Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

ЖООКЕСЕПТИН ЖОЛОЮНА ТҮШКӨНДӨР СОТ СУРАГЫНДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ушул жылы 12-майда Кадамжай районунда болуп өткөн террористтик аракеттерге тиешеси бар деп айыпталып жаткан алты адамдын үстүнөн башталган сот жараяны Ош шаардык сотунда жүрүүдө. Мамлекеттик айыптоочу аларды Өзбекстан Ислам кыймылы менен түздөн-түз жана кыйыр түрдө байланышы болгон деген айыптоону угузду. Ал эми жактоочулар болсо, алардын айрымдары согушчандар тарабынан барымтага алынып, алар менен бирге болууга аргасыз болуп калган деген далилдерди келтиришүүдө.

Сот жараянынын башында Баткен облусунун прокурору Рыскулбек Бактыбаев айыпталып жаткан алты адамдын 12-май күнкү окуяга тиешеси боюнча жалпы маалымат берип, алардын аракетиндеги кылмыштын мүнөзүнө токтолду. Мамлекеттик айыптоочу катары Бактыбаев мырза 12-май күнү колго түшүрүлгөн Муралим Рахманов согушчандар уурдаган автоунаанын айдоочусу болгондугу, Нурулла Кужаев менен Мадаминали Шадиев Кызылкыя шаарында туруп Тажикстан тараптан келе жаткан куралчан топту тосуп алып жана бекитүүгө даярданышкандыгы, Талант жана Махамаднур Жороевдер аталган кылмыштуу топко мүчө болуп, аларга сырттан жардам бергендиги тергөөдө далилденгендигин билдирди.

Мындан сырткары 1985-жылы туулган Дилноза Нышанбаевага экстремисттик уюмга жаңы мүчөлөрдү тартууга аракеттенген деген айып тагылууда:

- Негизинен булар террористтик уюмдун, Түркстан, Өзбекстан Ислам кыймылдарынын мүчөлөрү. Булардын максаты азыркы демократиялык, конституциялык түзүлүштү жок кылуу. Фергана өрөөнүндө, жалпы эле Орто Азия мамлекеттеринде халифат орносун дешет,- деди Баткен облусунун прокурору, аталган иш боюнча мамлекеттик айыптоочу Рыскулбек Бактыбаев.

12-майдагы кандуу окуя боюнча шектелген 6 адамга Кылмыш-Жаза кодексинин 17 беренеси боюнча кылмыштуу топту уюштурган, мамлекеттик чегараны бузган, курал-жарактарды тартып алган, чегара жана бажы тосотторуна кол салган, адам өлтүргөн деген айыптоолор тагылууда.

Айыпталуучулардын жактоочусу Зинакан Жумабаева өзү соттук коргоого алган адамдардын 12-май күнкү окуяга түздөн-түз тиешеси жоктугун айтуу менен, алардын айрымдарын куралданган кылмыштуу топ тирүүлөй калкан катары пайдаланууга аракеттенген деген божомолун билдирди:

- Муралимди айтсам, 12-май күнү үйүнө бей тааныш балдар балон сурап келет. Эшике чыгып балонду алып берем дегенде, бул баланы барымтага алып кеткен, ошентип аларга кошулуп калган. Ал эми Жороев Таланттын квартирасын алар алган экен. Алар террорист экенин ал билбеген.

Аталган кылмыш иши боюнча Кадамжай райондук сотунун көчмө жыйын Ош шаардык сотунда уюштурулуп, имараттын айланасы милициянын атайын даярдыктан өткөн отряды тарабынан куралдуу кайтарууга алынып турду.

XS
SM
MD
LG