Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

ПАКИСТАНДА БАЛУЧИ УРУУСУ КӨТӨРҮЛДҮ


Пакистандын түштүк-батыш тарабындагы Балучистан провинциясында коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуусу уланууда. Чатак – өткөн ишембиде жергиликтүү балуч уруусунун башчысы өлгөндөн кийин тутанган. 79 жаштагы мурдагы провинция башчысы Наваб Бугти тоо арасында жашырынып жүргөн жеринен жардыруудан каза тапкан.

Шейшембиде Кетта шаарынын көчөлөрүндө албууттанган элди полиция көздөн жаш агызган газ чачып, күчкө салып таркатып жатты. Бул күнү козголоңчулар бир полициячыны атып өлтүрүп, Бугтини акыркы сапарга узатуу каадасы үзгүлтүккө учурады. Балучистан провинциясынын дээрлик бардык шаарларында өткөн ишембиде уруу башчысы Наваб Бугти өлгөндөн бери ушундай окуялар орун алып келатат. Коогалуу аймакка айланган провинция Ооганстан жана Иран менен чектешет.

Маркум Бугти Пакистандын бийликтеринен балуч уруусу байырлаган өлкөнүн эң кедей провинциясына автономия берүүнү талап кылып келаткан. Ал ошондой эле Балучистанда казылып алынган жаратылыш газынан түшкөн кирешенин ири бөлүгүн жергиликтүү элге жумшаш керек деген маселе койгон. Карапайым калк арасында кадыр-барктуу лидердин өлүмүнөн улам жергиликтүү элдин катуу нааразычылыгына туш болгон Пакистан бийликтери бул иш атайын пландаштырылган эмес деп актанууда. Өлкөнүн маалымат министри Тарик Азим Хан окуяны төмөнкүдөй сүрөттөдү.

-Наваб Бугтини жок кылуу оюбузда жок болчу. Окуя - өкмөттүн иш-аракетине эч тиешеси жок жерден келип чыкты. Жерге коюлган минанын жарылуусунан улам ал жашырынган үңкүр кулап түшкөн. Өкмөттүн аны өлтүрүү ниети болгон эмес, - деп актанды маалымат министри.

Ал анткен менен, Балучистанда министрдин сөзүнө ишенгендер аз. Пакистандын маалымат каражаттарында аскерлердин балуч уруусунун козголоңчуларына каршы операциясы кеңири чагылдырылып, атүгүл айрым гезиттер президент Первез Мушарраф – Бугтинин өлүмүн чоң жеңиш катары баалаганын жазып жиберишкен.

Байкоочулар кандай болгон күндө да, Бугтинин өлүмү Балучистандык улутчулдардын өкмөткө каршы козголоңун күчөтөөрү бышык дешет. Пакистандын чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал Хамид Гүл жергиликтүү лидердин өлүмү мурда өз ара бытыранды балучилик топтоду бириктиргенин айтат.

- Менин пикиримде, Бугти азыр балучи уруусунун көтөрүлүшүнүн символуна айланды. Болгондо да бул окуя ал жердеги жаштарды бириктирип, көчөгө түртүп чыгарды.

Пакистандык оппозиция лидерлеринин бири Амин Фахим генералдын айткандарына кошулат.

- Биз Пакистанды аскербашчылардын бийлигинен бошотуш үчүн дагы көтөрүлөбүз. Аскер адамдары элди башкарууга укугу жок. Генералдар өзүлөрүн токтотуп, конституцияга баш ийиши керек.

Ал тапта президент Мушарраф Балучистандагы куралдуу козголоңду күч менен басууга сөз берди. Жекшембиде өкмөт жыйынын өткөрүп, ал коогалуу провинцияда бийликти бекемдөө зарыл, бирок сүйлөшүүлөр үчүн эшик ачык деп белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG