Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

“ХИЗБУТЧУЛАР” КЫРГЫЗСТАН ЭГЕМЕНДИКТЕ ЭМЕС, КУЛЧУЛУКТА ДЕП БИЛИШЕТ


29-30-август күндөрү “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын бир катар аймактарында атайын баракчаларды таркатууга жетишти. Ошол эле баракчаларды интернет аркылуу да жайылтышты. Анда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн –кулчулук катары мүнөздөп, чыныгы эгемендүүлүк Халифат курулганда гана жаралат деген пикирлерин билдиришкен. Тартип коргоо кызматкерлери тарабынан аларга каршы иш-аракеттер да күчөтүлүүдө.

Ички иштер министрлигинен алынган маалымат боюнча, Бишкек шаарынан ар түрдүү убакытта, ар түрдүү жагдайда баракча таркатып жүргөн 4 адам кармалган. Биринчисинен 146 баракча, 3 диск, экинчисинен 23 баракча, дагы бирөөнөн 40 баракча, дагы бирөөнөн 32 баракча табылган.

“Дордой” базары курамына кирген шаардын Свердлов району - “хизбутчулардын” көп жүрчү жайы катары эсептелет. Аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн начальник орунбасары Октябрь Урманбетов да кырдаалдын курч бойдон тургандыгын белгиледи:

-Эгемендүүлүк майрамынын алдында халифатты жактаган баракчалар биздин райондун аймагында дагы таркатылды. 29-августта Муратов Бактыбек Дадамырзаевич деген жаранды кармадык. Биздин райондун аймагында “Дордой” баштаган үч базар жайгашкандыктан Тажикстандан, Өзбекстандан келген соодагерлерге катуу көзөмөл жүргүзүүдөбүз. “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын мүчөсү катары шектелип 110 киши кармалып, убактылуу камалды. Алардын арасынан башка өлкөлөр тарабынан издөөдө жүргөн эки кылмышкер табылды.

“Хизб-ут-Тахрир” партиясынын биз байланышка чыккан мүчөсү Эрлан Бектемиров да Кыргызстандын эгемендүүлүгүн барктабайт:

-Кыргызстан ар бир тармакта кулчулук кылууда. Баарыга белгилүү, ээн-эркин саясатын да алып бара албайт. Белгилүү өлкөлөргө көз каранды. Бюджеттин акчасын дагы сыртта туруп бөлүштүргөн күчтөр бар. Аскерий жактан сөз жок. Каяктагы эгемендүүлүк – эки база турса?

Текстте Кыргызстан дале Орусиянын колониясы деген ой-жорумдарын төмөндөгүчө далилдөөгө аракет кылышкан: “Аялдар Курманжан Датка кийген кийимди кийгенден намыс кылып, арданууда. Себеби, атеист кожоюндары жаман көрөт. 8-март, 1-май жана Жаңы жыл сыяктуу кожоюндарынын майрамдарын миллиондоп акча жумшап белгилешет да, бирок өздөрүнүн чыныгы мыйзамдуу, ыйык айт майрамдарын белгилөөгө батына алышпайт. Кыштак, көчө аттарын, ал тургай өз фамилияларын өзгөртө алышпайт. Бул кандай эгемендүүлүк?”

Тексттин дагы бир жеринде: “Кыргызстан Акаевдин убагында бир гана Орусияга кул, колония болуп келсе, эми Бакиевдин убагында Каримовго да, ал аркылуу жөөт идеологиясына да кул болууга даярданууда” – деп белгиленген. Соңку пикирге Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов төмөндөгүчө баа берди:

-Маселе бул жерде бир гана Каримовдо эмес. Кошуна өлкөдө. Ошо коңшулук ынтымакчылыкка доо кетирүү аракети турат мында. Албетте, биздин Президентибиз Бакиевдин Өзбекстан мамлекети менен, жалпы эле кошуна мамлекеттер менен мамилени бекемдеп атканы бул – пендеге да, Кудайга да жага турган иш. Пайгамбарыбыздын: “Кошунасын кимдир бирөөлөр жабыр тарттырып келсе – ал адам, ал мусулман биздин жамааттан эмес” – деген хадиси бар.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов “хизбутчулардын” 31-август - эгемендүүлүк майрамына карата тескери баасын да сынга алып өттү.

Ырас, эгемендүүлүк майрамынын алдында биринчи жолу минтип баракчалар таркатылып жаткан жери жок. Кыйла жылдардан бери ушундай көрүнүш. Анткен менен быйыл баракчалардын айрыкча көп таркатылышы жана баракчадагы текст абдан кеңири жазылгандыгы менен айырмаланат. Эгемендүүлүк майрамынын астында минтип баракчалардын өтө көп таркатылышын укук коргоо органдарынын начар иштеши катары баалагандар да жок эмес.

XS
SM
MD
LG