Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

29-АВГУСТ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1875-жылдын 29-августтунда падышалык аскерлер Кокон хандыгынын борборун бир ок чыгарбастан ээлеп алышты. 2003-жылдын бу күнү дүйнө кыргыздарынын II Курултайы ишин аяктады.

1875-жылдын 29-августунда падышалык аскерлер Кокон хандыгынын борборун бир ок чыгарбастан ээлеп алышты. Кокон ханы Насреддин бек хандык үчүн күрөшкөн көтөрүлүшчүлөрдүн ишенимин актабастан, Кауфманга утурлай чыгып, орус бийлигинин өкүмүнө баш ийгендигин билдирген.

Кокон хандыгын басып алуу падышалык Россиянын Орто Азия аймагында үстөмдүк орнотуу туурасындагы стратегиялык максатына жооп берген. Генерал Кауфман «биз Кокон хандыгын ээлеген күндө барып, элдик боштондук кыймылга каршы ийгиликтүү аракет көрө алабыз» деген.

Согуш маалында Кыргызстанга жер которгон Бүткүлсоюздук суу менен камсыздоо жана сантехникалык илим коомунун төрагасы, техникалык илимдердин доктору Н. Фальковский 1943-жылдын бу күнү Фрунзе шаарында жаңы элдик курулуш баштала тургандыгын жар салды. Илимпоздун демилгеси менен Первомайский; мурдагы Ворошилов, азыркы Тоголок Молдо; мурдагы Краснооктябрьский, азыркы К. Тыныстанов көчөлөрүнүн аралыгында коомчулуктун катышуусу менен канализация системасы салына баштады.

1954-жылдын бу күндөрү академиктер арасындагы кызуу талкуу туу чокусуна жетти. Б. Юнусалиев, А. Токомбаев жана А. Алтымышбаевдер орус тилинен кыргызчага кабыл алынган сөздөрдү жана терминдердин туура жазылышы туурасында тартышып, алардын макалалары маалымдоо каражаттарында жарыяланып турду. Мындан тышкары, алар биринчи жазгыч-акын Молдо Кылыч жана илимпоз Касым Тыныстановдордун илимий мурастарына кайрылышып, аларды ачыкка чыгаруу маселесин да көтөрүшкөн.

2003-жылдын бу күнү дүйнө кыргыздарынын II Курултайы ишин аяктады. Курултайга 25 өлкөдө жашаган этникалык кыргыз топторунун 150 өкүлү чакырылып, алар бир эле убакта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына дал келген майрамдык салтанатка күбөө болушту.

Бу күнү, 1191-жылы англис королу Ричард I буйругу менен Акра шаарында үч миң мусулман кескилеп өлтүрүлүп, 1698-жылы Петр I сакал коюуга тыюу салып, европалыктарча кийингенге өкүм чыгарып, 1885-жылы немец ойлоптапкычы Готлиб Даймлер дүйнөдөгү биринчи мотоциклди чыгарып, 1918-жылы эсерчи Фанни Каплан В. И. Ленинге кол салып, 1938-жылы СССРде сырттан окуу системасы киргизилип, 1632-жылы англис философу, эмпирикалык аңдоо теориясынын автору Джон Локк, 1918-жылы советтик тарыхчы Михаил Покровский, 1958-жылы поп-жылдыз Майкл Джексон жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG