Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН БАШ КАТЧЫСЫ ЛИВАНГА КЕЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага 28-августта Ливандын борбору Бейрут шаарына Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан келди. Өлкө жетекчилери менен жолукканда ал ок атышууну токтотуу боюнча ООНдун резолюциясын толук аткаруу шарттарын талкуулады.

Кофи Аннан премьер-министр Фуад Синьора, парламент спикери Набих Берри жана өлкөнүн тышкы иштер министри Фаузи Саллух менен жолугуп, 11-августта кабыл алынган резолюциянын шарттарын аткаруу маселелерин талкуулады. "Ок атышууну токтотуп, узакка улана турган тынчтык орнотууга шанс пайда болду. Ошондуктан ал максатта биз биргелешип аракеттениш керекпиз", - деди Аннан 28-августта Бейрутта.

Ливан тараптын айтымында, израилдик блокада дагы эле уланып жаткандыктан өлкөгө сырттан жардам алып келүү кыйын болууда, жөөт аскерлери болсо блокаданы - Ливандын түштүк аймагы эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн толук көзөмөлүнө өтмөйүнчө токтотпой турганын билдирүүдө. Аннандын айтымында, андай блокаданы токтотуу үчүн эң биринчи кезекте "Хизбалла" уюму тарабынан жаңы провокациялар болбош керек, ал үчүн болсо - курал аткезчилигин токтотуу максатында Сирия менен болгон чек-ара жакшы кайтарылыш керек.

Ливандын тышкы иштер министри Фаузи Саллух менен сүйлөшкөндөн кийин Кофи Аннан журналисттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берип жатканда "Хизбалланын" жоокерлерин куралсыздандыруу эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн милдетине кирбейт деп билдирди. Ал бейпилдик күчтөр менен кошо түштүк аймактарга жайгаштырылып жаткан Ливандын өзүнүн өкмөттүк аскерлери дагы андай максат көздөбөгөнүн билдирген.

Бирок "Хизбалла" өзү аскерий түзүлүштөрдү жок кылып, куралдарын алып кетип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Мисал үчүн Израил радиосу 28-августта билдиргенге караганда, басылып алынган Шебаа аймагындагы "Хизбалланын" 14 аскерий түйүнү жок кылынды, курал түндүккө алып кетилди, бункерлер болсо бульдозерлер менен көмүлдү.

Барымтага алынган жөөт аскерлерин бошотуу тууралуу мурда ар башка маалыматтар чыккан. 12-июлда барымтага алынган жана согушка себепкер болгон эки жөөт аскерин Израилдин абактарында отурган ливандыктарга алмаштыруу боюнча Тель-Авив менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген кабарлар да пайда болгон. Кечээ күнү болсо Кофи Аннан Ливан жетекчилери менен жолукканда, туткундагы ал эки аскер "Кызыл чырым" уюмуна өткөрүлүп берилсе жакшы болоор эле деп билдирди. Ал тууралуу Аннан Ливан өкмөтүндө министр болуп иштеген
"Хизбалланын" өкүлү менен жабык жыйын өткөргөндө дагы сүйлөштү.

Ливандан кийин Кофи Аннан Израилге, андан соң Сирияга барат. Ишемби күнү болсо баш катчы Тегеранга барып, Ирандын жетекчилери менен жолугууга тийиш.

XS
SM
MD
LG