Жаш өнөрпоздорду тандоодогу талаптар туурасында иш-чаранын уюштуруучусу Абдыш Айылчиев буларды билдирди.
-Тандоо турунда биз эң негизгиси ырдын жакшынакай так ырдалышына, обондун созулушуна, ыргакка түшүшүнө жалпылап айтканда баардык параметрлерин карап чыгабыз.
Кошумчалай кетүүчү нерсе бул кароого сахнага чыгып, чыгармачылык менен аралашып, аз да болсо професионалдык деңгээлге жакындап калган жаш эстрада ырчылары катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Түштүк аймактары боюнча, тактап айтканда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чыккан жаш таланттарды тандоо 5-сентябрда Ош облусунда Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында өткөрүлөт. Негизинен фестивалга Кыргызстандын баардык аймактарынан биригип 12 өнөрпоз тандалып алынат. Алар 15-16-сентябрда Токтогул шаарчасында өтө турган кароодо күч сынашат. Эки күнгө созулган бул фестивалдын алкагында сынактын катышуучулары Токтогул өрөөнүнүнөн чыккан талантуу чыгармачыл адамдардын музейлерин кыдырышат.
Ал эми фестивалдын экинчи күнүндө катышуучулар өнөрлөрүн көрсөтүшөт. “Сынакта калыстар тобунун курамын жалаң професионал ырчылар түзмөкчү. Ошондой эле Казакстанда өтүүчү “Азия Даусы” эл аралык фестивалынын музыкалык редакциясынын да адамдар келишмекчи. Ошондой эле калыстар тобунун курамында белгилүү аранжировшик Эрик Кадырбаев да бар.
-Чет мамлекеттердеги фестивалдарга барган кыргыз ырчылары ырларынын аранжировкасын сөссүз Эрик Кадырбаевге жасатышат. Андыктан мындай белгилүү професионал адамдардын көз кырында өткөн фестиваль жогорку деңгээлде болот- деп ишенем деп кошумчалады сынактын уюштуруучусу Абдыш Айылчиев.
Фестивалдын сыйлыктары жөнүндө айта турган болсок, баш байгеге автомашина коюлат. Биринчи орунду алган өнөрпозго үн жазуучу студия белекке берилет. Ал студия жеңүүчүлөрдүн Бишкек шаарында жыйынтыктала турган концертинде тапшырылмакчы.
-Токтогулда өткөн фестивалдан соң, жеңүүчүлөр менен Жалал-Абад, Ош, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Кара-Балта, Кара-Кол, Балыкчы шаарларында концерт коебуз. Ар бир концерттин соңунда көрүүчүлөр жактырган ырчысына добуштарын беришет. Аягында Бишкекте өтүп, ал жерден да берилген добуштардын негизинде элден көп добуш алган конкурсантка ошол үн жазуучу студияны ыйгарабыз.
Бул фестиваль Маданият министрлиги бекиткен 100 маданий долбоордун алкагында өткөрүлүүдө. Ал эми уюштуруучулардын айтымында иш-чара ушуну менен эле токтоп калбастан, өз ишин андан-ары улантат.
Айжан Шаботоева, Бишкек