Израилге келердин алдында Кофи Аннан түштүк Ливанда – Улуттар Уюмунун убактылуу күчтөрү жайгашкан жерде болуп, бейпилдик контингентинин колбашчысы, француз генералы Ален Пелегрини менен жолугушту. Алдыдагы күндөрдө бул жерге Италиядан 3 миң, Франциядан 2 миң аскер келет. Бейпилдик күчтөрүнүн штаб-квартирасында болгон кезде Аннан Ливан бийликтерин израилдик аскер туткундарын “Хезболладан” колдон келишинче эртерээк бошотуп алганга чакырды. Ушундай шартта ага Израил өкмөтү менен сүйлөшкөнгө жеңил болорун белгиледи.
Андан бир күн мурда Аннан Ливанга Улуттар Уюмунун он беш миң аскерден турган бейпилдик контингентин жайгаштыруу маселесин Бейрутта талкуулаган эле. Контингенттин жети миңин Евросоюз бермек болду, бирок “Хезболланы” күчкө салып куралсыздандыруу тууралуу Израилдин талабына европалыктар даяр эместигин ырасташты.
Бейруттагы маалымат жыйынында Аннан соңку алты апталык урушта не Израил, не “Хезболла” жеңбегенин белгиледи. Дегеле урушта уткан тарап болбойт, деп айтты баш катчы. Бирок акыркы окуялар дүйнөнү ойготууга тийиш. Милдет - Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин жандантып, соңку алты аптанын аралыгында болгон иштер алты айдан же алты жылдан кийин кайра тутанбай тургандай абалга жетишүүдө турат.
Израилден жана Палестинадан соң Аннан Сирияга жана Иранга барат. Эки өлкө тең Хезболла тобунун колдоочуларына кирет.
Ал эми Израилде баш катчы келер алдында премьер-министр Эхуд Олмерт Ливандагы согушка байланыштуу эки комиссия түзүүгө көрсөтмө берди. Алардын бири уруштун саясий, экинчиси - аскери өңүтүн иликтеп чыгат. Согуш операцияларын өткөрүү учурунда каталыктар кетирилгенин,Израил көздөгөн бардык максатына жете албаганын Олмерт моюнга алды. Ливандагы алты апталык аскери өнөктүк Израилде коомчулук арасында кеңири сынга алынган болчу.