Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

АЛЛАНЫН АТЫН ЖАМЫНЫП ТЕРРОРДУККА БАРЫП АТКАН СЛАВЯНДАР


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда кийинки учурда өзүнүн күчүн террорчулук менен сынап аткан славян элинин өкүлдөрү дайын болууда. Кремлдин саясатын жактоочу басылма «Комсомольская правда» мурунуку аптада 4 санына бул теманы чагылткан ири материал жарыялады. Ал, маселен, жакында Карачай-Черкес жумуриятында жок кылынган террорчулар тобунун жарымы орус жана украин улутундагы можахеддер болгон деп жазат. Алардын арасынан тирүү кармалган үчөөнүн үстүнөн азыр тергөө жүрүп атканы айтылган. Анализчилер эмне себептен орустар террорчулук жолуна түшүп атканын талдоого алып ага жооп издеген.

«Комсомольская правда» (16-19 августтар арасында – ММ) жазган туткундардын бири - орус Иван Манарьин, бири – дагстан Анатолий Хопиев жана карачай – Шатеевдер экен. Аларды Карачай жамаатын түзгөн топтон дешет. Алар 2003-жылы августа Краснодардагы жардырууга катышкан. Ал жолу үч киши каза болуп 30дай киши жарадар болгон. 2004-жылы февралда Маскөөдө метронун «Автозаводская» станциясын жардырышкан. Ал жолу, кырктай киши кырылып, 134 киши жарадар болгон. Ошол эле жылы августа дагы бир жолу Маскөөдө метронун «Рижская» станциясын жардырууга катышып андан 10 киши набыт болуп, 51 киши жарадар болгон. 2004 жана 2005-жылдары Воронежде автобуз аялдачу жерлерге бомбаларды коюп, Минералдык сууда жардырууну уюштурушкан. Анын айынан баш аягы жүздөй киши каза болгон.

Ал жерде террорчулук жолуна түшкөн славяндар ичинен Виталий Загорулько, Давид Фотов, Виктор Семченко, Юрий Меновщиков, Николай Кипкеев жана башкалар туурасында кеңири кеп болот.

Можахеттердин акчага сатылбашы далилденет. Анын каршысында федералдык аскерлер акча дегенде эт-бетинен кетери айтылат. Азыр Лефортово түрмөсүндө олтурган можахед айтканга караганда бир жолу ал колго түшүп калган. Орусиялык аскерлер:«беш миң бакс берсең бошотобуз», - деген. Акыры 1500 доллар берип кутулуп кеткен.

«Басаевди жок кылдык – бул абдан жакшы. Бирок көзү тазаланган жол башчынын байрагын көтөрүү азыркы тушта экстремисттик жолго түшкөн жаштардын тилеги болууда. Биз можахед десе эле тоо таянып качып жүргөн кара сакалчандарды издейбиз. Можахеддер азыр биздин арабызда. Маскөөлүк эле бир кенседе галстук тагынып жакасы таза ак көйнөк кийип чыкыйып олтурган - Вася Иванов», - деп жазат Ярослава Танькова.

Кечээ мамлекеттик сыналгы алдыңкы аптада Черкизов базарын 21-агуста жардырган студенттер: Валерий Жуковцев, Илья Тихомиров жана Олег Костырев туурасында жаңы маалымат таркатты. Аны Маскөөлүк милиция башкармасынын жетекчиси Владимир Пронин бышыктады:

«Биздин эсеп боюнча бул топко киргендер (студентер – ММ) Маскөө жана Маскөө алдында, бери дегенде, сегиз жолу жардыруу жасашкан», - деди ал.

Анализчилер болжолунда, студенттердин жети жолу оңой кутулуп кетиши алардын орус улутунан болушунан улам болгон.

XS
SM
MD
LG