15 жыл эгемендик тушунда Кыргызстан саясий жагынан алганда оголе көп нерселерге жетишкендиги жазуучу Казат Акматовдун «Энесай» гезитинде жарыяланган маегинде баяндалган. Мурдагы президент саясатка көбүрөөк көңүл бурчу, азыркы бийлик экономикалык маселелерди алдыга жылдырууда. Кыргызстан үчүн башкаруунун аралаш системасы ыңгайлуу, президент менен Жогорку Кеңештин бийлигин теңдеп, парламент мамлекет башчысына импичмент жарыялоосуна, президент болсо үч ирет сунуш кылган премьер-министрди өткөрбөй койсо аны таркатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек, дейт К.Акматов.
«Энесай» гезити кен чалгындоочулар запасы 300 тоннадан ашуун алтын кенин табышканын кабарлады. «Бул кенди чалгындоо компаниясы «Ийгилик» деп атады. Ошондой эле республикабыздын аймагында жаңы кендерди табуу иштери жүрүүдө», деп жазды аталган басылма 30-августтагы санында.
Кыргызстан кедей өлкөлөрдүн карызын кечип салчу HIPC программасына кирсе алтын, көмүр, энергетика байлыгынан ажырайт, деп жазат ушул эле гезитте Эмилбек Момунов. Эларалык валюта корунун ушу тапта иш сапары менен жүргөн миссиясы кыргыз өкмөтүнө программага кирүүнү сунуштап, катуу кысым көрсөтүүдө. «Чет элдик капиталисттерди Кыргызстандын келечеги эмес, табигый кенбайлыктары кызыктырып жаткандыгы түшүнүктүү», дейт макала автору.
Эркиндик заманында он беш жылдан бери жашап келатабыз. Бирок да экономикалык эркиндикке дагы бир жүз жыл жете албай калдык окшойт, деп жазды «Белый пароход» гезити. Тышкы карыздардын кыйласынан кутулуу мүмкүнчүлүгүн берген HIPC программасына кирүү боюнча өкмөт менен эларалык валюта корунун ортосундагы сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады, деп жазат Е.Авдеева ушул эле гезитте.
Адистердин болжолунда эгер өкмөт эмитен аракет кыла баштабаса 2011-жылдан тартып тоокен өнөр жай тармагы толук токтошу ыктымал. Андай болгондо 3000 ашуун адистер жумушсуз, 5000 жакын адамдар кирешесинен ажырап, бюджеттин киреше бөлүгү 38 миллион долларга азаят, деп маалымдайт «Белый пароход» гезити.
Баткен облусундагы Жаңыжер, Виноград айылдарынын ак жоолукчандары айылга келчү суу каналды оңдоп, сугат маселесин кантип оңуна чечишкени «МСН» гезитиндеги Татьяна Орлованын «Аялдар зор күч жана Баткендин өрүгү» деген макаласында баяндалган.
Жалалабаттагы убактылуу камак жайында кылмышка шектүү делген адамдарды уруп-согуу көнүмүш адатка айланып, тергөө амалдары мыйзам бузуулар менен өтөрүн «МК Кыргызстан» гезитинде Елена Агеева жазды. Милиция кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгы тууралуу көп айтылат, бирок акчанын аздыгы формачандардын камакта отургандардын адамдык укугун кордошуна жол бербейт, дейт макала автору.
«Эркиндик» кулакка жагымдуу сөз. Мурда биз Москвадагы Кремль кутумчуларынын бийлик талашуусу, беш жылдык план, колбаса үчүн узункулач кезекте турууга мажбур болсок, эми болсо эларалык валюта кору, Париж клубуна, коррупцияланган чиновниктерге, мунай баасынын дүйнөдө уламдан-улам көтөрүлүп атышына көз карандыбыз, деп жазат «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында Дмитрий Орлов.
Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын 20% чет жерде жүрөт. Ошондон «өз алдынчалык» деген сөз көпчүлүктүн көңүлүн ийитип ийбейт. Убакыт өткөн соң, муун алмашкандан кийин гана өз алдынчалыктын өзгөчө маани-мазмунун түшүнөт болушубуз керек, дейт макала автору. Кандай болгон күндө да 15 жыл ичинде жаман иштерге караганда жакшы нерселер көп болду. Өсүп-өнүгүүнүн кыйынчылыгы убактылуу, деп жазат саясат таануучу Зайнидин Курманов.
Бийлик даамын татып калган либералдарды курсант кылчу жагдай мурдагы президент А.Акаевдин жооштугу болчу, деп жазат Д.Орлов. Баарына макул президент тушунда бажы аркылуу жүктүү пилди жетелеп өтсө деле эч ким унчуга алчу эмес. Азыркы бийликтин деле мурдагысынан ашып кеткен жери жок. Ошондон кандай да болсо бийликке жетсем деп умтулгандардын катары азайгандын ордуна арбып баратат, деп белгилейт «Либералдардын жыргалы менен кууралы» аттуу макаланын автору.