Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН БАШ КАТЧЫСЫ ИЗРАИЛГЕ КЕЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан Ливандын борбору Бейрут шаарына баргандан кийин кечээ күнү Израилге келип, жөөт жетекчилери менен жолукту. Аннандын айтымында, барымтага алынган жөөт аскерлери бошотулууга тийиш жана аны менен катар Израилдин абактарында отурган "Хeзболланын" жоокерлерин бошотуу маселеси дагы каралыш керек.

29-августта Бейрут шаарында Кофи Аннан Ливандын жетекчилери менен жолуккандан кийин, "Хeзболла" уюмунун өкүлү, Ливандын суу энергетика министри Мухаммед Фнейш менен кездешип, июлдун башында барымтага алынган эки жөөт аскерин "Кызыл чырым" уюмуна өткөрүп берүүнү суранды. Андан соң Аннан Бейрут шаарында - Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин былтыр өлтүрүлгөнүн иликтеп жаткан эл аралык комиссиянын жетекчиси Серж Браммерц менен жолукту. Ал террор аракетин даярдоого кошуна Сириянын коопсуздук кызматы катышкан деген маалыматтар бар, Аннан болсо Израилден кийин Сирияга барып, өлкө президенти Башар Ассад менен жолугууга тийиш.

Ошол эле күнү Кофи Аннан тик учма менен Ливандын түштүк аймактарына барып, өлкөдөгү эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн башчысы, франциялык генерал Ален Пелегрини менен жолукту. Бул күчтөр Ливанда 1978-жылдан бери аракеттенет жана 28 жыл ичинде 300 аскер курман болгон, алардын бешөө - акыркы согуш учурунда израилдик бомбалоодон өлгөн. Түштүк Ливанды кыдыргандан кийин Аннан Йерусалим шаарына келди.

Алгач Кофи Аннан барымтага алынган эки жөөт аскеринин туугандары жана Израилдин коргоо министри Амир Перец менен жолугуп, туткундагыларды бошотуу жана Ливандын блокадасын токтотуу маселесин талкуулады. "Туткундагы аскерлерди бошотуу маселеси ылдам чечилүүгө тийиш. Жана Израилдин абактарында отурган 'Хезболланын' жоокерлерин эркиндикке чыгаруу маселеси дагы каралыш керек. Андан тышкары Ливан деңизден да, абадан да, жерден дагы курчалып, блокадага алынганын токтотуш керек, бул Ливандын мамлекеттүүлүгүн кордогондук", - деп Аннан жөөт жетекчилигин сынга алды. Анын айтымында, ок атышуу токтогондон кийин ал келишимдин шарттарын Израил бир нече жолу бузду.

30-августта Кофи Аннан Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт жана тышкы иштер министри Ципи Ливни менен дагы жолугуп, жөөт аскерлерин Ливандын түштүк аймактарынан толук чыгарып, ал жерлерге эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу маселесин талкуулайт

Согушка чейин эле Ливандын түштүгүндө 1900 эл аралык аскер бар болчу, алардын көпчүлүгү Франциядан келген. Келишим түзүлгөндөн кийин алты жүзгө жакын жаңы аскер келди, алардын да көпчүлүгү Франциядан. Париж ага кошумча дагы бир жарым миңге жакын аскер бөлүп берет. Италия үч миңге жакын аскер жиберүүгө убада кылды, Испания - 1200 аскер кошот. Европа Биримдигине кирген мамлекеттерден тогуз миңге жакын аскер келет, бардыгы болуп болсо ноябрга чейин эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн саны 15 миңге жеткирилүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG