Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

«КАРДАР» ЖОК КАРА-БАЛТАДА… АЛАТООНУН АРАКЕЧ КЫЗДАРЫ

Мамлекеттик Кара-Балта тоо-кен комбинатынын пакеттик акциялары алигиче сатылбай жатканын, сатыкка аталган комбинаттын 72,28 пайыз акциясы коюлуп,баштапкы баасы 155,4246 млн сомго бааланганын, бирок сатып алууну каалаган капчыктуулар дагы эле чыкпай жатканын жазды 29-августта жарык көргөн «Жаңы кылым» гезити.

Ушул эле гезит эки күндөн кийин белгилене турган эгемендүүлүк майрамынын шаан-шөкөтү каерде өтөрүнөн, ага кимдер катышарынан кабар берген.

Маселен, 31-августта Бишкектин Аккула ат майданында президент кубогу үчүн эларалык көкбөрү мелдешинин финалдык беттешүүсү болот. Мелдеш башталганга чейин көрүүчүлөргө театр артисттеринин айтылуу кара сөз чебери Ашым Жакыпбековдун «Шаа Ата» уламышын өзөк кылып жазылган оюну көрсөтүлөт. Мында эл биримдиги, жер бүтүндүгү деген кандай экендигин, бир кезде эл Күнгөй-Тескей болуп экиге бөлүнгөндөн улам душман кантип кырганын, ошондо кыргыздын акыркы тукумун БӨРҮ ЭНЕ кантип сактап калганын, «бөрү баласы ит болбойт» деген сөз мааниси «кыргыз баласы кул болбойт» деген түшүнүк экени зор чеберчилик менен туртууланат.

Мындан бир аз күн мурда массалык маалымат каражаттарынын дээрлик бардыгы газ кымбаттайт, эми анын миң кубометри азыркы 55 доллардан 100 долларга дейре көтөрүлмөй болуптур деген маалымат таратып жиберишкен эле. «МСН» гезити ошол маалыматты бүгүн төгүнгө чыгарган кабарын жарыялады.Гезит «Кыргызгаз» акционердик коомунун төрага орунбасары Саламат Айтикеевдин айткандарын келтирет, анын айтымында газга тарифтин өсүшү мүмкүн, бирок миң кубометри 100 долларга жетет деген куру сөз, анын үстүнө өзбек тарап да кыргыз тараптан мындай сумма сураган эмес.

«Слово Кыргызстана» гезити көп бетинин бир бетин Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин ырбап олтуруп, эми «жарага» айланып бүтпөй келаткан ректор талаш чатагына арнаса жана бир бетин өлкөнүн баш прокурору К.Конгантиев мырза менен анын иштен бошоп же кызмат даражасы төмөндөп калган прокурорлору менен болуп аткан «ызы-чуусуна» арнады.

Бүгүн жарык көргөн «Кыргыз туусу» өлкө президенти Курманбек Бакиевдин буйругу менен бир катар өнөр адамдарына мамлекеттик сыйлыктар берилгендигин, алардын арасынан «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамы Кыргыз улуттук драма театрынын деректири Кыргызбай Осмоновго, Ош мамлекеттик университетинин 1-проректору, белгилүү обончу жана ырчы Ибрагим Жунусовго, «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» деген ардак наам жазуучу Кадыркул Өмүркуловго ыйгарылгандыгын сүйүнчүлөдү.

Ушул эле гезитте кейиштүү бир макала «Күзгү» деп аталат. Гезит маалыматына таянсак ушул жылдын 1-январына карата республикада ырасмий түрдө 27миң 982 аракеч, мындан тышкары 7миң 290 наркоман менен таксикомандар каттоодо турат. Республикалык наркология борборунун кызматкери Жылдыз Бакированын маалыматы боюнча каттоодо тургандардын 20 пайызын жалаң аялдар түзөт.

Мындан 4-5 жыл мурдагыга салыштырганда аракеч аялдардын саны 10 пайызга көбөйгөн. Көбөйүп эле тим болбостон ичкиликке оогондор акыркы кездери «жашара» баштаган, маселен аракечтердин орточо жашы 18-20 жаштагы кыргыздын он гүлүнүн бир гүлү ачылалек кыз-келиндери…

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG