Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

ПРОКУРАТУРА РЕФОРМАСЫ: МИҢ-МИҢДЕГЕН АРЫЗДАР БОЛОТ


Прокуратура системасында 720 оперативдүү кызматкер иштейт. Мыйзам сактоо органдарын реформалоо бул жерде атайын прокуратураны жоюп, анын милдетин райондук прокурорго өткөрүү менен башталды.

Кыргызстандын Башкы прокурору Камбаралы Конгантиев Бишкектеги жайлуу кызматын таштап жер-жерлерге барып иштөөнү каалабай, эмгек укугун сот аркылуу коргоп жаткан төрт прокурордон башкасынын баары азыркы президент К. Бакиевдин саясатын колдойт деп айтты. Ал эми алыскы жерге барып иштөөнү каалабаган кызматкерлерди ал ишинен бошоторун билдирди.

- Мен деген буларды бошотушум керек. Биз деген жарандык мекеме эмеспиз. Билесиз, илгери өкмөт менен партия кайда жумшаса ошол жакка барып иштечүбүз. Азыр президент каякка жумшаса ошол жакка барып иштешибиз керек.

Башкы прокурордун алдагыдай көрсөтмөсүн аткаргысы, облус-райондорго барып иштегиси келбей жаткан атайын прокуратуранын мурдагы кызматкерлери Фатима Иманалиева, Аскар Ысламов, Абай Аппаков мындан бираз мурда маалымат жыйынын чакырып, иштин чоо-жайын түшүндүрүшкөн. Абай Аппаковдун ырасташынча, 31-колониядагы кандуу окуя жаза өтөө жайларын тейлеген атайын прокуратураны жоюп салууга шылтоо болду.

- Менин оюмча, муну 31-колонияга байланыштырып, атайын прокуратура өзүн актаган жок деген негиз менен буларды жоюп салышты,- дейт А.Аппаков.

Камбаралы Конгантиев экология, жаза өтөө, транспорт, бажы тармагын тескеген атайын прокуратура системасы чынында да өзүн-өзү актай алган жок деген пикирде.

- Экология менен табиятты коргоо, жаза өтөө жайлары, транспорт, бажыга тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча түштүк аймагында прокурордун төрт жардамчысы гана иштечү. Булар Баткен, Ош, Жалалабат облустарында мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөчү. Эми ойлоп көргүлө, төрт прокурордун мыйзам аткарылышын так көзөмөлдөөгө буямасы келеби?

Ансыз да катары суйдаң атайын прокуратураны жоюп, ал аткарчу иштер эми райондук прокурорлорго жүктөлдү, деп маалымдады К.Конгантиев. Анын ырасташынча, кандуу калабага алып келген 31-колониядагы абал, ошондой эле жаңгак токойлорун аеосуз кыйып жок кылуу жоопкерчилигин атайын прокуратура да тартышы керек.

Реформа кызыкчылыгына туш келип жоюлуп кеткен атайын прокуратуранын үч-төрт кызматкери райондук сот аркылуу эмгек укугун калыбына келтирип, бирок да эмдигиче сот чечими аткарылышына ишенбей жүрүшкөн чагы.

- Ал эми биздин жазган арыздар жетпейт. Мына биз өзүбүз элдин арызын текшерип жүрүп билебиз, ал кайсы жерге келип, кайсы кычыкка келип токтоп каларын билебиз. Арыздар жетпейт,- дейт Аскар Ысламов.

29-августтагы маалымат жыйынында Кыргызстандын Башкы прокурору Камбаралы Конгантиев Өзбекстандан баш калкалап Кыргызстанга качып келген 4 качкын сот чечиминин негизинде кайтарылып берилгенин ырастады.

К.Конгантиев кылмыш ишке шектүү деп кармалган адамдын арызын текшерүү боюнча президенттик акимчиликтин жетекчисинин буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, ошол эле учурда жүздөгөн арыздар жоопсуз калганына таң калганын жашырган жок.

- Президенттин администрация жетекчиси буйрук чыгарып комиссия түзүп жатат. А Кыргызстандын ичинде ушундай миң-миңдеген арыздар болот, кайрылуулар болот. Эмне үчүн ошолордун бирөөсүнө да ушундай комиссия түзүлүп текшерилбей жатат. Мен ушуга таң калып жатам,- дейт Камбаралы Конгантиев.

XS
SM
MD
LG