболланын” жолбашчысы.

Шейх Насралла Улуттар уюму Израил менен туткундарды алмашуу маселесинде колдоо көрсөтсө жакшы болоор эле деп басым жасады. Израил азырынча хезболлачылар менен түрмөдөгү туткундарды алмашууну сүйлөшпөй турганын кайталап келатат. Ливан өкмөтү Израилдин аба менен деңиздеги блокадасынан катуу зыян тартып жатканын билдирүүдө. Улуттар уюмунун резолюциясы Ливандын порттору менен аэропортун ачып-иштетүүгө үндөгөн. Тель-Авив Ливанда эл аралык күчтөр жайгаштырылып бүтмөйүнчө, Сирия тараптан “Хезболлага” курал-жарак алып өтүүгө жол бербеш үчүн аба менен деңиздеги жол тосууну уланта берээрин айтат. Ага жооп иретинде Сириянын президенти Башар Асад Ливан менен чек араны жаап салаарын эскерткен, андай болгондо Ливан тышкы дүйнөгө чыгарчу жердеги жалгыз багыттан ажырап калмак.

Улуттар уюмунун башкатчысы Жакынкы Чыгыштагы сапары маалында ушундай чиеленген маселелерди чечүүгө аракет кылат. Сүйлөшүүлөр баштаар алдында ал бардык тараптар элдин кызыкчылыгын ойлоп, айрым чегинүүлөргө даяр турушу керек деп эскертти.

Иранга президент Ахмадинежад шайлангандан бери алгачкы ирет бараткан Аннан ал жерде Ливандагы кырдаалдан тышкары Ирандын өзөктүк программасын да талкуулайт. Тегеран азырынча Улуттар уюмунун резолюциясын аткарып, 31-августка дейре уранды байытуу аракетин токтотуу ниетин көрсөтө элек. Дүйшөмбүдө Ирандын президенти Ахмадинежад Тегеран өлкөнүн жалаң турмуштук максатты көздөгөн өзөктүк технология жаатындагы изилдөөлөрүн токтотпойт, аларды уланта беруугө толук укуктуу деп белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG