Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

БЕСЛАН ЧОҢ КАЙГЫСЫ БОЮНЧА БАШКАЧА ЖЫЙЫНТЫК АЙТЫЛУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бесланда трагедия болгонго эки жыл айланып калганда 28-августта «Новая газета» парламенттик комиссиянын мүчөсү Юрий Савельевдин өзгөчө пикирин жарыялады. Депутаттын пикири боюнча террордук актынын башталышына мектептин маңдайындагы имарат үстүнөн от ыргытчу жана граната ыргытчу куралдардан федералдык күчтүн аткылап кириши себепкер болгон. Эксперттер чыгарган бүтүмдө Савельевдин пикири расмий изилдөөдө көргөзүлгөн жыйынтыктан айырмаланып турат. Жогорку палата түзгөн коммисия буга дейре Бесланда барымтага алынган балдар менен чоңдорду бошотууда оперативдик штаб менен атайын кызматтагылар аракети дегинкиси туура болгон деген жыйынтык чыгарган.

Бесландык журналист Мурат Кобоев: «барымтадагылар кыйласынын канын төгүүгө федералдык күчтөр айыптуу экенин биз мурда эле билчүбүз. Бирок андай пикирди башкы прокурор бизге ататтырбай келе жаткан. Савельевдин иликтөсү бул оюбузду бышыктады», - дейт.

Депутат Юрий Савельевдин ой жыйындысында террорчуларга карай алгач ок чыгаргандар федералдык күч болгон. Ал тургай от жана граната жаадырчу мынтыктар менен аткан октордон ичинде миңден ашуун окуучулар солонгон спорттук залда өрт чыккан. Какаганга муштаган болгон. Анын айынан барымтадагылардын көбүн ис да урган.

«Беслан чындыгы» сайтынын башкы редактору Марина Литвинович ал алааматты башынан өткөргөндөрдүн тилинин учунда турган жангыз суроо бар дейт:

«Ок чыгаргандар ким болгон? Бирок өтө маанилүү суроо – ок атыш үчүн буйрукту ким берген? Ошолорду тактоо керек» - дейт «Азаттыктын» кабарчысына айткан пикиринде.

Орусиялык расмий комиссия мындай жыйынтыкка каршы чыккан. Жогорку Кеңештен Беслан кайгылуу окуясын иликтеш үчүн уюшулган комиссиянын төрагасы Александр Трошин:

«Савельев келтирген мисалдар ишенимсиз. Окуя кантип өнүккөндүгүн толук изилдеп чыкканбыз. Мектептин ичин жардырууну террорчулар баштаганы чын экени бизди күмөн санатпайт», - деген Трошкин.

Мындай ойго 2004-жылы 1-сентябрдеги кан жуткан күнгө дуушар болуп жакындарынан айрылышкан басландыктар макул болушпайт. Анын бири «Бесландык эненлер» уюмунун жетекчиси Элла Кесаева:

«Биз өз көзүбүз менен көрүп башыбыздан өткөндүр жана барымтадан аман чыккандардын айткандарын чогултуп чыгарган болжол аныкына (Савельевдикине – ММ) окшош»,- дейт биздин радио аркылуу айткан пикиринде.

XS
SM
MD
LG